https://sputnik.kg/20241217/kyrgyzstan-iim-salamattykty-saktoo-1090886411.html
"Түнкү тыныгуу" мыйзамын аткаруу Саламаттык сактоо министрлигине өткөрүлөт
"Түнкү тыныгуу" мыйзамын аткаруу Саламаттык сактоо министрлигине өткөрүлөт
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 17-дек. — Sputnik. Түнкү тыныгуунун мөөнөтүн аныктаган мыйзамдын аткарылышын көзөмөлдөө ИИМден Саламаттык сактоо министрлигине өткөрүлөт. Бул тууралуу... 17.12.2024, Sputnik Кыргызстан
2024-12-17T17:39+0600
2024-12-17T17:39+0600
2024-12-17T17:40+0600
кыргызстан
түнкү тыныгуу
иим
мыйзам
кр саламаттык сактоо министрлиги
https://sputnik.kg/img/104129/29/1041292927_5:0:3600:2022_1920x0_80_0_0_9402d30aedf0f772a66261165ea48f27.jpg
БИШКЕК, 17-дек. — Sputnik. Түнкү тыныгуунун мөөнөтүн аныктаган мыйзамдын аткарылышын көзөмөлдөө ИИМден Саламаттык сактоо министрлигине өткөрүлөт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин комитетинде башкы прокурордун орун басары Үмүткан Конкубаева билдирди.Аталган мыйзамга президент Садыр Жапаров 7-декабрда кол койгон. Ага ылайык, турак үйлөрдө, эс алуучу жана коомдук жайларда иш күндөрү саат 22:00дөн 07:00гө, дем алыш, майрам күндөрү 22:00дөн 09:00гө чейин музыка жана башка ызы-чуунун дабышы белгиленген деңгээлден ашпашы керек.Бул мыйзам боюнча баяндама жасаган Коңкубаева президент Кодекске өзгөртүү киргизүү тууралуу мыйзамды кайра кайтарганын айтты. Анын "Калкты ызы-чуу таасиринен коргоо талаптарын бузуу" делген 82-беренеси боюнча, ИИМге жарандарды уруксат берилген чектен ашкан добуштар үчүн айыпка жыгуу укугу берилген.
https://sputnik.kg/20241202/ata-enesin-karoosuz-kaltyrgandar-zhazalanat-1090567117.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2024
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/104129/29/1041292927_679:0:3375:2022_1920x0_80_0_0_5db8225e1a08b7bca96883582fc4ee7e.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, түнкү тыныгуу, иим, мыйзам, кр саламаттык сактоо министрлиги
кыргызстан, түнкү тыныгуу, иим, мыйзам, кр саламаттык сактоо министрлиги
БИШКЕК, 17-дек. — Sputnik. Түнкү тыныгуунун мөөнөтүн аныктаган мыйзамдын аткарылышын көзөмөлдөө ИИМден Саламаттык сактоо министрлигине өткөрүлөт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин комитетинде башкы прокурордун орун басары Үмүткан Конкубаева билдирди.
Аталган мыйзамга президент Садыр Жапаров
7-декабрда кол койгон. Ага ылайык, турак үйлөрдө, эс алуучу жана коомдук жайларда иш күндөрү саат 22:00дөн 07:00гө, дем алыш, майрам күндөрү 22:00дөн 09:00гө чейин музыка жана башка ызы-чуунун дабышы белгиленген деңгээлден ашпашы керек.
Бул мыйзам боюнча баяндама жасаган Коңкубаева президент Кодекске өзгөртүү киргизүү тууралуу мыйзамды кайра кайтарганын айтты. Анын "Калкты ызы-чуу таасиринен коргоо талаптарын бузуу" делген 82-беренеси боюнча, ИИМге жарандарды уруксат берилген чектен ашкан добуштар үчүн айыпка жыгуу укугу берилген.
"Бул маселеде Башкы прокуратура каршылыгын билдирген. Аны менен ИИМ дагы макул болду. Анткени алар коомдук тартипти көзөмөлдөйт. Ал эми Саламаттык сактоо министрлиги бул маселени аткаруучу орган болушу керек. Анткени аларда тиешелүү адистер жана жабдуулар бар", — деди Конкубаева.