https://sputnik.kg/20250101/rossiya-ukraina-aksh-sogush-atajyn-operaciya-1091210396.html
Украина Россия менен сүйлөшүүдөн баш тартса кайсы шаарларынан ажыраары айтылды
Украина Россия менен сүйлөшүүдөн баш тартса кайсы шаарларынан ажыраары айтылды
Sputnik Кыргызстан
Эксперт киевдик режим азыркы абал эмнеге алып барарын канчалык эрте түшүнсө, Украинаны ошончолук сактап кала аларын билдирген. 01.01.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-01-01T18:03+0600
2025-01-01T18:03+0600
2025-01-01T18:03+0600
дүйнөдө
россия
украина
акш
согуш
атайын операция
ультиматум
россиянын донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
https://sputnik.kg/img/07e9/01/01/1091203919_0:269:3162:2048_1920x0_80_0_0_6065dcc78b4a165b59e4c93d3acfe1df.jpg
БИШКЕК, 1-янв. — Sputnik. Украинага киевдик режим Россиянын шарттарына көнүшү керек же ага көнбөсө мындан дагы чоң аймагын жоготот деген ультиматум коюлушу керек. Мындай пикирин америкалык отставкадагы чалгынчы Скотт Риттер Dialogue Works YouTube каналында айтканын РИА Новости агенттиги жазды.Анын пикири боюнча, АКШнын президенти болуп шайланган Дональд Трапмтын алдыда Украианадагы атайын өкүлү кылып дайындай турган адам Киев режими менен сүйлөшүүгө эч кандай кеп деле калган эмес, анткени Украинанын кайсы бир нерсеге үн кошууга эми укугу да жок."Бул согуш Россиянын шарты менен бүтөт", — деп эскерткен эксперт.Риттер АКШнын Россияга таасир эте алчу бир да илинчеги жок экенин, Вашингтон бул абалда Москванын бардык талаптарына көнгөнү дурус болорун кошумчалаган. Айтымында, мындай жол менен АКШ Украина кептеле турган кесепеттерди бир аз жеңилдетерин, Киев сүйлөшүүлөрдү канчалык көпкө созсо, ал жеңилүүгө ошончолук жакындаарын түшүндүргөн.Украинанын экономикалык жаатта банкрот болгонунан, анын фронттогу жеңилүүсүнөн, өнөктөштөрү Киевди каржылоодон чарчаганынан улам Батышта жана андагы өлкөлөр арасында бул согушту тынчтык жолу менен бүтүрүүнү көбүрөөк кеп кыла башташкан.Мыйзам чегинде Россия менен диалог жүргүзүүгө тыюу салган Владимир Зеленский эми сүйлөшүүлөр үчүнчү өлкөнүн Украинаны колдогон шартында жүрүшү мүмкүн экенин билдирүүдө. Мындан тышкары, Киевдин Украинаны 1991-жылдагы чек араларга кайтаруу талабы көп айтыла баштады. Зеленский өткөн жылдын ноябрь айынын соңунда Sky News телеканалына курган маегинде Киевдин көзөмөлүндөгү аймактарды "НАТОнун калкалоосуна" коюу менен андагы жаңжалдын "жогорку фазасын" токтотууга болорун айткан. Батыштын ЖМКлары жана айрым саясатчылары муну Зеленский айрым бир аймактар боюнча кепке келет деп сыпатташкан. Ал эми декабрда Трамп Зеленский менен жолугушуп, согушту токтотуп, ынтымакка келүүнү каалаарын билдирген.Декабрдын башында Reuters агенттиги Трамптын Украинадагы жаңжалды жөнгө салуу боюнча планы Киев НАТОго мүчө болуудан баш тартып, Россиянын пайдасына аймактык чечимдерге моюн сунууга баруусун камтый турганын жазган.Ак үйдүн башчысы болчу Трамп Россия менен Украинанын ортосунда жаңжалды токтотуу ниетинде экенин, муну 24 саат ичинде эле чече аларын да айткан. Ал эми Россия президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков Трапмтын бул айтканы боюнча комментраий берип, жаңжал бир түндө чечиле тургандай эмес, татаал чатак экенин айткан.
https://sputnik.kg/20241231/tramp-uchurundagy-zelenskiyge-karalgan-zhalgyz-variant-1091182337.html
украина
акш
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/01/01/1091203919_409:0:3140:2048_1920x0_80_0_0_2c5b2908940a55a93ecfce137d92fbf5.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дүйнөдө, россия, украина, акш, согуш, атайын операция, ультиматум
дүйнөдө, россия, украина, акш, согуш, атайын операция, ультиматум
Украина Россия менен сүйлөшүүдөн баш тартса кайсы шаарларынан ажыраары айтылды
Эксперт киевдик режим азыркы абал эмнеге алып барарын канчалык эрте түшүнсө, Украинаны ошончолук сактап кала аларын билдирген.
