00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
5 мин
Таберик
09:34
25 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
4 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:00
4 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:00
3 мин
Жаңылыктар
19:00
5 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
Об экономике и не только
20:04
54 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:00
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1
Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Аскарова: Улуттук китепкананы маданий очокко айлантуу зарыл

© Sputnik / Арууке АмирдиноваАлыкул Осмонов атындагы Улуттук китепкананын директору Айнура Аскарова
Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепкананын директору Айнура Аскарова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.12.2024
Жазылуу
Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепкананын директору Айнура Аскарова китепкананы заманга жараша реконструкциялоо иштери тууралуу айтты.
Азыр чет өлкөдө китепкана тармагы көп профилдүү функцияны аткарып жатат. Китепканага келгендер коворкинг-борбор, кофе ичүүчү жай, мультимедиалык зал, Wi-Fi менен заман талабына жараша ыңгайлуулук талап кылууда. Бул тууралуу Айнура Аскарова Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Аскарова: Улуттук китепкананы маданий очокко айлантуу зарыл
Анын айтымында, азыр элди китепканага тартуу үчүн инновациялык сапатка өтүү керек.
"Улуттук деген макамы бар, акылдын казынасын, тарыхыбызды топтогон Улуттук китепканабыз замандын талабына жараша иштеши керек. Иш сапарда чет өлкөгө көп иш-чараларга барууга туура келгендиктен барган өлкөнүн музейин, анан китепканасын карачумун. Алыс кетпей эле Өзбекстанды алсак, китепканасы президенттин карамагына алынган. Китепканаларды өнүктүрүүгө, конструкцияcына, сактап калуу жагына жакшы маани берилет. Эң биринчи байлык — бул акыл. Билим, интеллектуалдык байлык бардык категориялардан өйдө турат. Көптөгөн өлкөлөрдүн китепканага өзгөчө маани бергенин байкоого болот. Бизде да буга маани бере турган этабы келди го деп ойлойм. Акыл, мурас казынабызды сактап тим болбой андан ары да өнүктүрүп, замандын ыргагына шайкеш келтирүү кажет. Азыр Улуттук китепкананын мындан аркы иши боюнча концепция иштелип чыгып жатат, негизги багыттары аныкталып калды. Эл аралык уюмдардын ордосу болуп калгандай таасир калтырган залдарыбыз бар. Эми эки тараптуу келишимдин негизинде эл аралык кызматташтыгыбызды да жолго коюп, баштан-аяк реконструкция кылсак деген максаттарыбыз болуп жатат. Канча жылдан бери оңдоо иштери, ички системалык тутуму каралбай калган. Болбосо биздин имарат борбордун ортосунда жайгашкан, кыргызча айтканда сөөгү жакшы. Азыркы Касымалы Баялинов атындагы китепканадан 40 жыл мурун Турдакун Усубалиев көчүрүп келген. Болгону ички реконструкциясын заманга ылайык өзгөртүү кажет. Функцияларды китеп окууга гана бурбастан, советтик системадан башка креативдүү, инновациялык сапатка өтсөк деп жатабыз. Мисалы, биздин азыркы долбоордо Манас, Семетей, Сейтек борборлору, президенттик залдарды салуу пландалууда. Анда мамлекет башчылары жаштарга мүмкүн бир лекция окуп берет. Көздү оорутпаган лампалар, Wi-Fi, жасалма интеллект орнотулса дейбиз. Каражат болсо түзүүгө эмнеге болбосун. Китепканадагы мультимедиалык жана илимий залдар заманбап жабдуулар менен жабдылса коомдогу бардык катмардын жарандары келе алат," — деди Аскарова.
Ал китепкананы маданий очокко айлантуу долбоорун түзүү жаатында азыр жумушчу топ иштеп жатканын кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0