https://sputnik.kg/20250109/tramp-ukraina-maselesi-boyuncha-putinge-makul-bolboshun-aytyshuuda-1091309101.html
Келлог: Трамп Украина маселесинде Путиндин бардык шартына макул боло бербейт
Келлог: Трамп Украина маселесинде Путиндин бардык шартына макул боло бербейт
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 9-янв. — Sputnik. АКШнын жаңы шайланган президенти Дональд Трамп РФ лидери Владимир Путинге Украинадагы чатакты жөнгө салуу маселеси боюнча шарттардын... 09.01.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-01-09T10:02+0600
2025-01-09T10:02+0600
2025-01-09T10:02+0600
россиянын донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
дүйнөдө
акш
россия
украина
дональд трамп
владимир путин
https://sputnik.kg/img/07e9/01/09/1091308113_0:0:3071:1728_1920x0_80_0_0_10a455c53a84d5a873042824d379da9d.jpg
БИШКЕК, 9-янв. — Sputnik. АКШнын жаңы шайланган президенти Дональд Трамп РФ лидери Владимир Путинге Украинадагы чатакты жөнгө салуу маселеси боюнча шарттардын баарына эле макул боло бербейт. Бул туурасында Трамптын администрациясынын Украина боюнча атайын өкүлү Кит Келлог айтканын РИА Новости жазды.Атайын өкүлдүн айтымында, Трамп чатактын "адилеттүү жана таза" шарттарда жөнгө салынышын көздөйт. Ал жаңы шайланган президент жакын арада бул маселе боюнча Владимир Путин жана Владимир Зеленский менен сүйлөшүүгө убакыт табарын ишенимдүү билдирди.Келлог "кетип жаткан президент Жозеф Байдендин ири каталарынын бири — Россия лидери менен Украинадагы чатакты чечүү боюнча диалог курбаганы" деп атады.Эске салсак, Трамп буга чейин "Мар-а-Лаго" резиденциясында журналисттердин алдында сүйлөп жатып, Россия Украинанын альянска киришине каршы турган позициясын түшүнөрүн айткан. Мындан сырткары, Ак үйгө кайтып келгенге чейин РФ лидери Владимир Путин менен байланышууга даяр экендигин билдирген. Саясатчы президент менен сүйлөшө турган болжолдуу күндү да айта албастыгын кошумчалаган.Ак үйдүн башчысы болчу Трамп Россия менен Украинанын ортосунда жаңжалды токтотуу ниетинде экенин, муну 24 саат ичинде эле чече саларын да жар салган. Ал эми Россия президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков буга комментраий берип, чатак бир күндө чечиле тургандай жөнөкөй эмес экендигин белгилеген.Июнда Путин аталган чатакты тынчтык жолу менен чечүү демилгесин көтөргөн. Анда эгерде Киев Түштүк атлантикалык альянска кирүүдөн расмий түрдө баш тартып, Россиянын курамына кирген жаңы региондорду тааный турганын билдирсе Москва согуш отун тез арада токтотуп, сүйлөшүүгө даяр болору айтылган.
https://sputnik.kg/20250108/tramp-ukraina-uchun-natogo-kiruu-maselesi-zhabyk-ekendigin-tushundurdu-1091303828.html
акш
украина
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/01/09/1091308113_301:0:3032:2048_1920x0_80_0_0_fcec1b7b5d78f4de7ae9533c71041f9c.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дүйнөдө, акш, россия, украина, дональд трамп, владимир путин
дүйнөдө, акш, россия, украина, дональд трамп, владимир путин
БИШКЕК, 9-янв. — Sputnik. АКШнын жаңы шайланган президенти Дональд Трамп РФ лидери Владимир Путинге Украинадагы чатакты жөнгө салуу маселеси боюнча шарттардын баарына эле макул боло бербейт. Бул туурасында Трамптын администрациясынын Украина боюнча атайын өкүлү Кит Келлог айтканын
РИА Новости жазды.
"Ал Путинге же россиялыктарга бир нерсе берейин деп жатпаганын түшүнүү керек. Чындыгында, президент Украинаны жана анын эгемендигин сактап калууну каалайт", — деген Келлог Fox News телеканалынын эфиринде сүйлөп жатып.
Атайын өкүлдүн айтымында, Трамп чатактын "адилеттүү жана таза" шарттарда жөнгө салынышын көздөйт. Ал жаңы шайланган президент жакын арада бул маселе боюнча Владимир Путин жана Владимир Зеленский менен сүйлөшүүгө убакыт табарын ишенимдүү билдирди.
Келлог "кетип жаткан президент Жозеф Байдендин ири каталарынын бири — Россия лидери менен Украинадагы чатакты чечүү боюнча диалог курбаганы" деп атады.
Эске салсак, Трамп буга чейин "Мар-а-Лаго" резиденциясында журналисттердин алдында сүйлөп жатып, Россия Украинанын альянска киришине каршы турган позициясын түшүнөрүн айткан. Мындан сырткары, Ак үйгө кайтып келгенге чейин РФ лидери Владимир Путин менен байланышууга даяр экендигин билдирген. Саясатчы президент менен сүйлөшө турган болжолдуу күндү да айта албастыгын кошумчалаган.
Ак үйдүн башчысы болчу Трамп Россия менен Украинанын ортосунда жаңжалды токтотуу ниетинде экенин, муну 24 саат ичинде эле чече саларын да жар салган. Ал эми Россия президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков буга комментраий берип, чатак бир күндө чечиле тургандай жөнөкөй эмес экендигин белгилеген.
Июнда Путин аталган чатакты тынчтык жолу менен чечүү демилгесин көтөргөн. Анда эгерде Киев Түштүк атлантикалык альянска кирүүдөн расмий түрдө баш тартып, Россиянын курамына кирген жаңы региондорду тааный турганын билдирсе Москва согуш отун тез арада токтотуп, сүйлөшүүгө даяр болору айтылган.