БИШКЕК, 1-янв. — Sputnik. Украинага киевдик режим Россиянын шарттарына көнүшү керек же ага көнбөсө мындан дагы чоң аймагын жоготот деген ультиматум коюлушу керек. Мындай пикирин америкалык отставкадагы чалгынчы Скотт Риттер Dialogue Works YouTube каналында айтканын
РИА Новости агенттиги жазды.
"Эгерде мен Кит Келлог болсом (Трамптын Украина боюнча атайын өкүлү – ред.), анда Украинага "силер мунун баары эмнеге алып барарын канчалык эрте түшүнсөңөр, Украинаны ошончолук көбүрөөк сактап кала аласыңар. Эгер сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүнү создуктура берсеңер Россия анда баарына кол шилтеп туруп, Одесса, Николаев, Харьков, Сумы, Днепропетровскини алабыз дейт" деп айтмакмын. Мындайда Украинага эмне калат?" — деген ал.
Анын пикири боюнча, АКШнын президенти болуп шайланган Дональд Трапмтын алдыда Украианадагы атайын өкүлү кылып дайындай турган адам Киев режими менен сүйлөшүүгө эч кандай кеп деле калган эмес, анткени Украинанын кайсы бир нерсеге үн кошууга эми укугу да жок.
"Бул согуш Россиянын шарты менен бүтөт", — деп эскерткен эксперт.
Риттер АКШнын Россияга таасир эте алчу бир да илинчеги жок экенин, Вашингтон бул абалда Москванын бардык талаптарына көнгөнү дурус болорун кошумчалаган. Айтымында, мындай жол менен АКШ Украина кептеле турган кесепеттерди бир аз жеңилдетерин, Киев сүйлөшүүлөрдү канчалык көпкө созсо, ал жеңилүүгө ошончолук жакындаарын түшүндүргөн.
Украинанын экономикалык жаатта банкрот болгонунан, анын фронттогу жеңилүүсүнөн, өнөктөштөрү Киевди каржылоодон чарчаганынан улам Батышта жана андагы өлкөлөр арасында бул согушту тынчтык жолу менен бүтүрүүнү көбүрөөк кеп кыла башташкан.
Мыйзам чегинде Россия менен диалог жүргүзүүгө тыюу салган Владимир Зеленский эми сүйлөшүүлөр үчүнчү өлкөнүн Украинаны колдогон шартында жүрүшү мүмкүн экенин билдирүүдө. Мындан тышкары, Киевдин Украинаны 1991-жылдагы чек араларга кайтаруу талабы көп айтыла баштады. Зеленский өткөн жылдын ноябрь айынын соңунда Sky News телеканалына курган маегинде Киевдин көзөмөлүндөгү аймактарды "НАТОнун калкалоосуна" коюу менен андагы жаңжалдын "жогорку фазасын" токтотууга болорун айткан. Батыштын ЖМКлары жана айрым саясатчылары муну Зеленский айрым бир аймактар боюнча кепке келет деп сыпатташкан. Ал эми декабрда Трамп Зеленский менен жолугушуп, согушту токтотуп, ынтымакка келүүнү каалаарын билдирген.
Декабрдын башында Reuters агенттиги Трамптын Украинадагы жаңжалды жөнгө салуу боюнча планы Киев НАТОго мүчө болуудан баш тартып, Россиянын пайдасына аймактык чечимдерге моюн сунууга баруусун камтый турганын жазган.
Ак үйдүн башчысы болчу Трамп Россия менен Украинанын ортосунда жаңжалды токтотуу ниетинде экенин, муну 24 саат ичинде эле чече аларын да айткан. Ал эми Россия президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков Трапмтын бул айтканы боюнча комментраий берип, жаңжал бир түндө чечиле тургандай эмес, татаал чатак экенин айткан.
31 Бештин айы 2024, 11:31