https://sputnik.kg/20250113/batyshta-zhakyndagan-koopsuzduk-boyuncha-konguroo-kagyshty-1091376940.html
"Чегине баратабыз". Батышта жакындаган коркунуч туурасында коңгуроо кагылууда
"Чегине баратабыз". Батышта жакындаган коркунуч туурасында коңгуроо кагылууда
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 13-янв. — Sputnik. 2024-жылы абанын орточо температурасынын 1,5 градуска көтөрүлүшү — дүйнө үчүн кооптуу коңгуроо, анткен менен өлкөлөр мындан улам... 13.01.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-01-13T10:56+0600
2025-01-13T10:56+0600
2025-01-13T10:56+0600
дүйнөдө
климат
буу
өзгөрүү
глобалдык жылуулук
окумуштуулар
эскертүү
https://sputnik.kg/img/07e9/01/0d/1091377250_0:161:3067:1886_1920x0_80_0_0_5d479f977ebdee72090feb83aaf171c5.jpg
БИШКЕК, 13-янв. — Sputnik. 2024-жылы абанын орточо температурасынын 1,5 градуска көтөрүлүшү — дүйнө үчүн кооптуу коңгуроо, анткен менен өлкөлөр мындан улам кандайдыр бир кадамдарга барышы күмөн. Бул туурасында Англиядагы Эксетер университетинин окумуштуусу Гейл Уайтмендин айтканын Nature илимий журналы жарыялаган.Ал айлана-чөйрөнү коргогондор менен бир топ окумуштуулар бул жаатта Бириккен Улуттар Уюмунун Бразилияда өтө турган климат боюнча ири саммитинде чыгып сүйлөп, маселени көтөрүп чыгарына ишеним артып тургандыгын айтты."Биз адамзат үчүн коопсуз болгон аймактын соңуна жакындап калдык", — деген Уайтмен.Европанын климаттын өзгөрүшүнө мониторинг кылган Copernicus кызматынын топтогон маалыматтарына таянсак, 2024-жыл дүйнөдө байкоо жүргүзүлүп келе жаткан 1958-жылдан бери эң аптаптуу учур болуп калды. Анда абанын орточо температурасынын 1,5 градуска көтөрүлгөнү байкалган.БУУнун Дүйнөлүк метеорологиялык уюмунун божомолуна караганда, планетадагы ысык жакынкы беш жылда рекорддук көрсөткүчкө жетиши мүмкүн.Буга парник газы жана Ла-Ниньядан (суунун бетинин муздашы) тарта Эль-Нинього (суунун жылышы) чейинки океандык агымдардын фазасынын алмашуусу себеп болмокчу. Бул кубулуш планетадагы орточо температурага гана эмес, жаан-чачындын тартибине да таасирин тийгизет. Агымдардын алмашуусунун өзгөчөлүгү Ла-Нинья учурунда атмосферадан жылуулук океанга кетсе, Эль-Ниньодо ал суудан абага агылган. Алмашуу процесси 2023-жылдын жайында башталган.
https://sputnik.kg/20230409/okean-suu-temperatura-1074292742.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/01/0d/1091377250_169:0:2898:2047_1920x0_80_0_0_1ddecfb936dfe24a3007c681fec28770.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дүйнөдө, климат, буу, өзгөрүү, глобалдык жылуулук, окумуштуулар, эскертүү
дүйнөдө, климат, буу, өзгөрүү, глобалдык жылуулук, окумуштуулар, эскертүү
БИШКЕК, 13-янв. — Sputnik. 2024-жылы абанын орточо температурасынын 1,5 градуска көтөрүлүшү — дүйнө үчүн кооптуу коңгуроо, анткен менен өлкөлөр мындан улам кандайдыр бир кадамдарга барышы күмөн. Бул туурасында Англиядагы Эксетер университетинин окумуштуусу Гейл Уайтмендин айтканын
Nature илимий журналы жарыялаган.
"Кооптуулуктун бири керектүү кадамдарды жасабай, көңүлдү тынчытып, өзүн-өзү жубатууда турат. Адамдар айтылган чектен деле өттүк, эч нерсе болгонубуз жок го деген ойго жетелениши мүмкүн", — деген илимпоз.
Ал айлана-чөйрөнү коргогондор менен бир топ окумуштуулар бул жаатта Бириккен Улуттар Уюмунун Бразилияда өтө турган климат боюнча ири саммитинде чыгып сүйлөп, маселени көтөрүп чыгарына ишеним артып тургандыгын айтты.
"Биз адамзат үчүн коопсуз болгон аймактын соңуна жакындап калдык", — деген Уайтмен.
Европанын климаттын өзгөрүшүнө мониторинг кылган Copernicus кызматынын топтогон маалыматтарына таянсак, 2024-жыл дүйнөдө байкоо жүргүзүлүп келе жаткан 1958-жылдан бери эң аптаптуу учур болуп калды. Анда абанын орточо температурасынын 1,5 градуска көтөрүлгөнү байкалган.
БУУнун Дүйнөлүк метеорологиялык уюмунун божомолуна караганда, планетадагы ысык жакынкы беш жылда рекорддук көрсөткүчкө жетиши мүмкүн.
Буга парник газы жана Ла-Ниньядан (суунун бетинин муздашы) тарта Эль-Нинього (суунун жылышы) чейинки океандык агымдардын фазасынын алмашуусу себеп болмокчу. Бул кубулуш планетадагы орточо температурага гана эмес, жаан-чачындын тартибине да таасирин тийгизет. Агымдардын алмашуусунун өзгөчөлүгү Ла-Нинья учурунда атмосферадан жылуулук океанга кетсе, Эль-Ниньодо ал суудан абага агылган. Алмашуу процесси 2023-жылдын жайында башталган.