https://sputnik.kg/20241217/kamchybek-tashiyev-akylbek-zhaparov-1090874824.html
УКМК төрагасы Акылбек Жапаровдун кызматтан кетиши тууралуу айтты
УКМК төрагасы Акылбек Жапаровдун кызматтан кетиши тууралуу айтты
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 17-дек. — Sputnik. УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Акылбек Жапаровдун кызматтан кетишине комментарий берди. 17.12.2024, Sputnik Кыргызстан
2024-12-17T11:18+0600
2024-12-17T11:18+0600
2024-12-17T11:19+0600
кыргызстан
укмк
камчыбек ташиев
саясат
акылбек жапаров
https://sputnik.kg/img/07e6/03/18/1063093252_0:82:1600:982_1920x0_80_0_0_bcf45fe2c6b7c80146f0b96ed1a87088.jpg
БИШКЕК, 17-дек. — Sputnik. УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Акылбек Жапаровдун кызматтан кетишине комментарий берди. Бүгүн журналисттер үчүн маалымат жыйындын башталышында "Акылбек Үсөнбековичтей болуп отчет бергенге жетишпей калбайын деп берип жатам" деп тамашалаган. Жыйындын жүрүшүндө "Акылбек Жапаровдун кызматтан кетиши менен салыкчылардын кармалышынын байланышы барбы?" деген суроо узатылган."Өкмөт башчы салыкчылардын кармалышы боюнча кызматтан кеттиби?" деген суроого "жөн эле эмес, бир нерсеге байланышы бар үчүн кетти да" деп жооп кайтарды.Буга чейин бир катар салыкчылар, анын ичинде жетекчилери дагы колго түшкөн. Атайын кызматтын айтымында, алар кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу боюнча козголгон иштин алкагында кармалган. Аталган иш боюнча алкоголдук суусундуктарды, кант кошулган продукцияны, тамекини өндүргөндөр жана импортерлор өлкөнүн түштүгүнө товарды жеткирип, андан кийин жүк коштоочу документтерди артка чакыртып алып турган. Ал эми салыкчылар муну көрмөксөнгө салып, быйыл эле жалпы суммасы 3,2 миллиард сомдон ашуун акциздик товардын документинин артка чакыртылышын көз жаздымда калтырышканы айтылган.
https://sputnik.kg/20241217/sadyr-zhaparov-kamchybek-tashiyev-shayloo-sayasat-1090873433.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2024
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e6/03/18/1063093252_92:0:1509:1063_1920x0_80_0_0_14e7b3fc7b5c53ac03d3e2908cf0785d.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, укмк, камчыбек ташиев, саясат, акылбек жапаров
кыргызстан, укмк, камчыбек ташиев, саясат, акылбек жапаров
БИШКЕК, 17-дек. — Sputnik. УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Акылбек Жапаровдун кызматтан кетишине комментарий берди.
Бүгүн журналисттер үчүн маалымат жыйындын башталышында "Акылбек Үсөнбековичтей болуп отчет бергенге жетишпей калбайын деп берип жатам" деп тамашалаган. Жыйындын жүрүшүндө "Акылбек Жапаровдун кызматтан кетиши менен салыкчылардын кармалышынын байланышы барбы?" деген суроо узатылган.
"Көп жакшы жумуштарды аткарып кетти. Анын кетиши боюнча президент гана чечим кабыл алат, аны биз талкуулабайбыз", — деди УКМК төрагасы.
"Өкмөт башчы салыкчылардын кармалышы боюнча кызматтан кеттиби?" деген суроого "жөн эле эмес, бир нерсеге байланышы бар үчүн кетти да" деп жооп кайтарды.
Буга чейин бир катар салыкчылар, анын ичинде жетекчилери дагы колго түшкөн. Атайын кызматтын айтымында, алар кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу боюнча козголгон иштин алкагында кармалган. Аталган иш боюнча алкоголдук суусундуктарды, кант кошулган продукцияны, тамекини өндүргөндөр жана импортерлор өлкөнүн түштүгүнө товарды жеткирип, андан кийин жүк коштоочу документтерди артка чакыртып алып турган. Ал эми салыкчылар муну көрмөксөнгө салып, быйыл эле жалпы суммасы 3,2 миллиард сомдон ашуун акциздик товардын документинин артка чакыртылышын көз жаздымда
калтырышканы айтылган.