https://sputnik.kg/20250105/1091263826.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Sputnik Кыргызстан
АКШда 12 жыл жашаган кыргызстандык Жаныбек Жакыпов изделүүдө Буга чейин коомдук ишмер Ассоль Молдокматова сөз болуп жаткан жигит 29-декабрда Канкун шаарына... 05.01.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-01-05T16:59+0600
2025-01-05T16:59+0600
2025-01-05T17:30+0600
https://sputnik.kg/img/07e9/01/05/1091263694_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_d5a291017351c7f24411d3e79c88e489.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Sputnik Кыргызстан
АКШда 12 жыл жашаган кыргызстандык Жаныбек Жакыпов изделүүдө Буга чейин коомдук ишмер Ассоль Молдокматова сөз болуп жаткан жигит 29-декабрда Канкун шаарына учуп кеткенин, 30-декабрда апасы оор абалда деген маалымат уккандан кийин билет алып, Бишкекке аттанган боюнча дайынсыз болуп жатканын жазды. Мекендеш Кыргызстанга келүү үчүн Мексиканын башка шаарына кеткен. ТИМ бул боюнча үн катып, издөөгө Кыргызстандын АКШдагы мекемелери, Россия менен Казакстандын Мексикадагы элчилиги көмөктөшүп жатканын кабарлады. "Колдо болгон маалымат боюнча, аталган жаран Канкун шаарында болгон жана Кыргызстанга учуп келүүнү пландап жаткан", — дешти ТИМден.
Бул жылы Кыргызстандын Улуттук банкы 2,3 миң даана коллекциялык монета чыгарууну пландоодо. Каржылык жөнгө салуу мекемесинин сайтында маалымдалгандай, алардын баары 10 сом номиналында күмүштөн жасалат. Монеталар боюнча маалыматтар: "Тушоо кесүү" ("Кыргызстандын үрп-адаттары" сериясынын алкагында) — 1 000 даана; "Улуу Жеңишке 80 жыл" ("Тарыхый окуялар" сериясынын алкагында) — 800 даана; "Кыргыз мамлекеттүүлүгүн негиздеген аталар" ("Тарыхый окуялар" сериясынын алкагында) — 500 даана.
Кыргызстандын экономика тармагындагы кайсы жаатта аялдар, кайсы жатта эркектер басымдуулук кыла турганын Статистика боюнча улуттук комитет жарыялады. Мекеме "Кыргызстандагы социалдык тенденциялар -2019–2023" жыйнагын чыгарды. Ага ылайык, аялдар төмөнкү тармактарда көбүрөөк: Кыймылсыз мүлк операциялары (100 пайыз); Калкты саламаттыкты сактоо жана социалдык жактан тейлөө (78 пайыз); Билим берүү (77). Эркектер негизинен төмөнкү тармактарда басымдуулук кылат: Курулуш (99 пайыз); Транспорт менен байланышкан жумуштар жана жүк сактоо (97 пайыз); Тоо кендерин казуу (94 пайыз).
Россия ТИМинин расмий өкүлү Мария Захарова АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкендин Вашингтон Киевди атайын операция башталганча эле курал-жарак менен камсыздаган деген билдирүүсүнө комментарий берди. Ал РИА Новости агенттигине дал ушул себептен улам атайын операциянын максаты Украинаны демилитаризациялоо экенин айткан. “Россия бул тууралуу көп жылдан бери айтып келет. Украинаны курал-жаракка шыкоо, россиялык чек араны бузуу менен Кара деңиз акваториясындагы НАТОнун машыгуулары, өлкөбүздүн аба мейкиндигинде жарандык учактар менен Батыштын аскердик авиациясынын кооптуу кептешүүсү тууралуу качантан бери айтылып келген”, — деди Захарова. Эскерте кетсек, буга чейин АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Вашингтон Киевге атайын операция башталганча эле курал-жарак берип келгенин айткан.
АКШда 12 жыл жашаган кыргызстандык Жаныбек Жакыпов изделүүдө Буга чейин коомдук ишмер Ассоль Молдокматова сөз болуп жаткан жигит 29-декабрда Канкун шаарына учуп кеткенин, 30-декабрда апасы оор абалда деген маалымат уккандан кийин билет алып, Бишкекке аттанган боюнча дайынсыз болуп жатканын жазды. Мекендеш Кыргызстанга келүү үчүн Мексиканын башка шаарына кеткен. ТИМ бул боюнча үн катып, издөөгө Кыргызстандын АКШдагы мекемелери, Россия менен Казакстандын Мексикадагы элчилиги көмөктөшүп жатканын кабарлады. "Колдо болгон маалымат боюнча, аталган жаран Канкун шаарында болгон жана Кыргызстанга учуп келүүнү пландап жаткан", — дешти ТИМден. Бул жылы Кыргызстандын Улуттук банкы 2,3 миң даана коллекциялык монета чыгарууну пландоодо. Каржылык жөнгө салуу мекемесинин сайтында маалымдалгандай, алардын баары 10 сом номиналында күмүштөн жасалат. Монеталар боюнча маалыматтар: "Тушоо кесүү" ("Кыргызстандын үрп-адаттары" сериясынын алкагында) — 1 000 даана; "Улуу Жеңишке 80 жыл" ("Тарыхый окуялар" сериясынын алкагында) — 800 даана; "Кыргыз мамлекеттүүлүгүн негиздеген аталар" ("Тарыхый окуялар" сериясынын алкагында) — 500 даана.Кыргызстандын экономика тармагындагы кайсы жаатта аялдар, кайсы жатта эркектер басымдуулук кыла турганын Статистика боюнча улуттук комитет жарыялады. Мекеме "Кыргызстандагы социалдык тенденциялар -2019–2023" жыйнагын чыгарды. Ага ылайык, аялдар төмөнкү тармактарда көбүрөөк: Кыймылсыз мүлк операциялары (100 пайыз); Калкты саламаттыкты сактоо жана социалдык жактан тейлөө (78 пайыз); Билим берүү (77). Эркектер негизинен төмөнкү тармактарда басымдуулук кылат: Курулуш (99 пайыз); Транспорт менен байланышкан жумуштар жана жүк сактоо (97 пайыз); Тоо кендерин казуу (94 пайыз).Россия ТИМинин расмий өкүлү Мария Захарова АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкендин Вашингтон Киевди атайын операция башталганча эле курал-жарак менен камсыздаган деген билдирүүсүнө комментарий берди. Ал РИА Новости агенттигине дал ушул себептен улам атайын операциянын максаты Украинаны демилитаризациялоо экенин айткан. “Россия бул тууралуу көп жылдан бери айтып келет. Украинаны курал-жаракка шыкоо, россиялык чек араны бузуу менен Кара деңиз акваториясындагы НАТОнун машыгуулары, өлкөбүздүн аба мейкиндигинде жарандык учактар менен Батыштын аскердик авиациясынын кооптуу кептешүүсү тууралуу качантан бери айтылып келген”, — деди Захарова. Эскерте кетсек, буга чейин АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Вашингтон Киевге атайын операция башталганча эле курал-жарак берип келгенин айткан.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/01/05/1091263694_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_9c7cdff0419fc04d226bd58fe9ae27c3.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио