https://sputnik.kg/20250113/serbiya-zhana-shvejcariya-putin-menen-tramptyn-zholugushuusun-uyushturuunu-sunushtady-1091376283.html
Сербия жана Швейцария Путин менен Трамптын жолугушуусун уюштурууну сунуштады
Сербия жана Швейцария Путин менен Трамптын жолугушуусун уюштурууну сунуштады
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 13-янв. — Sputnik. Сербия президенти Александр Вучич Россия менен АКШнын лидерлери Владимир Путин жана Дональд Трамптын жолугушчу жери катары өз... 13.01.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-01-13T10:31+0600
2025-01-13T10:31+0600
2025-01-13T10:31+0600
дүйнөдө
россия
акш
владимир путин
дональд трамп
жолугушуу
сербия
швейцария
уюштуруу
https://sputnik.kg/img/07e9/01/0d/1091374858_0:0:3072:1728_1920x0_80_0_0_cb2ae7705f6a0bcdf8f86b1278f89fa4.jpg
БИШКЕК, 13-янв. — Sputnik. Сербия президенти Александр Вучич Россия менен АКШнын лидерлери Владимир Путин жана Дональд Трамптын жолугушчу жери катары өз өлкөсүн сунуштады. Бул тууралуу мамлекеттин жетекчиси TV Pink эфиринде билдиргенин РИА Новости жазды.Анын айтымында, Россия менен АКШ президенттери серб элинин жылуу мамилесине арзыган."Трампты колдоо жагынан бир да өлкө Сербияга тең келе албайт. Ошол эле учурда бизде Путиндин кадыр-баркы абдан чоң. Демек, Сербия — эки лидерге тең ылайык келген дүйнөдөгү жалгыз мамлекет", — деген өлкө башчы.Эки президентти кабыл ала аларын Швейцария да айтып чыкты. Өлкө ТИМинин коммуникациялар бөлүмүнүн башчысы Николя Бидо Берн Украинада тынчтык орнотуу боюнча Москва менен да, Вашингтон менен да, Киев менен да эч кандай байланыш түзбөгөнүн билдирди.Жума күнү Трамп Путин жолугушуу ниетин билдиргенин, тараптар бул маселе боюнча иштеп жатышканын айткан. Кечээ анын улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Майк Уолц жолугушууга даярдык башталганын белгилеп, так убактысын көрсөткөн эмес.Өз кезегинде Кремлдин өкүлү Дмитрий Песков мындай жолугушуу АКШ президенти кызматына расмий киришкенден кийин гана уюштурула башташы керектигин билдирген. Анткен менен Москва Трамптын диалог түзүү каалоосун колдой турганын, президенттердин жолугушуусу үчүн эч кандай алдын ала сүйлөшүүнүн зарылдыгы жок экенин, бул үчүн эки тараптын каалоосу жана саясий эрки жетиштүү экенин айткан.Декабрда жыл жыйынтыгын чыгарган маалымат жыйынында Владимир Путин Американын жаңы лидери менен жолугушууга даяр экенин, эгер ал ишке ашып калса экөөнүн сүйлөшө турган сөзү болорун билдирген болчу.
https://sputnik.kg/20250113/rossiyany-ukrainanyn-murunku-ajmaktarynan-surup-chygaruu-mumkun-ehmes-1091374069.html
акш
сербия
швейцария
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/01/0d/1091374858_0:0:2732:2048_1920x0_80_0_0_69142048a1a891010702f1a69a53d530.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дүйнөдө, россия, акш, владимир путин, дональд трамп, жолугушуу, сербия, швейцария, уюштуруу
дүйнөдө, россия, акш, владимир путин, дональд трамп, жолугушуу, сербия, швейцария, уюштуруу
БИШКЕК, 13-янв. — Sputnik. Сербия президенти Александр Вучич Россия менен АКШнын лидерлери Владимир Путин жана Дональд Трамптын жолугушчу жери катары өз өлкөсүн сунуштады. Бул тууралуу мамлекеттин жетекчиси TV Pink эфиринде билдиргенин
РИА Новости жазды.
"Россия менен АКШ президенттеринин жолугушчу жери катары Сербияны биринчи жолу сунуштап жатам. Эмне үчүн? Себеби Сербия айрым мамлекеттердей болуп аскерий блоктордон кагаз жүзүндө эле тыш эмес, чындап НАТОго да, ЖККУга да аралашпайт. Сербия — өз алдынчалуу, көз карандысыз мамлекет, эки президентке тең коопсуздугун кепилдей алууга кудурети жеткен өлкө", — деген Вучич.
Анын айтымында, Россия менен АКШ президенттери серб элинин жылуу мамилесине арзыган.
"Трампты колдоо жагынан бир да өлкө Сербияга тең келе албайт. Ошол эле учурда бизде Путиндин кадыр-баркы абдан чоң. Демек, Сербия — эки лидерге тең ылайык келген дүйнөдөгү жалгыз мамлекет", — деген өлкө башчы.
Эки президентти кабыл ала аларын Швейцария да айтып чыкты. Өлкө ТИМинин коммуникациялар бөлүмүнүн башчысы Николя Бидо Берн Украинада тынчтык орнотуу боюнча Москва менен да, Вашингтон менен да, Киев менен да эч кандай байланыш түзбөгөнүн билдирди.
Жума күнү Трамп Путин жолугушуу ниетин билдиргенин, тараптар бул маселе боюнча
иштеп жатышканын айткан. Кечээ анын улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Майк Уолц жолугушууга даярдык башталганын белгилеп, так убактысын көрсөткөн эмес.
Өз кезегинде Кремлдин өкүлү Дмитрий Песков мындай жолугушуу АКШ президенти кызматына расмий киришкенден кийин гана уюштурула
башташы керектигин билдирген. Анткен менен Москва Трамптын диалог түзүү каалоосун колдой турганын, президенттердин жолугушуусу үчүн эч кандай алдын ала сүйлөшүүнүн зарылдыгы жок экенин, бул үчүн эки тараптын каалоосу жана саясий эрки жетиштүү экенин айткан.
Декабрда жыл жыйынтыгын чыгарган маалымат жыйынында Владимир Путин Американын жаңы лидери менен жолугушууга даяр экенин, эгер ал ишке ашып калса экөөнүн сүйлөшө турган сөзү болорун билдирген болчу.