https://sputnik.kg/20241229/aliev-aktauda-kulagan-uchak-atajylap-atkalynbaganyn-ajtty-1091154814.html
Илхам Алиев: Актауда кулаган учак жерден аткыланып кырсыктаган
Илхам Алиев: Актауда кулаган учак жерден аткыланып кырсыктаган
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 29-дек. — Sputnik. "Азербайжан аба жолдорунун" Embraer-190 учагы Россиянын аймагынан Грозный шаарына жакын жерде аткыланып, учкучтар аны башкара албай... 29.12.2024, Sputnik Кыргызстан
2024-12-29T18:00+0600
2024-12-29T18:00+0600
2024-12-30T16:29+0600
дүйнөдө
азербайжан
россия
учак
кырсык
ильхам алиев
актау
казакстан
https://sputnik.kg/img/07e8/0c/1d/1091155717_0:0:1920:1080_1920x0_80_0_0_9826ba17874ea740d2cf38445905dac1.jpg
БИШКЕК, 29-дек. — Sputnik. "Азербайжан аба жолдорунун" Embraer-190 учагы Россиянын аймагынан Грозный шаарына жакын жерде аткыланып, учкучтар аны башкара албай калгандыктан кырсыктаган. Бирок аткылоо атайылап жасалган эмес. Бул тууралуу Азербайжан президенти Илхам Алиев AzTV телеканалына маек куруп жатып айтканын РИА Новости жазды. Анын айтымында, кулаган учактын фюзеляжына ок тийгени көрүнүп турат, бул факт аба кемеси куштардын тобуна урунган деген версияны толугу менен четке кагат.Анткен менен президент кырсыктын так себеби кара кутулар ачылгандан кийин даана билине турганын белгилеген. Эскерте кетсек, кечээ РФ президенти Владимир Путин Илхам Алиев менен телефондон сүйлөшүп, трагедиялуу окуя Россиянын аба мейкиндигинде болгондугуна байланыштуу кечирим сураган. Сүйлөшүүдө Азербайжандын учагы Грозный аэропортуна бир нече жолу конууга аракет кылганы белгиленген. Бул учурда Грозныйга, Моздокко жана Владикавказга украиналык учкучсуз учактар чабуул жасап, россиялык абадан коргонуу системалары мизин кайтарган.Факт боюнча Россиянын Тергөө комитети Кылмыш-жаза кодексинин 263-беренеси ("Аба транспортунун кыймылынын жана эксплуатациясынын коопсуздугунун эрежелерин бузуу") боюнча кылмыш ишин козгоду. Алгачкы тергөө амалдары жүргүзүлүп, жарандык жана аскер адистери суракка алынууда.
https://sputnik.kg/20241229/sadyr-zhapaoov-tushtuk-koreya-bijligine-konul-ajtty-1091153383.html
азербайжан
актау
казакстан
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2024
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e8/0c/1d/1091155717_240:0:1680:1080_1920x0_80_0_0_110b266be5e35bbdd46adfa4d8dc97ed.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дүйнөдө, азербайжан, россия, учак, кырсык, ильхам алиев, актау, казакстан
дүйнөдө, азербайжан, россия, учак, кырсык, ильхам алиев, актау, казакстан
БИШКЕК, 29-дек. — Sputnik. "Азербайжан аба жолдорунун" Embraer-190 учагы Россиянын аймагынан Грозный шаарына жакын жерде аткыланып, учкучтар аны башкара албай калгандыктан кырсыктаган. Бирок аткылоо атайылап жасалган эмес. Бул тууралуу Азербайжан президенти Илхам Алиев AzTV телеканалына маек куруп жатып айтканын
РИА Новости жазды.
"Учак Россиянын аймагынан атайылап аткыланган эмес", — деген өлкө башчысы.
Анын айтымында, кулаган учактын фюзеляжына ок тийгени көрүнүп турат, бул факт аба кемеси куштардын тобуна урунган деген версияны толугу менен четке кагат.
Анткен менен президент кырсыктын так себеби кара кутулар ачылгандан кийин даана билине турганын белгилеген.
Эскерте кетсек, кечээ РФ президенти Владимир Путин Илхам Алиев менен телефондон сүйлөшүп, трагедиялуу окуя Россиянын аба мейкиндигинде болгондугуна байланыштуу
кечирим сураган.
Сүйлөшүүдө Азербайжандын учагы Грозный аэропортуна бир нече жолу конууга аракет кылганы белгиленген. Бул учурда Грозныйга, Моздокко жана Владикавказга украиналык учкучсуз учактар чабуул жасап, россиялык абадан коргонуу системалары мизин кайтарган.
Факт боюнча Россиянын Тергөө комитети Кылмыш-жаза кодексинин 263-беренеси ("Аба транспортунун кыймылынын жана эксплуатациясынын коопсуздугунун эрежелерин бузуу") боюнча кылмыш ишин козгоду. Алгачкы тергөө амалдары жүргүзүлүп, жарандык жана аскер адистери суракка алынууда.
29 Бештин айы 2024, 16:35