Чүйдө ири бажы-логистикалык борбордун курулушуна капсула салынды
Чүйдө ири бажы-логистикалык борбордун курулушуна капсула салынды
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 26-дек. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Global hub көп функционалдуу бажы-логистикалык... 26.12.2024, Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 26-дек. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Global hub көп функционалдуу бажы-логистикалык борборунун курулушуна капсула салды. Бул тууралуу өкмөттөн кабарлашты.Касымалиев Кыргызстанда кампа рыногу өнүгүүнүн алгачкы баскычында турганын, жогорку класстагы кампалар жетишсиз болуп жатканын белгиледи. Ал Global hub Борбор Азиянын логистикалык инфраструктурасын өнүктүрүүдө маанилүү звеного айланарын айтты.Global hub көп функционалдуу бажы-логистикалык борборунун жалпы аянты 136 миң чарчы метрден ашат, анын 120 миң чарчы метрин суперкампалар түзөт. Анда тамак-аш жана башка тез бузулуучу товарлар сакталат.Инвестициянын жалпы көлөмү 21 миллион долларды түзүп, жогорку маяналуу 100дөн ашык жумуш орду түзүлөт.
БИШКЕК, 26-дек. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Global hub көп функционалдуу бажы-логистикалык борборунун курулушуна капсула салды. Бул тууралуу өкмөттөн кабарлашты.
Касымалиев Кыргызстанда кампа рыногу өнүгүүнүн алгачкы баскычында турганын, жогорку класстагы кампалар жетишсиз болуп жатканын белгиледи. Ал Global hub Борбор Азиянын логистикалык инфраструктурасын өнүктүрүүдө маанилүү звеного айланарын айтты.
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Global hub көп функционалдуу бажы-логистикалык борборунун курулушуна капсула салды
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Global hub көп функционалдуу бажы-логистикалык борборунун курулушуна капсула салды
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Global hub көп функционалдуу бажы-логистикалык борборунун курулушуна капсула салды
Анда тамак-аш жана башка тез бузулуучу товарлар сакталат
"2030-жылга чейин Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолунун курулушу бүтүп, "Бедел" өткөрмө пункту толук кандуу ишке кирсе, анда бул рынок алда канча таасирдүү көлөмгө чейин жетет. Ошондуктан Кыргызстан азыртадан даярданышы керек. Дүйнөдө күнүнө миллиондогон тонна жүк чыгып, ташылат. Импорт-экспорттун динамикасы тынымсыз өсүүдө. Ошондуктан өткөрүү жөндөмдүүлүгү мыкты кампалардын, логистикалык борборлордун же хабдардын курулушу кыргыз экономикасынын өнүгүшүнө чоң түрткү берет", — деди Касымалиев.
Global hub көп функционалдуу бажы-логистикалык борборунун жалпы аянты 136 миң чарчы метрден ашат, анын 120 миң чарчы метрин суперкампалар түзөт. Анда тамак-аш жана башка тез бузулуучу товарлар сакталат.
Инвестициянын жалпы көлөмү 21 миллион долларды түзүп, жогорку маяналуу 100дөн ашык жумуш орду түзүлөт.