https://sputnik.kg/20241212/kara-suu-zombuluk-kylmysh-iim-1090764992.html
Ойго келбеген жорук. Кара-Сууда аялына кошуп кайненесин кошо сабаган киши камалды
Ойго келбеген жорук. Кара-Сууда аялына кошуп кайненесин кошо сабаган киши камалды
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 12-дек. — Sputnik. Кара-Суу районунда аялы менен кайненесин таяк менен сабаган киши жети суткага камакка алынды. Бул тууралуу Ош ОИИБден кабарлашты. 12.12.2024, Sputnik Кыргызстан
2024-12-12T10:32+0600
2024-12-12T10:32+0600
2024-12-12T10:32+0600
кыргызстан
кара-суу району
зомбулук
кылмыш
иим
коопсуздук
күйөө бала
кайнене
https://sputnik.kg/img/07e8/0c/0c/1090765224_0:83:3141:1849_1920x0_80_0_0_f17194552a74b03921ed455caca21b16.jpg
БИШКЕК, 12-дек. — Sputnik. Кара-Суу районунда аялы менен кайненесин таяк менен сабаган киши жети суткага камакка алынды. Бул тууралуу Ош ОИИБден кабарлашты.Маалыматка ылайык, 30-ноябрда 64 жаштагы аял күйөө баласы токмоктогонун айтып милицияга арыз жазган. Экспертиза жабырлануучунун ден соолугуна атайын жеңил зыян келтирилгендигин аныктаган.Бул боюнча райондук сот эркек кишини жети суткага камакка алган. Мындан тышкары, 2-декабрда анын 24 жаштагы аялы дагы арыз жазып, күйөөсү аны таяк менен сабаганын, ал аз келгенсип өзүнө болушкан апасын дагы таяк менен токмоктогонун айтып милицияга кайрылган.Ички иштер башкармалыгы экспертизалар дайындалганын билдирди. Учурда аялга коргоо ордери берилип, 35 жаштагы жолдошуна кылмыш ишин козгоо маселеси каралууда.
https://sputnik.kg/20241211/kyrgyzstan-zhalal-abad-akiykatchy-zombuluk-1090746660.html
кара-суу району
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2024
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e8/0c/0c/1090765224_106:0:2835:2047_1920x0_80_0_0_d14ebf09db0545790bbf943d971ab511.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, кара-суу району, зомбулук, кылмыш, иим, коопсуздук, күйөө бала, кайнене
кыргызстан, кара-суу району, зомбулук, кылмыш, иим, коопсуздук, күйөө бала, кайнене
БИШКЕК, 12-дек. — Sputnik. Кара-Суу районунда аялы менен кайненесин таяк менен сабаган киши жети суткага камакка алынды. Бул тууралуу Ош ОИИБден кабарлашты.
Маалыматка ылайык, 30-ноябрда 64 жаштагы аял күйөө баласы токмоктогонун айтып милицияга арыз жазган. Экспертиза жабырлануучунун ден соолугуна атайын жеңил зыян келтирилгендигин аныктаган.
Бул боюнча райондук сот эркек кишини жети суткага камакка алган. Мындан тышкары, 2-декабрда анын 24 жаштагы аялы дагы арыз жазып, күйөөсү аны таяк менен сабаганын, ал аз келгенсип өзүнө болушкан апасын дагы таяк менен токмоктогонун айтып милицияга кайрылган.
"Биз милицияга кайрылганыбыздан кийин Сүлүктүдөгү оорулуу инимди жана атамды өлтүрөм деп коркутууда. Балдарымды дагы бербейм деп жатат", — деген жабырлануучу.
Ички иштер башкармалыгы экспертизалар дайындалганын билдирди. Учурда аялга коргоо ордери берилип, 35 жаштагы жолдошуна кылмыш ишин козгоо маселеси каралууда.