https://sputnik.kg/20250101/kim-chen-yn-turizm-kedr-1091202448.html
Ким Чен Ын Түндүк Кореяда туризмди өнүктүрүүгө чакырды
Ким Чен Ын Түндүк Кореяда туризмди өнүктүрүүгө чакырды
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 1-янв. — Sputnik. Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын Корея өзүнүн республикасында туризмди өнүктүрүүгө чакырды. Бул тууралуу өлкөнүн Борбордук телеграф... 01.01.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-01-01T13:09+0600
2025-01-01T13:09+0600
2025-01-01T13:09+0600
дүйнөдө
ким чен ын
туризм
кэдр
өнүктүрүү
https://sputnik.kg/img/07e9/01/01/1091200484_0:0:3072:1728_1920x0_80_0_0_4a616f3a0c681c2a7cfffaede304deb7.jpg
БИШКЕК, 1-янв. — Sputnik. Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын Корея өзүнүн республикасында туризмди өнүктүрүүгө чакырды. Бул тууралуу өлкөнүн Борбордук телеграф агенттигинен шилтеме кылып РИА Новости жазды.Маалыматка ылайык, Түндүк Кореянын лидери 29-декабрда Чыгыш деңизинин жээгинде жайгашкан туристтик шаарчаны кыдырып, өлкөнүн бул жааттагы ресурстарын колдонуу зарылдыгын белгилеген. Ал туризмди аймакты гүлдөтүү жана өлкөнүн экономикасын өстүрүү үчүн кыймылдаткыч күч катары баалаарын айткан.Белгилүү болгондой, Кальма жарым аралында жайгашкан Мёнсасимни шаарчасы өлкөнүн туристтик жайларынын бири болуп саналат. Ал жерде мейманканалар, эс алуу жайлары жана көңүл ачуучу комплекстер курулуп, эс алуу үчүн эң мыкты шарттары бар жер катары белгиленет. Кальма жээгиндеги туристтик аймактын июнда ачылары күтүлүүдө.Ким Чен Ын шаардын негизги кызмат көрсөтүү базаларына канааттанып, ал жерде мамлекеттик деңгээлдеги саясий жана маданий иш-чараларды өткөрүүгө мүмкүн экенин айткан. Ошондой эле ал кызмат көрсөтүү түрлөрүн кеңейтүүнү жана дүйнөлүк деңгээлдеги адистерди даярдоону тапшырган.
https://sputnik.kg/20241123/aksh-sogush-askerdik-mashyguu-1090366557.html
кэдр
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/01/01/1091200484_962:0:3072:1582_1920x0_80_0_0_d749c0b9af1b4a15a0e550e67903a860.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дүйнөдө, ким чен ын, туризм, кэдр, өнүктүрүү
дүйнөдө, ким чен ын, туризм, кэдр, өнүктүрүү
Ким Чен Ын Түндүк Кореяда туризмди өнүктүрүүгө чакырды
БИШКЕК, 1-янв. — Sputnik. Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын Корея өзүнүн республикасында туризмди өнүктүрүүгө чакырды. Бул тууралуу өлкөнүн Борбордук телеграф агенттигинен шилтеме кылып
РИА Новости жазды.
Маалыматка ылайык, Түндүк Кореянын лидери 29-декабрда Чыгыш деңизинин жээгинде жайгашкан туристтик шаарчаны кыдырып, өлкөнүн бул жааттагы ресурстарын колдонуу зарылдыгын белгилеген. Ал туризмди аймакты гүлдөтүү жана өлкөнүн экономикасын өстүрүү үчүн кыймылдаткыч күч катары баалаарын айткан.
Белгилүү болгондой, Кальма жарым аралында жайгашкан Мёнсасимни шаарчасы өлкөнүн туристтик жайларынын бири болуп саналат. Ал жерде мейманканалар, эс алуу жайлары жана көңүл ачуучу комплекстер курулуп, эс алуу үчүн эң мыкты шарттары бар жер катары белгиленет. Кальма жээгиндеги туристтик аймактын июнда ачылары күтүлүүдө.
Ким Чен Ын шаардын негизги кызмат көрсөтүү базаларына канааттанып, ал жерде мамлекеттик деңгээлдеги саясий жана маданий иш-чараларды өткөрүүгө мүмкүн экенин айткан. Ошондой эле ал кызмат көрсөтүү түрлөрүн кеңейтүүнү жана дүйнөлүк деңгээлдеги адистерди даярдоону тапшырган.
23 Жетинин айы 2024, 13:39