https://sputnik.kg/20241216/1090842551.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Sputnik Кыргызстан
Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду ЕАЭБдин кооперациялык долбоорлорун субсидиялоого катыша турган уюмдардын тизмесине кирди. Бул тууралуу Евразия экономикалык... 16.12.2024, Sputnik Кыргызстан
2024-12-16T08:59+0600
2024-12-16T08:59+0600
2024-12-16T09:10+0600
https://sputnik.kg/img/07e8/0c/10/1090842419_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_0a0d18b6652e2bfff233f0260463b4b7.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Sputnik Кыргызстан
Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду ЕАЭБдин кооперациялык долбоорлорун субсидиялоого катыша турган уюмдардын тизмесине кирди. Бул тууралуу Евразия экономикалык комиссиянын сайтында айтылган. Маалыматка ылайык, чечим 13-декабрдагы жыйында уюмга мүчө өлкөлөрдүн өкмөт башчылары тарабынан кабыл алынган. Аталган жыйында өнөр жайдагы биргелешкен кооперациялык долбоорлорго финансылык колдоо көрсөтүү механизмин ишке ашыруу талкууланган. "Июнда ЕАЭБ макулдашуусуна өзгөртүүлөр кирип, ЕЭКке кооперациялык долбоорлорго финансылык жардам көрсөтүү ыйгарым укуктары берилген. Улуттук банктар жана Евразия өнүктүрүү банкы өтүнмөлөрдү Комиссияга тапшырып, бизнес менен байланыштыруучу звено болуп эсептелет. Учурда ЕЭК Беларусь, Казакстан жана Россия катышкан үч долбоорду карап жатат. Алар химиялык өнөр жайды, айыл чарба жана темир жол машиналарын курууну камтыйт. Алгачкы өтүнмөлөр жыл аягына чейин каралат", — деп жазылган маалыматта. Комиссиянын ишинин жүрүшүндө долбоорлорду тандоо жобосун өзгөртүү зарылдыгы келип чыкканы белгиленди.
Кыргызстанда үстүбүздөгү жылдын декабрынан тарта угуусу начар адамдар үчүн айдоочулук күбөлүк алуудан теориялык экзаменде сурдокотормо жеткиликтүү болду. Бул тууралуу Транспорттук каражаттарды жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиги билдирди. Маалыматка ылайык, угуусу начар курсанттар экзамендин теориялык бөлүгүн кесипкөй сурдокотормочунун жардамы менен видео аркылуу тапшыра алышат. Бул аларга маалыматты оңой кабыл алууга жана жол кыймылынын эрежелери боюнча билим сынагынан ийгиликтүү өтүүгө жардам берет. Экзамендин бардык баскычтарында сурдокотормо берилет, анын ичинде нускамалар жана суроолорго жооп берилет.
Чыңгыз Айтматов проспектисинин боюндагы кыйылган теректер муктаждарга, аз камсыз үй-бүлөлөргө берилет. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады. Билдирмеге караганда, отун алуу үчүн каалоочулар 25-декабрга чейин райондук администрацияларга арыз менен кайрылса болот.Мындан тышкары, "Бишкек жашыл курулуш" ишканасы муктаж болгон шаар тургундарына жардам катары отун бөлөт. Муниципалитет буга чейин социалдык өнүктүрүү департаментинин каттоосунда турган 163 аз камсыз үй-бүлө отун алышканын кошумчалады. Эске салсак, мэрия Чыңгыз Айтматов көчөсүн бойлой тигилген теректердин мөөнөтү аяктап, ооруп, көркү кеткенин айтып кыйган. Шамал болсо унаалардын, жүргүнчүлөрдүн үстүнө түшүү коркунучу бар деген да жүйө келтирген.
