https://sputnik.kg/20241231/1091195431.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Sputnik Кыргызстан
Мамлекеттик бажы кызматы 2024-жылга коюлган планды ашыгы менен аткарды. Бул тууралуу “Биринчи радионун” түз эфиринде Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Самат... 31.12.2024, Sputnik Кыргызстан
2024-12-31T18:59+0600
2024-12-31T18:59+0600
2024-12-31T19:10+0600
https://sputnik.kg/img/07e8/0c/1f/1091195299_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_a56bc2c3840eca4d72fe380733ecaeb0.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Sputnik Кыргызстан
Мамлекеттик бажы кызматы 2024-жылга коюлган планды ашыгы менен аткарды. Бул тууралуу “Биринчи радионун” түз эфиринде Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Самат Исабеков билдирди. Анын айтымында, Бажы кызматы үстүбүздөгү жылдын 24-декабрына карата 123 млрд сом бажы төлөмдөрүн чогултту. Мамлекет тарабынан бажы төлөмдөрүн чогултуу боюнча 2024-жылга 117 млрд сом өлчөмүндөгү план бекитилип берилген, план ашыгы менен аткарылып, 2023-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 6 млрд сомго көп чогултулду. “Бул албетте, жалпы эмгек жамааттын күжүрмөн эмгегинин натыйжасы. Мындай натыйжаларга жетүү үчүн Бажы кызматы бизнес-процесстерди жөнөкөйлөтүү жана тездетүү, өткөрүү пункттарындагы кубаттуулукту жогорулатуу, санариптик чечимдерди киргизүү, аткезчиликке каршы күрөштү күчөтүү, коррупциялык схемаларды жоюу боюнча комплекстүү иштерди жүргүздү”, - деди ал.
31-декабрдан 2-январга чейин өлкө аймагында 15 миңден ашуун милиция кызматкери коопсуздук камсыздоо үчүн күчөтүлгөн тартипте иштейт. Бул тууралуу “Биринчи радионун” түз эфиринде ички иштер министрлигинин Коомдук коопсуздук кызматынын бөлүм башчысы Уран Шамбетов айтты. Милициянын атайын топтору түнкүсүн коомдук жайлардагы тартипти жөнгө салууга жана мыйзам бузуулардын алдын алууга багытталган. Техникалар текшерүүдөн өтүп, азыркы учурда даяр экени маалымдалды. Өлкө боюнча коомдук тартипти көзөмөлдөө үчүн 40 миңден ашуун видеокөзөмөл орнотулган.
Үч-Коргон ГЭСинин 4-гидроагрегаты реконструкциядан кийин ишке берилди. Энергетика министрлигинен маалымдашкандай, реконструкция иштери станциянын кубаттуулугун жана иштөө эффективдүүлүгүн жогорулатууга багытталган. Учурда Үч-Коргон ГЭСинин кошумча кубаттуулугу 20%га жогорулады. Ошондой эле өлкөнүн энергетикалык коопсуздугун жакшыртууга жана электр энергиясын өндүрүүнү көбөйтүүгө шарт түзүлдү. Эске салсак, Үч-Коргон ГЭСинин 4-гидроагрегатын жаңылоо 2024-жылдын март айында башталган. Ал эми алдыга коюлган планга ылайык, 2025-жылы ГЭСтин 3-гидроагрегатын реконструкциялоо башталат. Жаңылануу долбоору аяктаса, ГЭСтин иштөө мөөнөтү дагы 25-30 жылга узарары айтылды. Үч-Коргон ГЭСи Нарын дарысындагы эң алгачкы жолу курулган гидроэлектростанция болуп эсептелет. Суу сактагыч Жалал-Абад облусуна караштуу Шамалдуу-Сай шаарында жайгашкан. Анын жалпы көлөмү 52,5 млн куб метрге жетет. Министрлик 1962-жылдан бери ГЭСте реконструкциялоо иштери болбогонун белгиледи.
Баткен облусунун Кадамжай районундагы Үч-Коргон айыл аймагында “Табышкер” көмүр кени ишке кирип, көмүр казууга даярдыктар жүрүүдө. Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, ишкана ачык ыкма менен жылына 440 тонна көмүр өндүрүү мүмкүнчүлүгү бар. Алдыда жер астынан кен казуу да пландалган. Кенди иштетүүгө 2 млн АКШ доллар каражаты инвестицияланууда. Биринчи этапта 50 жумушчу оруну түзүлүүдө. Белгилей кетсек, аталган жайда 3 млн 246 миң тонна көмүрдүн кору бар экендиги аныкталган.
