Багытыбыздан тайбайлы. Жапаровдун Курултайдагы кайрылуусунун урунттуу учурлары
13:02 20.12.2024 (Жаңыртылды: 13:14 20.12.2024)
© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент Садыр Жапаров III Элдик курултайда сүйлөп жатат
Жазылуу
БИШКЕК, 20-дек. — Sputnik. Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолунун курулушу 27-декабрда башталат. Бул тууралуу Садыр Жапаров III Элдик курултайда сүйлөп жатып билдирди.
Анын айтымында, Курултай глобалдык жана улуттук маселелерди талкуулай турган аянтчага айланышы керек.
"Сиздерге учурдагы абалды баалоо гана эмес, алдыбыздагы баса турган жолду аныктап, жакынкы келечекте өлкөнү өнүктүрүүнүн эң орчундуу багыттарын белгилеген кайрылуу менен чыгуудамын. Биз күчтүү жана өнүккөн Кыргызстанды куруунун туруктуу багытына түштүк жана андан тайбайбыз. Бүгүнкү кайрылуум ушул багыттагы программалык сөз болмокчу", — деди мамлекет башчы.
Төмөндө мамлекет башчынын кайрылуусунун урунттуу учурлары:
мамлекеттин ички дүң продукциясын быйыл 1,5 триллион сомдук чекке жеткирүү пландалууда;
коррупцияга, кылмыштуулукка каршы күрөш улантылат, бирок бул багытта элдин колдоосу керек;
кыргыз-өзбек чек арасынын чектери толугу менен чечилди. Кыргыз-тажик чек арасы боюнча сүйлөшүүлөр аягына чыкты;
мыйзамсыз менчиктештирилген мүлктөрдү кайтарып, адилеттүүлүктү орнотуу иштери жүргүзүлүүдө. Мындай аракеттерди жактырбай, "менчиктин укугу бузулууда" дегендер чыкты. Мамлекет мыйзамдуу алынган мүлккө эч качан кол салбайт;
банктар инвестор катары иш алып барып, материалдык күрөөнү гана эмес, келечектүү бизнес-моделдерди баалашы керек;
Айлана-чөйрөнү булгоо – өзүн дагы, башкаларды дагы, өз Мекенин жана анын табиятын сыйлабастык деп эсептейм. Өлкөнүн тазалыгы тазалап-жыйноо иштеринен эмес, аң-сезимибизден башталышы керек;
административдик-аймактык реформанын натыйжасында өз алдынча башкаруу органдарынын саны 452ден 231ге чейин кыскарды. Бул – жөн гана түзүмдөрдү кыскартуу эмес, түз башкарууда тартипти, көзөмөлдү орнотууга багытталган, так эсептелген стратегиялык чечим;
жакынкы жылдары өлкө боюнча 40 000ден ашуун жаңы батир курулат;
үч жылда 35 миңге жакын үй-бүлө 100 миң сомдон алып, жалпысынан 3,3 миллиард сом бөлүнгөн. Келерки жылы кошумча дагы 20 миң бүлөгө каражат бөлүнөт. Ошондой эле "Социалдык келишим" долбоорунун катышуучуларына үч жылдык мөөнөткө 200 миң сомго чейинки суммада пайызсыз насыя берилүүдө;
жетим балдардын топтолмо эсеби ишке киргизилди. Муну менен биз 2 930 жетим баланын ар биринин жеке эсебине 500 миң сомдон каражат топтолуусуна шарт түздүк. 18 жашка толгондон кийин алар бул каражатты билим алуугабы, ден соолугун чыңдоогобу же жашоо шарттарын жакшыртууга колдоно алышат;
коомдо мугалимдерге, дарыгерлерге, аялдарга жана балдарга карата зомбулукка жол берилбеши керек;
мамлекет көп балалуу үй-бүлөлөрдүн санынын өсүшү үчүн олуттуу кадамдарды жасап, 2026-жылдын 1-январынан тартып өлкөнүн бийик тоолуу жана алыскы аймактарында туруктуу жашаган көп балалуу энелерге финансылык төлөмдөрдү берүү пландаштырылууда.
Алсак:
төртүнчү балага — 100 миң сом;
бешинчи балага — 600 миң сом;
жетинчи балага — 1 миллион сом;
сегизинчи балага — 1 миллион 200 миң сом;
тогузунчу балага — 1 миллион 500 миң сом;
онунчу жана андан көп балага — 2 миллион сом берилет;
малды кармоодо кайтарым болбогондон сырткары, жайыттарыбыз талкаланып, экологияга зыян келүүдө. Мындай абалды өзгөртүүгө Айыл чарба министрлиги чукул киришүүсү керек;
акыркы жылдары 400 000ден ашуун адам таза суу менен камсыздалды, 2025-жылга чейин дагы 150 000 адамды камсыздоо пландалууда. Өлкөдөгү ар бир үй-бүлө таза сууга жетмейинче бул аракет токтобойт;
Кыргыз Республикасынын тышкы саясаты ар дайым көп векторлуу, тынчтыкка жана ачыктыкка, кызматташтыкка умтулуп келет. Биз жакынкы кошуналарыбыз менен жакшы ымалада болууга жана алар менен дипломатиялык туруктуу алака түзүү менен өнүгүп-өсүүгө жетебиз. Ошол эле мезгилде дүйнөнүн бардык мамлекеттери менен тең укуктуу жана өз ара максаттуу принциптеринин негизинде кызматташууга даяр;
"Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолун куруу" долбоору буга чейин ондогон жылдар бою текчелерде чаң басып келген. 27-декабрь күнү бул жолдун расмий курулуш иштери башталат.
Белгилей кетсек, 20-21-декабрда Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында президент Садыр Жапаровдун катышуусунда III Элдик курултай өтүп жатат. Ага өлкөнүн бардык аймактарынан 700 делегат, ошондой эле Жогорку Кеңештин төрагасы баштаган депутаттары, министрлер кабинетинин төрагасы баштаган өкмөт мүчөлөрү жана башка уюмдардын жетекчилери катышууда. Иш-чараны чагылдыруу үчүн 100дөн ашык ЖМК аккредитациядан өткөн.
Курултай — жалпы элдин көйгөйлөрүн көтөрүп, багытын аныктай турган институционалдык жыйын. Ал боюнча норма Баш мыйзамга киргизилип, тиешелүү мыйзам кабыл алынган. Байыртадан кыргыз эли маанилүү чечимдерди курултай аркылуу чечип келгени айтылат.