https://sputnik.kg/20250210/1091955075.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Sputnik Кыргызстан
Улуттук банктын алтын-валюта резерви бир жылда 1,9 миллиард долларга көбөйдү. Январдын аягына карата резерв 5 миллиард 191 миллион деп бааланууда. 2023-жылдын... 10.02.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-02-10T08:59+0600
2025-02-10T08:59+0600
2025-02-10T09:10+0600
https://sputnik.kg/img/07e9/02/0a/1091954943_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_763546617b7195497834bde852b43a32.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Sputnik Кыргызстан
Улуттук банктын алтын-валюта резерви бир жылда 1,9 миллиард долларга көбөйдү. Январдын аягына карата резерв 5 миллиард 191 миллион деп бааланууда. 2023-жылдын апрелинен бери улам өсүп, жаңы рекорд жаратып келе жатат. Улуттук банк валютанын өзгөрүүсүн текшилөө жана сомдун курсун кармап туруу үчүн интервенция жасап, ал үчүн алтын-валюта резервди колдонот. Резервдер ондон ашык валютадан, SDR жана алтындан турат. Алардын баасы доллар эквивалентинде жарыяланат.
"Бишкек жашыл курулуш" муниципалдык ишканасынын маркетинг, сатуу жана инвестицияларды тартуу бөлүмүнүн башчысы Жаныбек Жумалиев республика боюнча 15 миң түп бак отургузуу пландалып жатканын айтты.Быйыл баш калааны көрктөндүрүү үчүн 625 миллион сомдун тегерегинде акча каражаты бөлүндү.Анын айтымында, учурда шаардын төрт районунда эки миң түп дарак отургузулуп жатат. "Бишкек жашыл курулуш" муниципалдык ишканасына шаардагы 832 гектар жерде өскөн бак-дарактарга, жашыл аймактарга кам көрүү, көчөт отургузуу жана гүлдөрдү сугаруу, кайтаруу милдеттери жүктөлгөн. Быйыл эң башкы планыбыз — республика боюнча 15 миң түп бак отургузуу.2024-жылы жалпы 1 миллион 400 гүл отургузулса, быйыл алардын саны АТРдин негизинде 1 миллион 600гө көбөйтүлдү", — деди Жумалиев. Ал ошондой эле жаңы конуштарга суу тамчылатып сугаруу системасы менен жеткириле баштаганын кошумчалады.
Кыргызстандын жүзүмүн көбүнчө ЕАЭБ өлкөлөрү баалап аларын Улуттук статистика комитети билдирди. Былтыркы жылдын январь-ноябрь айларында өлкө 1,5 миң тонна жүзүм экспорттогон. Жемиштин көбүн эки мамлекет алган. Алар: Россия — 1 150,8 тонна; Казакстан — 284 тонна. Ошондой эле Өзбекстан менен Кытай да азыраак көлөмдө сатып алган.
АКШ президенти Дональд Трамп россиялык кесиптеши Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөшкөнүн айтты. Бул тууралуу New York Post гезити жазды.Маалыматка ылайык, Трамп Украинадагы согушту токтотуу боюнча сүйлөшүүгө аракет кылган. Гезит америкалык президенттин жума күнү Air Force One бортунда курган маегине таянганы айтылды. Бирок ал Путин менен канча жолу байланышканы тууралуу суроого жооп берүүдөн баш тартты.РФ президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков эки лидердин сүйлөшүүсү тууралуу Кремль кийинчерээк айтарын кабарлады.Эскерте кетсек, Россия президенти Владимир Путин АКШ лидери Дональд Трамп менен эки өлкөнүн кызыкчылыгындагы бардык маселе боюнча тынч отуруп баарлашууга даяр экенин айткан. Трамп да сүйлөшүү ниетин билдирген. АКШ президенти буга чейин да Россия менен Украина боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканын кабарлаган. Ал эми Песков Россия менен АКШнын алакасы азырынча ведомстволордун деңгээлинде жүрүп жатканына, акыркы мезгилде байланыш активдешкенине токтолгон.///ЭМИ ВАЛЮТА КУРСУ МЕНЕН ТААНЫШЫП АЛЫНЫЗДАР: Улуттук банктын билдирүүсү боюнча ушул тапта: 1 АКШ доллары 87 сом 45 тыйынга евро 90 сом 93 тыйынга
Улуттук банктын алтын-валюта резерви бир жылда 1,9 миллиард долларга көбөйдү. Январдын аягына карата резерв 5 миллиард 191 миллион деп бааланууда. 2023-жылдын апрелинен бери улам өсүп, жаңы рекорд жаратып келе жатат. Улуттук банк валютанын өзгөрүүсүн текшилөө жана сомдун курсун кармап туруу үчүн интервенция жасап, ал үчүн алтын-валюта резервди колдонот. Резервдер ондон ашык валютадан, SDR жана алтындан турат. Алардын баасы доллар эквивалентинде жарыяланат."Бишкек жашыл курулуш" муниципалдык ишканасынын маркетинг, сатуу жана инвестицияларды тартуу бөлүмүнүн башчысы Жаныбек Жумалиев республика боюнча 15 миң түп бак отургузуу пландалып жатканын айтты.Быйыл баш калааны көрктөндүрүү үчүн 625 миллион сомдун тегерегинде акча каражаты бөлүндү.Анын айтымында, учурда шаардын төрт районунда эки миң түп дарак отургузулуп жатат. "Бишкек жашыл курулуш" муниципалдык ишканасына шаардагы 832 гектар жерде өскөн бак-дарактарга, жашыл аймактарга кам көрүү, көчөт отургузуу жана гүлдөрдү сугаруу, кайтаруу милдеттери жүктөлгөн. Быйыл эң башкы планыбыз — республика боюнча 15 миң түп бак отургузуу.2024-жылы жалпы 1 миллион 400 гүл отургузулса, быйыл алардын саны АТРдин негизинде 1 миллион 600гө көбөйтүлдү", — деди Жумалиев. Ал ошондой эле жаңы конуштарга суу тамчылатып сугаруу системасы менен жеткириле баштаганын кошумчалады.Кыргызстандын жүзүмүн көбүнчө ЕАЭБ өлкөлөрү баалап аларын Улуттук статистика комитети билдирди. Былтыркы жылдын январь-ноябрь айларында өлкө 1,5 миң тонна жүзүм экспорттогон. Жемиштин көбүн эки мамлекет алган. Алар: Россия — 1 150,8 тонна; Казакстан — 284 тонна. Ошондой эле Өзбекстан менен Кытай да азыраак көлөмдө сатып алган.АКШ президенти Дональд Трамп россиялык кесиптеши Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөшкөнүн айтты. Бул тууралуу New York Post гезити жазды.Маалыматка ылайык, Трамп Украинадагы согушту токтотуу боюнча сүйлөшүүгө аракет кылган. Гезит америкалык президенттин жума күнү Air Force One бортунда курган маегине таянганы айтылды. Бирок ал Путин менен канча жолу байланышканы тууралуу суроого жооп берүүдөн баш тартты.РФ президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков эки лидердин сүйлөшүүсү тууралуу Кремль кийинчерээк айтарын кабарлады.Эскерте кетсек, Россия президенти Владимир Путин АКШ лидери Дональд Трамп менен эки өлкөнүн кызыкчылыгындагы бардык маселе боюнча тынч отуруп баарлашууга даяр экенин айткан. Трамп да сүйлөшүү ниетин билдирген. АКШ президенти буга чейин да Россия менен Украина боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканын кабарлаган. Ал эми Песков Россия менен АКШнын алакасы азырынча ведомстволордун деңгээлинде жүрүп жатканына, акыркы мезгилде байланыш активдешкенине токтолгон.///ЭМИ ВАЛЮТА КУРСУ МЕНЕН ТААНЫШЫП АЛЫНЫЗДАР: Улуттук банктын билдирүүсү боюнча ушул тапта: 1 АКШ доллары 87 сом 45 тыйынга евро 90 сом 93 тыйынга
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/02/0a/1091954943_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_b40e3a46fe1f9e3322c4d4f463973605.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио