https://sputnik.kg/20250105/1091253897.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанга которулган акчанын 94%дан ашыгы ЕАЭБ өлкөлөрүнөн келгенӨлкөдөн 50дөн ашык спортчу Кытайда өтчү кышкы Азия оюндарына катышатКыргызстан КМШда... 05.01.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-01-05T11:00+0600
2025-01-05T11:00+0600
2025-01-05T11:30+0600
https://sputnik.kg/img/07e9/01/05/1091253765_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_7413722e68bc2294689344753f64699e.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанга которулган акчанын 94%дан ашыгы ЕАЭБ өлкөлөрүнөн келгенӨлкөдөн 50дөн ашык спортчу Кытайда өтчү кышкы Азия оюндарына катышатКыргызстан КМШда алгачкылардан болуп Санариптик кодексин иштеп чыктыАлдыда кененирээкКыргызстан КМШда алгачкылардан болуп Санариптик кодексин иштеп чыкты. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлиги билдирди. Ага ылайык, мында өлкөдөгү бардык ченемдик-укуктук актылар бир документке чогултулган. Документ санариптик өнүгүү доорунда анын алкагында жүргүзүлүүчү карым-катнаштарга ыңгайлуу шарт түзүү максатында жасалганы белгиленди. Санариптик кодексти иштеп чыгууда тажрыйбалуу серепчилер эмгектенип, ар кайсы бөлүгү ар тилде жазылып, которулган. Кодекс мазмуну боюнча өзүнө төрт деңгээлди камтыйт: Маалыматтар деңгээли — санариптик ресурстар, каттоо жүргүзүү жана колдонуу, ошондой эле маалыматтарды иштеп чыгууга байланыштуу мамилелер жөнгө салынат. Анын максаты санариптик маалыматтардын толук кандуулугун, актуалдуулугун жана жеткиликтүүлүгүн камсыздоо болуп саналат.
Кыргызстанга которулган акчанын кеминде 94,4 пайызы ЕАЭБ мамлекеттеринен келет. Мындай жыйынтыкты Улуттук банктын маалыматтарынан улам чыгарууга болот. Кеп акча которуу системалары, банктык тиркемелер жана электрондук капчыктар аркылуу жеке адамдардын транзакциялары жөнүндө болуп жатат. 2024-жылдын январь айынан октябрына чейин өлкөгө 2 миллиард 522,2 миллион доллар которулган. Анын ичинен 2 миллиард 351,1 миллион доллары Россиядан салынса, 4,3 миллион доллары Казакстандан келген. Армения жана Беларусь боюнча маалыматтар берилген эмес. Бирок аларсыз деле акча которуунун аз дегенде 94,4 пайызы ЕАЭБ мамлекеттерине туура келери көрүнүп турат. Адатта сырттан которулган каражатты "мигранттар салган акча" деп коюшат. Бирок башка да транзакциялар эске алынат. Каражат ар кандай валютада алынып, алардын долларлык эквиваленти көрсөтүлөт.
Кыргызстандык спортчулар Кытайдын Харбин шаарында өтчү кышкы Азия оюндарына катышат. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинин маалымат кызматы кабарлады. Билдирмеге караганда, мелдеш 7-14-февраль күндөрү Харбин шаарында болот. Оюндар спорттун 11 түрүнөн өтүп, медалдын 64 комплекти ойнотулат. Кыргызстандын атынан спорттук иш-чарага хоккей, биатлон, слалом, кёрлинг жана көркөм муз тебүү боюнча 50дөн ашык спортчу катышары күтүлүүдө.
Россия ТИМинин расмий өкүлү Мария Захарова АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкендин Вашингтон Киевди атайын операция башталганча эле курал-жарак менен камсыздаган деген билдирүүсүнө комментарий берди. Ал РИА Новости агенттигине дал ушул себептен улам атайын операциянын максаты Украинаны демилитаризациялоо экенин айткан. “Россия бул тууралуу көп жылдан бери айтып келет. Украинаны курал-жаракка шыкоо, россиялык чек араны бузуу менен Кара деңиз акваториясындагы НАТОнун машыгуулары, өлкөбүздүн аба мейкиндигинде жарандык учактар менен Батыштын аскердик авиациясынын кооптуу кептешүүсү тууралуу качантан бери айтылып келген”, — деди Захарова. Эскерте кетсек, буга чейин АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Вашингтон Киевге атайын операция башталганча эле курал-жарак берип келгенин айткан.
Кыргызстанга которулган акчанын 94%дан ашыгы ЕАЭБ өлкөлөрүнөн келгенӨлкөдөн 50дөн ашык спортчу Кытайда өтчү кышкы Азия оюндарына катышатКыргызстан КМШда алгачкылардан болуп Санариптик кодексин иштеп чыктыАлдыда кененирээкКыргызстан КМШда алгачкылардан болуп Санариптик кодексин иштеп чыкты. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлиги билдирди. Ага ылайык, мында өлкөдөгү бардык ченемдик-укуктук актылар бир документке чогултулган. Документ санариптик өнүгүү доорунда анын алкагында жүргүзүлүүчү карым-катнаштарга ыңгайлуу шарт түзүү максатында жасалганы белгиленди. Санариптик кодексти иштеп чыгууда тажрыйбалуу серепчилер эмгектенип, ар кайсы бөлүгү ар тилде жазылып, которулган. Кодекс мазмуну боюнча өзүнө төрт деңгээлди камтыйт: Маалыматтар деңгээли — санариптик ресурстар, каттоо жүргүзүү жана колдонуу, ошондой эле маалыматтарды иштеп чыгууга байланыштуу мамилелер жөнгө салынат. Анын максаты санариптик маалыматтардын толук кандуулугун, актуалдуулугун жана жеткиликтүүлүгүн камсыздоо болуп саналат.Кыргызстанга которулган акчанын кеминде 94,4 пайызы ЕАЭБ мамлекеттеринен келет. Мындай жыйынтыкты Улуттук банктын маалыматтарынан улам чыгарууга болот. Кеп акча которуу системалары, банктык тиркемелер жана электрондук капчыктар аркылуу жеке адамдардын транзакциялары жөнүндө болуп жатат. 2024-жылдын январь айынан октябрына чейин өлкөгө 2 миллиард 522,2 миллион доллар которулган. Анын ичинен 2 миллиард 351,1 миллион доллары Россиядан салынса, 4,3 миллион доллары Казакстандан келген. Армения жана Беларусь боюнча маалыматтар берилген эмес. Бирок аларсыз деле акча которуунун аз дегенде 94,4 пайызы ЕАЭБ мамлекеттерине туура келери көрүнүп турат. Адатта сырттан которулган каражатты "мигранттар салган акча" деп коюшат. Бирок башка да транзакциялар эске алынат. Каражат ар кандай валютада алынып, алардын долларлык эквиваленти көрсөтүлөт.Кыргызстандык спортчулар Кытайдын Харбин шаарында өтчү кышкы Азия оюндарына катышат. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинин маалымат кызматы кабарлады. Билдирмеге караганда, мелдеш 7-14-февраль күндөрү Харбин шаарында болот. Оюндар спорттун 11 түрүнөн өтүп, медалдын 64 комплекти ойнотулат. Кыргызстандын атынан спорттук иш-чарага хоккей, биатлон, слалом, кёрлинг жана көркөм муз тебүү боюнча 50дөн ашык спортчу катышары күтүлүүдө.Россия ТИМинин расмий өкүлү Мария Захарова АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкендин Вашингтон Киевди атайын операция башталганча эле курал-жарак менен камсыздаган деген билдирүүсүнө комментарий берди. Ал РИА Новости агенттигине дал ушул себептен улам атайын операциянын максаты Украинаны демилитаризациялоо экенин айткан. “Россия бул тууралуу көп жылдан бери айтып келет. Украинаны курал-жаракка шыкоо, россиялык чек араны бузуу менен Кара деңиз акваториясындагы НАТОнун машыгуулары, өлкөбүздүн аба мейкиндигинде жарандык учактар менен Батыштын аскердик авиациясынын кооптуу кептешүүсү тууралуу качантан бери айтылып келген”, — деди Захарова. Эскерте кетсек, буга чейин АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Вашингтон Киевге атайын операция башталганча эле курал-жарак берип келгенин айткан.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/01/05/1091253765_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_3572e653bbc827e9a3be05930aeff2c3.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио