00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
18:00
6 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
4 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
4 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
10 мин
Таберик
Кыргыз Республикасынын эл артисти Гүлсүн Мамашева билген Фрунзе шаары
17:11
34 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
6 мин
Итоги недели
Информационно-аналитическая программа
18:07
54 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Жазылуу
Саламаттык сактоо министрлигиндеги аудит 3,1 миллиард сомдук мыйзам бузууну аныктады. Бул тууралуу Эсеп палатасынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, мекемеде 2023-жылга карата бюджеттин аткарылышы текшерилген. Анын ичинен 2 миллиард 341 миллион сом процедуралык бузуулар болсо, 819,7 миллион сом финансылык бузуулар болуп саналат. Жалпы мыйзам бузуулардын ичинен 114,5 миллион сому калыбына келтирилүүгө тийиш. Аудит учурунда анын 111,2 миллион сому кайтарылганы белгиленди. Отчет тиешелүү мамлекеттик органдарга көрсөтмөлөр жана сунуштар менен жөнөтүлөрү кошумчаланды
Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Нурдан Орунтаев Кытайдын турак жай, шаардык жана айыл чарба курулуш министри Ни Хун менен жолугушту. Мамкурулуштан билдиришкендей, жолугушуу президент Садыр Жапаровдун мамлекеттик сапарынын алкагында орун алды. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар 2025-жылдын 5-февралында курулуш тармагындагы кызматташтык боюнча кол коюлган меморандумдун алкагында ар тараптуу кызматташтыкты улантуу маселелерин талкуулашты.
Бишкекте кызды ала качууга аракет кылган деген шек менен эки киши кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаарынын Ленин Райондук ички иштер башкармалыгы билдирди. Маалыматка ылайык, 23 жаштагы кыз аны эки киши ала качууга аракет кылганын айтып, 5-февралда милицияга арыз жазган."Шектүүлөр кызды эркине каршы Nissan унаасына салып, бирок максаттарына жетпей калышкан. Жамгырчинов жана Садыгалиев көчөлөрүнүн кесилишине жеткенде кызды унаадан түшүрүп, качып кетишкен", — деп айтылат маалыматта. Кылмышка шектелип 30 жаштагы жана 31 жаштагы жарандар кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Милиция ала качуу оор кылмыш экенин эскертип, бул үчүн 10 жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы каралганын белгиледи. Ошондой эле ала качууга күбө болгондор дароо милицияга билдирүү керектиги айтылды.
АКШ президенти Дональд Трамп Эл аралык кылмыш сотуна Вашингтонго жана анын Израиль баштаган союздаштарына каршы аракети үчүн санкция киргизүү боюнча жарлыкка кол койду. Бул тууралуу РИА Новости жазды. "Мен, Дональд Трамп, Америка Кошмо Штаттарынын президенти, Рим статусунун негизинде түзүлгөн Эл аралык кылмыш соту Америкага жана биздин жакын союздаш Израилге каршы жана негизсиз аракеттерди көргөн деп чечтим", — деп айтылат Ак үй тараткан документте. Жарлыкта мүлктү жана активдерди бөгөттөө, ошондой эле Эл аралык кылмыш сотунун мүчөлөрүнө, алардын үй-бүлөсүнө АКШга кирүүгө тыюу салуу жазылган. Мындан тышкары, Эл аралык кылмыш соттун америкалык жарандарды жана анын союздаштарын кармоо, жоопкерчиликке тартуу, иликтөө жүргүзүү аракеттери "улуттук коопсуздукка жана тышкы саясатка коркунуч" катары кабылданары айтылды.
Жаңылыктар түрмөгү
0