Мамлекеттик бажы кызматы 2024-жылга коюлган планды ашыгы менен аткарды. Бул тууралуу “Биринчи радионун” түз эфиринде Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Самат Исабеков билдирди. Анын айтымында, Бажы кызматы үстүбүздөгү жылдын 24-декабрына карата 123 млрд сом бажы төлөмдөрүн чогултту. Мамлекет тарабынан бажы төлөмдөрүн чогултуу боюнча 2024-жылга 117 млрд сом өлчөмүндөгү план бекитилип берилген, план ашыгы менен аткарылып, 2023-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 6 млрд сомго көп чогултулду. “Бул албетте, жалпы эмгек жамааттын күжүрмөн эмгегинин натыйжасы. Мындай натыйжаларга жетүү үчүн Бажы кызматы бизнес-процесстерди жөнөкөйлөтүү жана тездетүү, өткөрүү пункттарындагы кубаттуулукту жогорулатуу, санариптик чечимдерди киргизүү, аткезчиликке каршы күрөштү күчөтүү, коррупциялык схемаларды жоюу боюнча комплекстүү иштерди жүргүздү”, - деди ал.31-декабрдан 2-январга чейин өлкө аймагында 15 миңден ашуун милиция кызматкери коопсуздук камсыздоо үчүн күчөтүлгөн тартипте иштейт. Бул тууралуу “Биринчи радионун” түз эфиринде ички иштер министрлигинин Коомдук коопсуздук кызматынын бөлүм башчысы Уран Шамбетов айтты. Милициянын атайын топтору түнкүсүн коомдук жайлардагы тартипти жөнгө салууга жана мыйзам бузуулардын алдын алууга багытталган. Техникалар текшерүүдөн өтүп, азыркы учурда даяр экени маалымдалды. Өлкө боюнча коомдук тартипти көзөмөлдөө үчүн 40 миңден ашуун видеокөзөмөл орнотулган.Үч-Коргон ГЭСинин 4-гидроагрегаты реконструкциядан кийин ишке берилди. Энергетика министрлигинен маалымдашкандай, реконструкция иштери станциянын кубаттуулугун жана иштөө эффективдүүлүгүн жогорулатууга багытталган. Учурда Үч-Коргон ГЭСинин кошумча кубаттуулугу 20%га жогорулады. Ошондой эле өлкөнүн энергетикалык коопсуздугун жакшыртууга жана электр энергиясын өндүрүүнү көбөйтүүгө шарт түзүлдү. Эске салсак, Үч-Коргон ГЭСинин 4-гидроагрегатын жаңылоо 2024-жылдын март айында башталган. Ал эми алдыга коюлган планга ылайык, 2025-жылы ГЭСтин 3-гидроагрегатын реконструкциялоо башталат. Жаңылануу долбоору аяктаса, ГЭСтин иштөө мөөнөтү дагы 25-30 жылга узарары айтылды. Үч-Коргон ГЭСи Нарын дарысындагы эң алгачкы жолу курулган гидроэлектростанция болуп эсептелет. Суу сактагыч Жалал-Абад облусуна караштуу Шамалдуу-Сай шаарында жайгашкан. Анын жалпы көлөмү 52,5 млн куб метрге жетет. Министрлик 1962-жылдан бери ГЭСте реконструкциялоо иштери болбогонун белгиледи.Баткен облусунун Кадамжай районундагы Үч-Коргон айыл аймагында “Табышкер” көмүр кени ишке кирип, көмүр казууга даярдыктар жүрүүдө. Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, ишкана ачык ыкма менен жылына 440 тонна көмүр өндүрүү мүмкүнчүлүгү бар. Алдыда жер астынан кен казуу да пландалган. Кенди иштетүүгө 2 млн АКШ доллар каражаты инвестицияланууда. Биринчи этапта 50 жумушчу оруну түзүлүүдө. Белгилей кетсек, аталган жайда 3 млн 246 миң тонна көмүрдүн кору бар экендиги аныкталган.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2024
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e8/0c/1f/1091195299_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_053f26a6ef90c38e35aa680515324488.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио