https://sputnik.kg/20241229/zhamankara-baatyr-erdigi-1091125574.html
Бөйрөгү жулунуп жатса да кыңк деп үн чыгарбаган Жаманкара баатыр. Эскерүү
Бөйрөгү жулунуп жатса да кыңк деп үн чыгарбаган Жаманкара баатыр. Эскерүү
Sputnik Кыргызстан
Кыргыз баатырынын эрдиги дастанда да мыкты берилген. Жаманкаранын урпактары ушу тапта Чүйдүн Кайырма айылында жашап келишет. 29.12.2024, Sputnik Кыргызстан
2024-12-29T19:04+0600
2024-12-29T19:04+0600
2024-12-29T19:04+0600
кыргызстан
туяк
баатыр
ак-турпак
казак
айтбек бегалиев
маек
урпак
видеомаек
видео
https://sputnik.kg/img/07e8/0c/1b/1091125974_0:120:1080:728_1920x0_80_0_0_aadb029b5a9b17c05629e375d6b76250.jpg
Sputnik Кыргызстан радиосунун "Туяк" программасында мейманда Жаманкара Чоткара уулунун урпагы Айтбек Бегалиев жана скульптор Токтали Мурзакаримов болду.— Алгач Жаманкара баатырдын теги тууралуу сүйлөшсөк...Айтбек Бегалиев: — Жаманкара баатырдын уруусу солто. Солто уруусу Тагай бий, Богорстон, Эштек, Солто, андан Чаа, Чаадан Каракчы (Бөлөкбай — эл арасында ред.) андан Түлөкабыл, анын баласы Чоткара, Чоткарадан Жаманкара баатыр болуп тарайт. Атасы эрте эле 4-5 жашында өтүп кетет. Кыргыздын салты боюнча, апасын кайнисине алып бермек болушат. Бирок апабыз аны кабыл албай, баласы Жаманкараны алып Шамшы ашуусу аркылуу Кочкордогу төркүнүнө кетет. Күйөөсү да төшөктө жатканда "көзүм өтүп кетсе бул жакта калбай төркүнүңө бара бер" деп керээз айткан экен. Ошентип 15-16 жашына чейин чоң атабыздын балалыгы Кочкордо өтөт. Санжыранын дагы бир вариантында Жаманкара 6-7 жашка чыкканда Чоткаранын агасы Чыңгыш абабыз барып "балам, сенин элиң-жериң Чүйдө" деп алып келгени айтылат. Бирок биз биринчи вариантты туура көрүп, чындыкка жакындаштырып жатабыз. Себеби биринчи баатырдыгы Кочкордо болгону баяндалат.Ормон хан кыргыз-казак катышкан чоң той өткөрүп, ошондо биринчи жолу Жаманкара баатыр эрдигин көрсөтөт. Тойдо казактын баатыры кыргыздын эки баатырын сайып түшүрөт, ага намыстанып кеткен Жаманкара атабыз байланып турган бээни жайдак минип, бирөөнүн найзасын алып зооту жок "мен чыгам" деп, элдин "кой, бөөдө өлүп каласың" дегенине болбой чыгат да, жеңип алат. Ошондо эл баатырдыгына таң калган. Жаманкара деп аталып калышынын себеби да бар. Кичинесинен көз тийбесин деген тилек менен "ким төрөлүптүр, кандай" дегендерге "ой, жаман бир кара жатат" деп жатып Жаманкара аталып калыптыр. Бала кезинен эле теңтуштарынан баатырдыгы жагынан айырмаланып турчу экен. Эл жакшыларынын бири Жангарач бий Жаманкарага өзүнүн зоот атын берип, жоокердик кийим тиктирип берет. Себеби олбурлуу баатырды башка аттар көтөрө албайт да. Ошентип кыргыздын намысын талашкан элдик баатырга айланган жайы бар. Кийин казактарда өткөн чоң тойдо коңшу элдин баатыры Шоорук менен сайышат. Ал баатыр эле эмес, бир чөлкөмдүн эл башкарган манабы болот. Экөө эки жактан бири-бирин көздөй чаап келе жатканда Шоорук баатыр атын кайрып качат. Жигиттери таңданып, "ой, баатырым, эмне болду, эмнеге качтың?" десе, "ой, пирим ай, эки ийининде эки ажыдаар, башында жолборс турса кантип качпайм?" деген экен. Көрсө, Жаманкара атабыздын колдоочусу көрүнүптүр. Ошондон кийин экөө достошуп кетет. Жаманкара Чүйдө, ал коңшулардын Ыргайтуу деген жеринде жашап, той-ашы бир болуп учурашып жүргөндөн кийин катышып калышат.— Жаманкаранын өлүмүнө Шоорук себепчи болгон дешет...А.Б.: — 1846-1847-жылдары Кененсары хан кыргыздарга кол салат. Алгач мурда кыргыздын жери болгон азыркы Луговой айылын басып алмакчы болот. Ошол жерди Бүргө баатырдын урпагы Калча бий эли менен жерлеген экен. Кененсары элге күзүндө эгин жыйнап жаткан кезде кол салып, эгин-тегин, мал-мүлкүн тартып алганы аз келгенсип, Калча бий менен кошо 200дөй жигитин барымтага алат. Бир жылдай кармайт. Ал ийгилигине маашырланган Кененсары кийинки жолу Кара-Балтанын тушунан кол салат. Бирок Калча бийдин элин чапканын уккан Жайыл баатырдын урпактары даяр болуп, Кененсарыны артка сүрөт. Ошентип кышы менен Кененсары жылкы чаап, кыргыздын малына тийип отурат. Азыр Бишкектеги Алматы көчөсүнүн аягындагы кечмеликтен өткөндө мурунку Георгиевка айылы жайгашкан. Жазында Кененсары ошол кечмеликтен өтүп, биздин айылга кол салат. Ал тарыхта "Мазарлуу Мыкандын чабышы" деп аталып калган. Алгач Кененсары Мыканга чейин сүрүп келет. Ага чейин кыргыздар эки жакка чабарман жиберип, 3000ге жакын кол топтолот. Үч күн чоң чабыш болот. Тарыхта кара суу канга боёлуп кызыл сууга айланганы айтылат. Кармашта Кененсары 2000ге жакын тандалма аскерин жоготот. Ошондон кийин кыргыздын баатыр жигиттерин көрүп барып жыйын куруп, "ар кайсы жерге отурукташкан, мамлекети жок элди жеңе албайт экенбиз" деп, биринчи биздин баатырларды жоготуу тактикасына өтөт. Ал Шоорук менен биздин чоң атабыз жакшы мамиледе жүргөнүн билет да. Ошентип Шоорук Кененсарынын тапшырмасы менен амалданып, алгач Жаманкаранын жылкысына тийип, анан "биздин балдар байкабай сиздин жылкыңызды айдап келиптир, жигиттериңиз менен келип мейман болуп кетиңиз" деп чакырат. Баатырлар куулугу жок болгон да. Ошентип Жаманкара менен барган 13 баатырдын ар бирине бирден боз үй тигип коноктоп, Жаманкараны да өзүнчө жаткырышат. Түн бир оокумда баары катуу уйкуга киргенде 13 баатырды тең жайлап жок кылышат да, Жаманкараны баарылап аркандап чөгөлөтүп отургузуп коюшат. Кененсарынын карындашы Бопуйкан (Бопай — казакча) боз үйдүн жылчыгынан Жаманкараны карап туруп, агасына "бул көзүндө жалыны бар нак баатыр экен. Оңой киши эмес. Андан көрө достошуп ал, болбосо арты жаман болот" дейт. Ага чейин кыргызга кол саларда Кененсарыга кеңешчилеринин бири да "кара кыргызга тийбе, арты жаман болот" деген экен. Ошону да кийин карындашы айтып жатпайбы. Буга ачуусу келген Кененсары карындашын какканда агасына Бопуй биринчи жолу үнүн көтөрүп каяша айткан дешет. "Анда барып көндүр" деген агасынын уруксаты менен Бопуй кирип Жаманкараны казакта калууга аябай көндүрөт. Бирок Жаманкара өз элине саткын аталгысы келбей, макул болбой коёт. Ал канга жетет. Ошентип таңга маал Кененсары келип, Жаманкараны кекетип орой сөз айтат, ага ачуусу келген Жаманкара да өзүнө жараша жооп берет. Жини келген Кененсары канжарын сууруп чыгып, тирүүлөй эле Жаманкаранын бир бөйрөгүн кесип алып, ыргытып таштайт. Ошондо да атабыз бир үн чыгарбаптыр. Кененсары экинчи бөйрөгүн да кесип салып, колун чечип "эми кете бер" дейт. Тарыхта аңырайып калган эки бөйрөгүнүн ордуна эки муштумун матырып, Жаманкара боз үйдөн чыгып 3-4 кадам басканда Шоорук кылычын сууруп өлтүрүүгө тап бергени, аны байкаган Жаманкара боз үйгө жөлөнүп турган ала бакан менен урганда Шоорукка тийбей, жанында турган жигитине тийип, ал дароо мүрт кеткени айтылат. Ошону менен атабыз да кулап каза болуптур. Жаманкара баатырдын өлүмүнө дос аталган Шоорук ушундайча себепкер болгон экен.— Сиздерде Жаманкара баатырга таандык буюм-тайымдар барбы?А.Б.: — Апам 15 жашында келин болуп келиптир. Ошол кезде короодо чоң атабыздын зооту илинип турчу экен. Апам деле бала экен да, ойноп жатышып, жеңине башын салса батып кетчү дейт. Ушундай алп киши болуптур. Ырымдап зооттон балта менен чаптырып кеткендер болчу экен. Кийин ошол зоотту бирөөлөр сурап кетип, ошону менен табылбай калды. Сураштырып таппай койдук.Чоң апам эски кепкирин көрсөтүп "чоң атаңар колдонгон буюм" деп айтчу. Тийгизбей илип койчу. Кийин ал да жоголуп кетти. Азыр ала баканы гана бар. Ал кезде маани берилбей калса керек. Көп буюму сакталбай калыптыр.Биз жактагы дөбөнү эл Жаманкаранын дөбөсү деп коёт. Көрсө, атабыз ошол жерде жатканды жакшы көрчү экен. Ошол дөбө эле түшүмө кире берчү. Токталиге (скульптор — ред.) жолугуп, айкел тууралуу сүйлөшүп, анан инимди алып дөбөгө барып жыт чыгарып куран окуттук. Ошондон кийин кирбей калды. 2023-жылы Жаманкара баатырга 200 жыл болду. Атабыздын биринчи мекенин коргогон кандуу кармашы Ленин айылынан башталгандыктан эстелигин да ошол жерге койдук. Ал айылга Жаманкара баатырдын атын берсе жакшы болмок. Жаманкара баатыр тууралуу Белек Солтоноев, Абдилашим уулу Ысмайыл эл арасынан маалыматтарды жыйнап жазып чыгышкан. Манасчы Сагынбай Орозбак уулу да айтыптыр. Анын варианты Илимдер академиясында кол жазма катары сакталуу. Былтыр өткөн илимий конференцияда окумуштуулар аны изилдөө керектигин белгилешти. Жаманкара баатырды мектеп программасына киргизүү кажет.— Токтали мырза, сиз кандайча баатырдын эстелигин жасап калдыңыз?Токтали Мурзакаримов: — Бул кишилердин демилгеси менен алгач Жаманкара баатырдын өмүр жолу, баатырдыгы, тарыхы менен тааныштым. Мага абдан таасир берди. Мындай баатыр аталарын урпактар билиши керек дедим. Мекенчил сезимимди ойготту. Баатырдын образын чыгаруу кыйын. Ошол себептен жатсам-турсам да оюмдан кетпей, ушул ой менен жашап калдым. Эл сүрөтчүлөрү болгон агайларым менен улам кеңешип, аларга да көргөзүп коюп турдум. Туугандарынын баарын карап чыктым, өң-келбетин окшош берүүгө аракеттендим. Кыскасы, аябай издендим. Учурда өз айылына музейин куралы деп турабыз. Кайрадан китептерди окуп, тарыхка кайрылып, баатырдын калканы, зооту, кылычы кандай болсо ошондой кылып жасап чыгуу кажет. Анткени музейге экспонат керек. Азыр баатырдын тарыхындагы урунттуу окуяларын түшүрүп, дубалга полотносун тартып жатабыз.
https://sputnik.kg/20241201/aman-toktogulovdun-beynesi-tuyak-1090522788.html
ак-турпак
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2024
Нурайым Рысмамбетова
https://sputnik.kg/img/07e7/02/08/1072723228_634:137:847:350_100x100_80_0_0_47f290b43cbec9e6c1b1dd64bcedc9c3.jpg
Нурайым Рысмамбетова
https://sputnik.kg/img/07e7/02/08/1072723228_634:137:847:350_100x100_80_0_0_47f290b43cbec9e6c1b1dd64bcedc9c3.jpg
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e8/0c/1b/1091125974_0:49:1080:859_1920x0_80_0_0_3ebf2d628b1bcf31bc4e3568f40d44df.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Нурайым Рысмамбетова
https://sputnik.kg/img/07e7/02/08/1072723228_634:137:847:350_100x100_80_0_0_47f290b43cbec9e6c1b1dd64bcedc9c3.jpg
кыргызстан, туяк, баатыр, ак-турпак, казак, айтбек бегалиев, маек, урпак, видеомаек, видео, жаманкара чоткара уулу, токтали мурзакаримов
кыргызстан, туяк, баатыр, ак-турпак, казак, айтбек бегалиев, маек, урпак, видеомаек, видео, жаманкара чоткара уулу, токтали мурзакаримов
Бөйрөгү жулунуп жатса да кыңк деп үн чыгарбаган Жаманкара баатыр. Эскерүү
Кыргыз баатырынын эрдиги дастанда да мыкты берилген. Жаманкаранын урпактары ушу тапта Чүйдүн Кайырма айылында жашап келишет.
Sputnik Кыргызстан радиосунун "Туяк" программасында мейманда Жаманкара Чоткара уулунун урпагы Айтбек Бегалиев жана скульптор Токтали Мурзакаримов болду.
— Алгач Жаманкара баатырдын теги тууралуу сүйлөшсөк...
Айтбек Бегалиев: — Жаманкара баатырдын уруусу солто. Солто уруусу Тагай бий, Богорстон, Эштек, Солто, андан Чаа, Чаадан Каракчы (Бөлөкбай — эл арасында ред.) андан Түлөкабыл, анын баласы Чоткара, Чоткарадан Жаманкара баатыр болуп тарайт. Атасы эрте эле 4-5 жашында өтүп кетет. Кыргыздын салты боюнча, апасын кайнисине алып бермек болушат. Бирок апабыз аны кабыл албай, баласы Жаманкараны алып Шамшы ашуусу аркылуу Кочкордогу төркүнүнө кетет. Күйөөсү да төшөктө жатканда "көзүм өтүп кетсе бул жакта калбай төркүнүңө бара бер" деп керээз айткан экен. Ошентип 15-16 жашына чейин чоң атабыздын балалыгы Кочкордо өтөт. Санжыранын дагы бир вариантында Жаманкара 6-7 жашка чыкканда Чоткаранын агасы Чыңгыш абабыз барып "балам, сенин элиң-жериң Чүйдө" деп алып келгени айтылат. Бирок биз биринчи вариантты туура көрүп, чындыкка жакындаштырып жатабыз. Себеби биринчи баатырдыгы Кочкордо болгону баяндалат.
Ормон хан кыргыз-казак катышкан чоң той өткөрүп, ошондо биринчи жолу Жаманкара баатыр эрдигин көрсөтөт. Тойдо казактын баатыры кыргыздын эки баатырын сайып түшүрөт, ага намыстанып кеткен Жаманкара атабыз байланып турган бээни жайдак минип, бирөөнүн найзасын алып зооту жок "мен чыгам" деп, элдин "кой, бөөдө өлүп каласың" дегенине болбой чыгат да, жеңип алат. Ошондо эл баатырдыгына таң калган. Жаманкара деп аталып калышынын себеби да бар. Кичинесинен көз тийбесин деген тилек менен "ким төрөлүптүр, кандай" дегендерге "ой, жаман бир кара жатат" деп жатып Жаманкара аталып калыптыр. Бала кезинен эле теңтуштарынан баатырдыгы жагынан айырмаланып турчу экен. Эл жакшыларынын бири Жангарач бий Жаманкарага өзүнүн зоот атын берип, жоокердик кийим тиктирип берет. Себеби олбурлуу баатырды башка аттар көтөрө албайт да. Ошентип кыргыздын намысын талашкан элдик баатырга айланган жайы бар. Кийин казактарда өткөн чоң тойдо коңшу элдин баатыры Шоорук менен сайышат. Ал баатыр эле эмес, бир чөлкөмдүн эл башкарган манабы болот. Экөө эки жактан бири-бирин көздөй чаап келе жатканда Шоорук баатыр атын кайрып качат. Жигиттери таңданып, "ой, баатырым, эмне болду, эмнеге качтың?" десе, "ой, пирим ай, эки ийининде эки ажыдаар, башында жолборс турса кантип качпайм?" деген экен. Көрсө, Жаманкара атабыздын колдоочусу көрүнүптүр. Ошондон кийин экөө достошуп кетет. Жаманкара Чүйдө, ал коңшулардын Ыргайтуу деген жеринде жашап, той-ашы бир болуп учурашып жүргөндөн кийин катышып калышат.
— Жаманкаранын өлүмүнө Шоорук себепчи болгон дешет...
А.Б.: — 1846-1847-жылдары Кененсары хан кыргыздарга кол салат. Алгач мурда кыргыздын жери болгон азыркы Луговой айылын басып алмакчы болот. Ошол жерди Бүргө баатырдын урпагы Калча бий эли менен жерлеген экен. Кененсары элге күзүндө эгин жыйнап жаткан кезде кол салып, эгин-тегин, мал-мүлкүн тартып алганы аз келгенсип, Калча бий менен кошо 200дөй жигитин барымтага алат. Бир жылдай кармайт. Ал ийгилигине маашырланган Кененсары кийинки жолу Кара-Балтанын тушунан кол салат. Бирок Калча бийдин элин чапканын уккан Жайыл баатырдын урпактары даяр болуп, Кененсарыны артка сүрөт. Ошентип кышы менен Кененсары жылкы чаап, кыргыздын малына тийип отурат. Азыр Бишкектеги Алматы көчөсүнүн аягындагы кечмеликтен өткөндө мурунку Георгиевка айылы жайгашкан. Жазында Кененсары ошол кечмеликтен өтүп, биздин айылга кол салат. Ал тарыхта "Мазарлуу Мыкандын чабышы" деп аталып калган. Алгач Кененсары Мыканга чейин сүрүп келет. Ага чейин кыргыздар эки жакка чабарман жиберип, 3000ге жакын кол топтолот. Үч күн чоң чабыш болот. Тарыхта кара суу канга боёлуп кызыл сууга айланганы айтылат. Кармашта Кененсары 2000ге жакын тандалма аскерин жоготот. Ошондон кийин кыргыздын баатыр жигиттерин көрүп барып жыйын куруп, "ар кайсы жерге отурукташкан, мамлекети жок элди жеңе албайт экенбиз" деп, биринчи биздин баатырларды жоготуу тактикасына өтөт. Ал Шоорук менен биздин чоң атабыз жакшы мамиледе жүргөнүн билет да. Ошентип Шоорук Кененсарынын тапшырмасы менен амалданып, алгач Жаманкаранын жылкысына тийип, анан "биздин балдар байкабай сиздин жылкыңызды айдап келиптир, жигиттериңиз менен келип мейман болуп кетиңиз" деп чакырат. Баатырлар куулугу жок болгон да. Ошентип Жаманкара менен барган 13 баатырдын ар бирине бирден боз үй тигип коноктоп, Жаманкараны да өзүнчө жаткырышат. Түн бир оокумда баары катуу уйкуга киргенде 13 баатырды тең жайлап жок кылышат да, Жаманкараны баарылап аркандап чөгөлөтүп отургузуп коюшат. Кененсарынын карындашы Бопуйкан (Бопай — казакча) боз үйдүн жылчыгынан Жаманкараны карап туруп, агасына "бул көзүндө жалыны бар нак баатыр экен. Оңой киши эмес. Андан көрө достошуп ал, болбосо арты жаман болот" дейт. Ага чейин кыргызга кол саларда Кененсарыга кеңешчилеринин бири да "кара кыргызга тийбе, арты жаман болот" деген экен. Ошону да кийин карындашы айтып жатпайбы. Буга ачуусу келген Кененсары карындашын какканда агасына Бопуй биринчи жолу үнүн көтөрүп каяша айткан дешет. "Анда барып көндүр" деген агасынын уруксаты менен Бопуй кирип Жаманкараны казакта калууга аябай көндүрөт. Бирок Жаманкара өз элине саткын аталгысы келбей, макул болбой коёт. Ал канга жетет. Ошентип таңга маал Кененсары келип, Жаманкараны кекетип орой сөз айтат, ага ачуусу келген Жаманкара да өзүнө жараша жооп берет. Жини келген Кененсары канжарын сууруп чыгып, тирүүлөй эле Жаманкаранын бир бөйрөгүн кесип алып, ыргытып таштайт. Ошондо да атабыз бир үн чыгарбаптыр. Кененсары экинчи бөйрөгүн да кесип салып, колун чечип "эми кете бер" дейт. Тарыхта аңырайып калган эки бөйрөгүнүн ордуна эки муштумун матырып, Жаманкара боз үйдөн чыгып 3-4 кадам басканда Шоорук кылычын сууруп өлтүрүүгө тап бергени, аны байкаган Жаманкара боз үйгө жөлөнүп турган ала бакан менен урганда Шоорукка тийбей, жанында турган жигитине тийип, ал дароо мүрт кеткени айтылат. Ошону менен атабыз да кулап каза болуптур. Жаманкара баатырдын өлүмүнө дос аталган Шоорук ушундайча себепкер болгон экен.
— Сиздерде Жаманкара баатырга таандык буюм-тайымдар барбы?
А.Б.: — Апам 15 жашында келин болуп келиптир. Ошол кезде короодо чоң атабыздын зооту илинип турчу экен. Апам деле бала экен да, ойноп жатышып, жеңине башын салса батып кетчү дейт. Ушундай алп киши болуптур. Ырымдап зооттон балта менен чаптырып кеткендер болчу экен. Кийин ошол зоотту бирөөлөр сурап кетип, ошону менен табылбай калды. Сураштырып таппай койдук.
Чоң апам эски кепкирин көрсөтүп "чоң атаңар колдонгон буюм" деп айтчу. Тийгизбей илип койчу. Кийин ал да жоголуп кетти. Азыр ала баканы гана бар. Ал кезде маани берилбей калса керек. Көп буюму сакталбай калыптыр.
Биз жактагы дөбөнү эл Жаманкаранын дөбөсү деп коёт. Көрсө, атабыз ошол жерде жатканды жакшы көрчү экен. Ошол дөбө эле түшүмө кире берчү. Токталиге (скульптор — ред.) жолугуп, айкел тууралуу сүйлөшүп, анан инимди алып дөбөгө барып жыт чыгарып куран окуттук. Ошондон кийин кирбей калды. 2023-жылы Жаманкара баатырга 200 жыл болду. Атабыздын биринчи мекенин коргогон кандуу кармашы Ленин айылынан башталгандыктан эстелигин да ошол жерге койдук. Ал айылга Жаманкара баатырдын атын берсе жакшы болмок. Жаманкара баатыр тууралуу Белек Солтоноев, Абдилашим уулу Ысмайыл эл арасынан маалыматтарды жыйнап жазып чыгышкан. Манасчы Сагынбай Орозбак уулу да айтыптыр. Анын варианты Илимдер академиясында кол жазма катары сакталуу. Былтыр өткөн илимий конференцияда окумуштуулар аны изилдөө керектигин белгилешти. Жаманкара баатырды мектеп программасына киргизүү кажет.
— Токтали мырза, сиз кандайча баатырдын эстелигин жасап калдыңыз?
Токтали Мурзакаримов: — Бул кишилердин демилгеси менен алгач Жаманкара баатырдын өмүр жолу, баатырдыгы, тарыхы менен тааныштым. Мага абдан таасир берди. Мындай баатыр аталарын урпактар билиши керек дедим. Мекенчил сезимимди ойготту. Баатырдын образын чыгаруу кыйын. Ошол себептен жатсам-турсам да оюмдан кетпей, ушул ой менен жашап калдым. Эл сүрөтчүлөрү болгон агайларым менен улам кеңешип, аларга да көргөзүп коюп турдум. Туугандарынын баарын карап чыктым, өң-келбетин окшош берүүгө аракеттендим. Кыскасы, аябай издендим. Учурда өз айылына музейин куралы деп турабыз. Кайрадан китептерди окуп, тарыхка кайрылып, баатырдын калканы, зооту, кылычы кандай болсо ошондой кылып жасап чыгуу кажет. Анткени музейге экспонат керек. Азыр баатырдын тарыхындагы урунттуу окуяларын түшүрүп, дубалга полотносун тартып жатабыз.