https://sputnik.kg/20250108/tramp-ukraina-uchun-natogo-kiruu-maselesi-zhabyk-ekendigin-tushundurdu-1091303828.html
Эксперт: Трамп Украина үчүн НАТОго кирүү маселеси жабык экендигин түшүндүрдү
Эксперт: Трамп Украина үчүн НАТОго кирүү маселеси жабык экендигин түшүндүрдү
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 8-янв. — Sputnik. АКШнын жаңы шайланган президенти Дональд Трамп Киев бийлигинин башчысы Владимир Зеленскийге Украинанын НАТОго кирүүчү эшиги... 08.01.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-01-08T17:20+0600
2025-01-08T17:20+0600
2025-01-08T17:20+0600
россия
акш
украина
нато
дональд трамп
владимир зеленский
https://sputnik.kg/img/07e6/01/0e/1061239991_0:160:3073:1888_1920x0_80_0_0_1feb0d475695e72166262fb530351c48.jpg
БИШКЕК, 8-янв. — Sputnik. АКШнын жаңы шайланган президенти Дональд Трамп Киев бийлигинин башчысы Владимир Зеленскийге Украинанын НАТОго кирүүчү эшиги жабыктыгын — Россия менен сүйлөшүүгө барыш керектигин түшүндүрдү. Бул туурасында АКШ армиясынын отставкадагы подполковниги Дэниел Дэвис YouTube каналындагы эфири учурунда айтты.Эске салсак, Трамп "Мар-а-Лаго" резиденциясында журналисттердин алдында сүйлөп жатып, Жозеф Байденди Украина чатагындагы чагымчылыгы үчүн күнөөлөгөн.Дэвистин айтымында, администрация Украинанын НАТОго кириши жаатындагы болчу сүйлөшүүлөр боюнча көп ката кетирип алды. Москванын көп жылдан бери НАТОнун Украина менен байланышы болбошу керек деп келе жатканына карабай, дал Байден Зеленскийге альянс мүчөлүгү боюнча үмүт жараткан."Чындыгында алар (Россия, Украина – ред.) сүйлөшкөн. Муну кийин Байден бузду. Алардын Украинаны жана башкаларды канааттандыра турган келишими болгон. Бирок Байден "НАТОго кире тургандай абалда болушуңар керек дей салды", — деген Трамп бул башында эле ката иш болгонун белгилеп.Эске салсак, Трамп буга чейин Россия Украинанын альянска киришине каршы турган позициясын түшүнөрүн айткан. Мындан сырткары, Ак үйгө кайтып келгенге чейин РФ лидери Владимир Путин менен байланышууга даяр экендигин билдирген. Саясатчы президент менен сүйлөшө турган болжолдуу күндү да айта албастыгын кошумчалаган.Ак үйдүн башчысы болчу Трамп Россия менен Украинанын ортосунда жаңжалды токтотуу ниетинде экенин, муну 24 саат ичинде эле чече аларын да жар салган. Ал эми Россия президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков буга комментраий берип, жаңжал бир түндө чечиле тургандай эмес, татаал чатак экенин айткан.
https://sputnik.kg/20250101/rossiya-ukraina-aksh-sogush-atajyn-operaciya-1091210396.html
акш
украина
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e6/01/0e/1061239991_170:0:2901:2048_1920x0_80_0_0_1f972d29c638eaf5565149c67e878f98.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
россия, акш, украина, нато, дональд трамп, владимир зеленский
россия, акш, украина, нато, дональд трамп, владимир зеленский
БИШКЕК, 8-янв. — Sputnik. АКШнын жаңы шайланган президенти Дональд Трамп Киев бийлигинин башчысы Владимир Зеленскийге Украинанын НАТОго кирүүчү эшиги жабыктыгын — Россия менен сүйлөшүүгө барыш керектигин түшүндүрдү. Бул туурасында АКШ армиясынын отставкадагы подполковниги Дэниел Дэвис
YouTube каналындагы эфири учурунда айтты.
"Ал (Трамп — ред.) аталган маселе боюнча (Украинанын НАТОго мүчө болушу – ред.) өтө так болду. Себеби муну башка өңүттөн карап жатат... Менимче, кичинекей да мүмкүнчүлүк жок, болбосо Трамп жок дегенде НАТОго мүчөлүк боюнча сүйлөшүү үчүн Украинага мүмкүнчүлүк бергенге аракет кылмак", — деди Дэвис.
Эске салсак, Трамп "Мар-а-Лаго" резиденциясында журналисттердин алдында сүйлөп жатып, Жозеф Байденди Украина чатагындагы чагымчылыгы үчүн күнөөлөгөн.
Дэвистин айтымында, администрация Украинанын НАТОго кириши жаатындагы болчу сүйлөшүүлөр боюнча көп ката кетирип алды. Москванын көп жылдан бери НАТОнун Украина менен байланышы болбошу керек деп келе жатканына карабай, дал Байден Зеленскийге альянс мүчөлүгү боюнча үмүт жараткан.
"Чындыгында алар (Россия, Украина – ред.) сүйлөшкөн. Муну кийин Байден бузду. Алардын Украинаны жана башкаларды канааттандыра турган келишими болгон. Бирок Байден "НАТОго кире тургандай абалда болушуңар керек дей салды", — деген Трамп бул башында эле ката иш болгонун белгилеп.
Эске салсак, Трамп буга чейин Россия Украинанын альянска киришине каршы турган позициясын түшүнөрүн айткан. Мындан сырткары, Ак үйгө кайтып келгенге чейин РФ лидери Владимир Путин менен байланышууга даяр экендигин билдирген. Саясатчы президент менен сүйлөшө турган болжолдуу күндү да айта албастыгын кошумчалаган.
Ак үйдүн башчысы болчу Трамп Россия менен Украинанын ортосунда жаңжалды токтотуу ниетинде экенин, муну 24 саат ичинде эле чече аларын да жар салган. Ал эми Россия президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков буга комментраий берип, жаңжал бир түндө чечиле тургандай эмес, татаал чатак экенин айткан.