Араб өлкөлөрүнүн лидерлери Сирияда Башар Асаддын бийликтен четтетилишинен улам өз мамлекеттеринде толкундолордун тобокелчилигинен кооптонуп жатышат. Бул тууралуу Washington Post аналитиктерге, чиновниктерге жана дипломаттарга шилтеме берип жазганын РИА Новости кабарлады. "Египеттин, Иорданиянын, Сауд Арабиянын жана БАЭнин лидерлери Асаддын кызматтан алынышы өздөрүнүн өлкөсүндө башаламандыктарды жаратышы мүмкүн деп тынчсызданып жатышат", — деп билдирген гезит. Дипломаттардын бири Сирияда "Хайят Тахрир аль-Шам" тобунун таасиринин күчөшү Египеттин президенти
Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду ЕАЭБдин кооперациялык долбоорлорун субсидиялоого катыша турган уюмдардын тизмесине кирди. Бул тууралуу Евразия экономикалык комиссиянын сайтында айтылган. Маалыматка ылайык, чечим 13-декабрдагы жыйында уюмга мүчө өлкөлөрдүн өкмөт башчылары тарабынан кабыл алынган. Аталган жыйында өнөр жайдагы биргелешкен кооперациялык долбоорлорго финансылык колдоо көрсөтүү механизмин ишке ашыруу талкууланган. "Июнда ЕАЭБ макулдашуусуна өзгөртүүлөр кирип, ЕЭКке кооперациялык долбоорлорго финансылык жардам көрсөтүү ыйгарым укуктары берилген. Улуттук банктар жана Евразия өнүктүрүү банкы өтүнмөлөрдү Комиссияга тапшырып, бизнес менен байланыштыруучу звено болуп эсептелет. Учурда ЕЭК Беларусь, Казакстан жана Россия катышкан үч долбоорду карап жатат. Алар химиялык өнөр жайды, айыл чарба жана темир жол машиналарын курууну камтыйт. Алгачкы өтүнмөлөр жыл аягына чейин каралат", — деп жазылган маалыматта. Комиссиянын ишинин жүрүшүндө долбоорлорду тандоо жобосун өзгөртүү зарылдыгы келип чыкканы белгиленди.Кыргызстанда үстүбүздөгү жылдын декабрынан тарта угуусу начар адамдар үчүн айдоочулук күбөлүк алуудан теориялык экзаменде сурдокотормо жеткиликтүү болду. Бул тууралуу Транспорттук каражаттарды жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиги билдирди. Маалыматка ылайык, угуусу начар курсанттар экзамендин теориялык бөлүгүн кесипкөй сурдокотормочунун жардамы менен видео аркылуу тапшыра алышат. Бул аларга маалыматты оңой кабыл алууга жана жол кыймылынын эрежелери боюнча билим сынагынан ийгиликтүү өтүүгө жардам берет. Экзамендин бардык баскычтарында сурдокотормо берилет, анын ичинде нускамалар жана суроолорго жооп берилет.Чыңгыз Айтматов проспектисинин боюндагы кыйылган теректер муктаждарга, аз камсыз үй-бүлөлөргө берилет. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады. Билдирмеге караганда, отун алуу үчүн каалоочулар 25-декабрга чейин райондук администрацияларга арыз менен кайрылса болот.Мындан тышкары, "Бишкек жашыл курулуш" ишканасы муктаж болгон шаар тургундарына жардам катары отун бөлөт. Муниципалитет буга чейин социалдык өнүктүрүү департаментинин каттоосунда турган 163 аз камсыз үй-бүлө отун алышканын кошумчалады. Эске салсак, мэрия Чыңгыз Айтматов көчөсүн бойлой тигилген теректердин мөөнөтү аяктап, ооруп, көркү кеткенин айтып кыйган. Шамал болсо унаалардын, жүргүнчүлөрдүн үстүнө түшүү коркунучу бар деген да жүйө келтирген.Араб өлкөлөрүнүн лидерлери Сирияда Башар Асаддын бийликтен четтетилишинен улам өз мамлекеттеринде толкундолордун тобокелчилигинен кооптонуп жатышат. Бул тууралуу Washington Post аналитиктерге, чиновниктерге жана дипломаттарга шилтеме берип жазганын РИА Новости кабарлады. "Египеттин, Иорданиянын, Сауд Арабиянын жана БАЭнин лидерлери Асаддын кызматтан алынышы өздөрүнүн өлкөсүндө башаламандыктарды жаратышы мүмкүн деп тынчсызданып жатышат", — деп билдирген гезит. Дипломаттардын бири Сирияда "Хайят Тахрир аль-Шам" тобунун таасиринин күчөшү Египеттин президенти
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2024
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e8/0c/10/1090842419_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_48c24b62d2e75c334a1a1f0f026d35ac.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио