00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
6 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
3 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:01
5 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Жазылуу
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Казакстандын премьер-министри Олжас Бектенов менен кезикти. Жолугушуу Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынынын алкагында өткөн. "Казакстан — биздин жакын коңшубуз, боордош мамлекет жана негизги соода өнөктөшүбүз. 2024-жылы кыргыз-казак мамилелеринде бир катар маанилүү окуялар болуп, эки тараптуу мамилелер өнүгүүнүн жаңы баскычына көтөрүлдү. Мындан ары да кызматташтыкты жана мамилени өнүктүрүүгө күч-аракетибизди жумшайбыз деп ишенем", — деген Касымалиев. Ал эми Олжас Бектенов Касымалиевди кызматка дайындалышы менен куттуктап, стратегиялык өнөктөштүк жана союздаштык мамилелерди бекемдөөгө умтуларын билдирген.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигине 453 атайын техника тапшырылды. Бул тууралуу министрлер кабинетинен билдиришти. Маалыматка ылайык, өткөрүп берүү иш-чарасына министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев катышып, былтыр жол тармагын каржылоо 2020-жылга салыштырмалуу эки эсеге көбөйүп, 22 миллиард сомго жеткенин белгиледи. "Бул каражат 1000 чакырымдан ашык жолду оңдоого жана курууга, анын ичинде 802 чакырымга асфальт төшөөгө мүмкүндүк берди. Биз ири долбоорлорду баштадык: Түндүк — Түштүк альтернативдүү унаа жолунун курулушу, Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолунун курулушу башталды. Балыкчы — Бөкөнбаев — Каракол, Нарын — Баетов, Ала-Бука — Жаңы-Базар — Кировка, Ош — Баткен — Раззаков, ошондой эле туристтик аймактарда инфраструктураны жакшыртуу жана алыскы аймактардагы жолдорду куруу боюнча иштер активдүү жүрүп жатат", — деди Касымалиев. Соңунда минкаб башчысы жаңы техниканы кылдат жана жоопкерчиликтүү пайдаланууга чакырды.
Ошто "жер мафиясы" аныкталганын УКМКдан билдиришти. Маалыматка ылайык, Өзгөн районунун Баш-Дөбө айылында бир нече адам алдын ала сүйлөшүп алып, 2019-2021-жылдары айыл өкмөттүн токтомдорун жана жер тилкелерине муктаж жарандардын тизмесин жасалмалап, анын негизинде 22 гектар жер "Айыл чарба багытындагы" категориясынан "Калктуу конуштардын жерлери" категориясына трансформацияланган. Бул ишке байланыштуу 4 адам укук коргоо органдары тарабьынан кармалган. Алардын бири Баш-Дөбө айыл аймагынын мурдагы депутаты.
АКШ президенти Дональд Трамп БРИКС мамлекеттеринен өзүнчө валюта түзүү жана эл аралык соода-сатыкта америкалык доллардын ордун алмаштыруучу башка бир валютага артыкчылык берүү аракеттеринен баш тартууну талап кылды. Болбосо 100 пайыздык пошлина киргизилерин социалдык тармакка жарыялаган билдирүүсүндө айткан. Бул тууралуу РИА Новости жазды. "Биз кастарын тиккен өлкөлөрдөн БРИКС валютасы түзүлбөйт жана кубаттуу америкалык доллардын орду алмаштырылбайт деген убадасын алышыбыз керек. Болбосо 100 пайыздык пошлина киргизилет да, америкалык рынокко жол жабылат", — деп айтылат билдирүүдө. Трамп АКШ доллардын соодадан четтешине жол бербей турганын айтып, буга дит койгон мамлекеттерге катаал чаралар колдонуларын эскерткен. "Садага чабыла турган башка өлкөнү тандоолору керек болот. БРИКС мамлекеттеринин бири да долларды алмаштыра албайт", — деген өлкө башчы.
Жаңылыктар түрмөгү
0