https://sputnik.kg/20241228/putin-aliyevden-kechirim-surady-1091145965.html
Актаудагы учак кырсыгы. Путин Алиевден кечирим сурады
Актаудагы учак кырсыгы. Путин Алиевден кечирим сурады
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 28-дек. — Sputnik. Владимир Путин Азербайжандын президенти Илхам Алиев менен телефон аркылуу сүйлөшүп, учак боюнча трагедиялуу окуя Россиянын аба... 28.12.2024, Sputnik Кыргызстан
2024-12-28T20:06+0600
2024-12-28T20:06+0600
2024-12-29T10:34+0600
дүйнөдө
владимир путин
ильхам алиев
кечирим
https://sputnik.kg/img/07e7/0a/10/1079530466_0:0:3072:1728_1920x0_80_0_0_2b7fb7b3b9edff1733caacba9fda2063.jpg
БИШКЕК, 28-дек. — Sputnik. Владимир Путин Азербайжандын президенти Илхам Алиев менен телефон аркылуу сүйлөшүп, учак боюнча трагедиялуу окуя Россиянын аба мейкиндигинде болгондугуна байланыштуу кечирим сурады.Кремлдин билдиргенине караганда, лидерлер 25-декабрда Казакстандын Актау шаарына жакын жерде кыйраган "Азербайжан аба жолдорунун" жүргүнчү учагынын кыйрашына байланыштуу маселелерди талкуулашты.Путин каза болгондордун жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, жабыркагандардын тезирээк сакайып кетишин тиледи.Сүйлөшүүдө Азербайжандын учагы Грозный аэропортуна бир нече жолу конууга аракет кылганы белгиленген. Бул учурда Грозныйга, Моздокко жана Владикавказга украиналык учкучсуз учактар чабуул жасап, россиялык абадан коргонуу системалары мизин кайтарган.Факт боюнча Россиянын Тергөө комитети Кылмыш-жаза кодексинин 263-беренеси ("Аба транспортунун кыймылынын жана эксплуатациясынын коопсуздугунун эрежелерин бузуу") боюнча кылмыш ишин козгоду. Алгачкы тергөө амалдары жүргүзүлүп, жарандык жана аскер адистери суракка алынууда.Учурда Азербайжандын Башкы прокуратурасынын эки кызматкери Грозныйда жүрүшөт, алар Россия Федерациясынын Башкы прокуратурасынын жана Тергөө комитетинин өкүлдөрү менен биргеликте иш алып барышууда.Россиянын, Азербайжандын жана Казакстандын тиешелүү кызматтары Актау шаарына жакын жердеги кырсык болгон аймакта тыгыз кызматташып жатат.
https://sputnik.kg/20241226/kazakstan-kyrsyk-uchak-1091081819.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2024
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e7/0a/10/1079530466_103:0:2834:2048_1920x0_80_0_0_e85e175b81663145c409b4229a57b818.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дүйнөдө, владимир путин, ильхам алиев, кечирим
дүйнөдө, владимир путин, ильхам алиев, кечирим
Актаудагы учак кырсыгы. Путин Алиевден кечирим сурады
20:06 28.12.2024 (Жаңыртылды: 10:34 29.12.2024) БИШКЕК, 28-дек. — Sputnik. Владимир Путин Азербайжандын президенти Илхам Алиев менен телефон аркылуу сүйлөшүп, учак боюнча трагедиялуу окуя Россиянын аба мейкиндигинде болгондугуна байланыштуу кечирим сурады.
Кремлдин билдиргенине караганда, лидерлер 25-декабрда Казакстандын Актау шаарына жакын жерде кыйраган "Азербайжан аба жолдорунун" жүргүнчү учагынын кыйрашына байланыштуу маселелерди талкуулашты.
Путин каза болгондордун жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, жабыркагандардын тезирээк сакайып кетишин тиледи.
Сүйлөшүүдө Азербайжандын учагы Грозный аэропортуна бир нече жолу конууга аракет кылганы белгиленген. Бул учурда Грозныйга, Моздокко жана Владикавказга украиналык учкучсуз учактар чабуул жасап, россиялык абадан коргонуу системалары мизин кайтарган.
Факт боюнча Россиянын Тергөө комитети Кылмыш-жаза кодексинин 263-беренеси ("Аба транспортунун кыймылынын жана эксплуатациясынын коопсуздугунун эрежелерин бузуу") боюнча кылмыш ишин козгоду. Алгачкы тергөө амалдары жүргүзүлүп, жарандык жана аскер адистери суракка алынууда.
Учурда Азербайжандын Башкы прокуратурасынын эки кызматкери Грозныйда жүрүшөт, алар Россия Федерациясынын Башкы прокуратурасынын жана Тергөө комитетинин өкүлдөрү менен биргеликте иш алып барышууда.
Россиянын, Азербайжандын жана Казакстандын тиешелүү кызматтары Актау шаарына жакын жердеги кырсык болгон аймакта тыгыз кызматташып жатат.
26 Бештин айы 2024, 10:33