00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Выбрать профессию в эпоху перемен: чем привлекают вузы на выставке евразийского образования
08:05
49 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
5 мин
Күн башат
Чыгармачылык билим жана кадр даярдоо: музыкалык-педагогикалык институттун ролу
09:06
51 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Как живут и на что имеют право иностранные мигранты в Кыргызстане
10:04
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Микрокредитти кантип туура колдонуп, карызга батып кетүүнү алдын алса болот?
11:04
28 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Ачык, так жана ыкчам: уруктук чарбаларга дотация берүү механизми
13:05
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
От Рима до Вавилона: почему рабовладение стало основой экономики - беседа о социуме
14:05
48 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
ЕАЭБде халал продукциясын өз ара таануу системасы кандайча иштейт?
15:05
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
От «Газводы» до арт-объекта: как обновляли исторический павильон «Ак-Суу»
16:04
45 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Туяк
Балдарга китеп жазып эле эмес, эмгекчилдиги менен да үлгү болгон Сулайманов
17:05
51 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Об экономике и не только
c Кубатом Рахимовым
18:06
0 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Тема дня
Деньги и наставничество: зачем Кыргызстану закон о венчурных инвестициях
20:07
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
ЕАЭБде халал продукциясын өз ара таануу системасы кандайча иштейт?
21:05
46 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Жазылуу
Глобалдык таасир мындан ары чек аралар жана ресурстар менен аныкталбай турганы белгилүү болду. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев билдирди. Ал Дубайдагы Бүткүл дүйнөлүк өкмөттөр саммитинде "Өнүгүп келе жаткан глобалдык таасир" форумун ачып жатып, мурда глобалдык таасир аймак, калк, ресурстар жана аскердик күч менен аныкталса, бүгүнкү күндө бул факторлор экинчи планга өтүп баратканын айтты."Заманбап дүйнөнү технологиялар, экономикалык тармактар, маалыматтык агымдар жана ой жүгүртүү стандарттары калыптандырууда. Маселе ресурстарга ээлик кылгандарда эмес, аларды пайдалануунун эрежелерин аныктагандар, экосистемаларды түзүп, стандарттарды белгилеп, келечекке стратегиялык көз карашты түзүүдө жатат. ", — деди Касымалиев. Минкаб башчысы Сингапур, Эстония, Дубайды лидер катары мисал келтирип, алар аймак же ресурстар менен эмес, инновация жана стратегиялык башкарууга негизделгенин белгиледи.Касымалиев Google, Open AI, Amazon, Microsoft, Apple, TikTok жана Netflix платформаларын мисал келтирип, булар өз багытына тиешелүү экосистеманы калыптандырып жатканына токтолду. Мындай шартта Кыргызстан гидроэнергетикалык потенциалды жогорулатууга, транзиттик мүмкүнчүлүктөрдү ачууга жана мамлекеттик башкарууну санариптештирүүгө басым жасап жатканын кошумчалады.
Экономика жана коммерция министри ЕАЭБ өлкөлөрүнөн товар ташып келгендерге салыктын 20 пайызын алдын ала төлөтүүнү сунуштоодо. Тиешелүү токтом долбоору коомдук талкууга чыгарылды. Маалыматка ылайык, каражат салык органынын депозиттик эсебине салынат. "Мамлекеттик чек арадан өткөнгө чейин салык органынын депозиттик эсебине акча каражаттарын салуу товарды көмүскө жүгүртүүнү кыскартууга, салыктык түшүүлөрдү көбөйтүүгө, ошондой эле тобокелдик критерийлерге туура келген субъектилерден салык милдеттенмелерин кепилдөөгө мүмкүндүк берет. Бул дайыны жок компанияларга жана банкрот болгон, жоюлган компанияларга документ тариздөөнү жокко чыгарат", — деп жазылган негиздемеде. Ошондой эле мындай чара ЕАЭБдеги өз ара соодада товарлардын жүгүртүлүшүн жакшыраак көзөмөлдөөгө мүмкүндүк бере турганы кошумчаланган.
АКШнын президенти Дональд Трамптын администрациясы европалык союздаштарын Украинага америкалык куралдарды көбүрөөк сатып беришине түрткөн кадамды пландап жатат. Бул туурасында Рейтер агенттиги билдиргенин РИА Новости жазды. Агенттиктин кабарына таянсак, бул кадам Украинанын сүйлөшүү позициясын жакшыртышы мүмкүн. Маалымат булактары аткаминерлер коопсуздук боюнча Мюнхен конференциясы учурунда европалык союздаштарынын курал алып берүүсүн талкуулай турганын айтышкан. Келлог маектешүү учурунда мурдагы президент Жозеф Байдендин убагында Киевге курал берүү жактырылгандыгын жана бүгүнкү күндө да жеткирилип жатканын тастыктаган. Россия Украинага курал-жарак жеткирүү жаңжалды жөнгө салууга тоскоолдук жаратып, НАТО өлкөлөрүн чырга түз аралаштырып жатканын айтып келет. РФ ТИМинин жетекчиси Сергей Лавров Украинага деп курал-жарак жүктөлгөн транспорттун бардык түрү Россия армиясынын мыйзамдуу бутасына айланарын эскерткен.
Жаңылыктар түрмөгү
0