https://sputnik.kg/20250102/2025-zhyldan-kijin-torolgondordu-ehmne-kutot-1091218678.html
Жаңы муун. 2025-жылдан кийин төрөлгөн балдар көп көйгөйгө тушугабы?
Жаңы муун. 2025-жылдан кийин төрөлгөн балдар көп көйгөйгө тушугабы?
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 2-янв. — Sputnik. 2025-жылы төрөлгөндөр жаңы муундун балдары болушат жана алар дүйнөдөгү социалдык бир топ көйгөйлөргө тушугат. Муну "альфа мууну"... 02.01.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-01-02T19:43+0600
2025-01-02T19:43+0600
2025-01-02T22:00+0600
дүйнөдө
бала
жасалма интеллект
миграция
жылуулук
климат
https://sputnik.kg/img/07e5/03/03/1051649697_0:160:3072:1888_1920x0_80_0_0_5319770b04136b037d052ceb62247e15.jpg
БИШКЕК, 2-янв. — Sputnik. 2025-жылы төрөлгөндөр жаңы муундун балдары болушат жана алар дүйнөдөгү социалдык бир топ көйгөйлөргө тушугат. Муну "альфа мууну" терминин пайдаланууга киргизген футуролог Марк Маккриндлдин айтканына таянып New York Post жазганын РИА Новости кабарлады. Америкалык басылманын маалыматында 2010-жылдан 2024-жылга чейин альфа муунунун доору болгону айтылат. Эми 2025-жылдан 2039-жылга чейин бета мууну өкүм сүрөт.Бул убакытта төрөлгөн балдар дүйнөдөгү олуттуу социалдык көйгөйлөргө туш келип, алар менен күрөшүүгө туура келет.Анын айтымында, жасалма интеллект көзөмөлдөгөн ааламда, тагыраагы, 2035-жылга карата бета мууну дүйнө калкынын 16 пайызын гана түзөт."Бета мууну жасалма интеллект жана автоматташтыруу күнүмдүк жашообузга толугу менен кирген мезгилде — билим алуу жана жумуш ордунан тарта саламаттык сактоодон көңүл ачууга чейин заманбап ыкмага өткөн доордо жашап калат", — деген ал.Америкалык консультанттар Уильям Штраус жана Нейл Хоув 1990-жылдары "муундар теориясын" иштеп чыгышкан. Муун 20 жыл ичинде төрөлгөн адамдар арасында аныкталып, топтогулар бирдей окуяларга жана социалдык өзгөрүүлөргө туш боло турганы айтылат. Теорияга ылайык, ар бир муундун 12 жашка чейинки мезгилинде калыптанган жалпы баалуулуктар топтому болот жана адам өмүр бою ошол баалуулуктарды негиз кылып жашайт.
https://sputnik.kg/20231213/zhasalma-intellekt-maek-1081219680.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e5/03/03/1051649697_171:0:2902:2048_1920x0_80_0_0_aaab9521c84024083c37ba82e79fa15d.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дүйнөдө, бала, жасалма интеллект, миграция, жылуулук, климат
дүйнөдө, бала, жасалма интеллект, миграция, жылуулук, климат
БИШКЕК, 2-янв. — Sputnik. 2025-жылы төрөлгөндөр жаңы муундун балдары болушат жана алар дүйнөдөгү социалдык бир топ көйгөйлөргө тушугат. Муну "альфа мууну" терминин пайдаланууга киргизген футуролог Марк Маккриндлдин айтканына таянып New York Post жазганын
РИА Новости кабарлады.
Америкалык басылманын маалыматында 2010-жылдан 2024-жылга чейин альфа муунунун доору болгону айтылат. Эми 2025-жылдан 2039-жылга чейин бета мууну өкүм сүрөт.
Бул убакытта төрөлгөн балдар дүйнөдөгү олуттуу социалдык көйгөйлөргө туш келип, алар менен күрөшүүгө туура келет.
"Климат өзгөрүп, миграция көбөйүп, шаарларды гана өнүктүрүүгө басым жасалууда. Мындай шартта туруктуу өнүгүү болушуна катуу аракет жасалат", — деген Маккриндл.
Анын айтымында, жасалма интеллект көзөмөлдөгөн ааламда, тагыраагы, 2035-жылга карата бета мууну дүйнө калкынын 16 пайызын гана түзөт.
"Бета мууну жасалма интеллект жана автоматташтыруу күнүмдүк жашообузга толугу менен кирген мезгилде — билим алуу жана жумуш ордунан тарта саламаттык сактоодон көңүл ачууга чейин заманбап ыкмага өткөн доордо жашап калат", — деген ал.
Америкалык консультанттар Уильям Штраус жана Нейл Хоув 1990-жылдары "муундар теориясын" иштеп чыгышкан. Муун 20 жыл ичинде төрөлгөн адамдар арасында аныкталып, топтогулар бирдей окуяларга жана социалдык өзгөрүүлөргө туш боло турганы айтылат. Теорияга ылайык, ар бир муундун 12 жашка чейинки мезгилинде калыптанган жалпы баалуулуктар топтому болот жана адам өмүр бою ошол баалуулуктарды негиз кылып жашайт.
13 Бештин айы 2023, 19:16