https://sputnik.kg/20241210/kyrgyzstan-mektep-rossiya-mugalim-sabak-beret-1090727072.html
Кыргызстандын мектептеринде Россиядан келген жаш мугалимдер сабак берет
Кыргызстандын мектептеринде Россиядан келген жаш мугалимдер сабак берет
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 10-дек. — Sputnik. “Евразия” бейөкмөт уюму жана Россиянын Билим берүү министрлигинин биргелешкен долбоорунун алкагында РФтен келген жаш мугалимдер... 10.12.2024, Sputnik Кыргызстан
2024-12-10T20:11+0600
2024-12-10T20:11+0600
2024-12-11T10:34+0600
кыргызстан
россия
евразия
мугалим
сүрөт
https://sputnik.kg/img/07e8/0c/0b/1090732739_0:160:3072:1888_1920x0_80_0_0_667b28a8e3e1f21b0260d57c9c8ce823.jpg
БИШКЕК, 10-дек. — Sputnik. “Евразия” бейөкмөт уюму жана Россиянын Билим берүү министрлигинин биргелешкен долбоорунун алкагында РФтен келген жаш мугалимдер Кыргызстандын мектептеринде ар кандай предметтер боюнча орус тилинде сабак беришет. Мамлекеттик Думанын депутаты, “Евразия” уюмунун Кеңешинин төрайымы Алена Аршинова белгилегендей, уюм Россиянын континент өлкөлөрү менен кызматташтыгын кеңейтүүгө жана билим берүү программаларын өнүктүрүүгө багытталган долбоорлорду ишке ашырууга ар дайым даяр.Евразия" автономиялуу бейөкмөт уюму — улуттар аралык мамилени илгерилетүүгө багытталган гуманитардык долбоорлорду ишке ашыруучу коммерциялык эмес уюм. Максаты — элдердин улуттук иденттүүлүгүн сактоо менен постсоветтик аймактагы интеграциялык процесстерди бекемдөө. Уюмдун башкы багыттарынын бири окуучуларды, студенттерди жана жаш адистерди колдоо болуп саналат. Долбоорлорунун арасында билим берүү программалары, тажрыйба алмашуу, ири мамлекеттик жана жеке компанияларда стажировкадан өтүү, медиамектеп бар. Муну менен бирге "Евразия" — бул мектеп жана ЖОЖ окутуучулары үчүн кесиптик платформалар, журналист жана блогерлер үчүн гранттар, ишкерлер үчүн өнөктөш издөө жана продукцияны сатуу боюнча бизнес-миссиялар, тарыхты сактоо жана мадатият багытындагы долбоорлор.
https://sputnik.kg/20241126/evraziya-medicina-kyzmatkerlerinin-associaciyasyn-tuzdu-1090424649.html
евразия
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2024
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e8/0c/0b/1090732739_171:0:2902:2048_1920x0_80_0_0_19d93fa07d5f6348b4e066e9a1bcc15c.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, россия, евразия, мугалим, сүрөт
кыргызстан, россия, евразия, мугалим, сүрөт
Кыргызстандын мектептеринде Россиядан келген жаш мугалимдер сабак берет
20:11 10.12.2024 (Жаңыртылды: 10:34 11.12.2024) БИШКЕК, 10-дек. — Sputnik. “Евразия” бейөкмөт уюму жана Россиянын Билим берүү министрлигинин биргелешкен долбоорунун алкагында РФтен келген жаш мугалимдер Кыргызстандын мектептеринде ар кандай предметтер боюнча орус тилинде сабак беришет.
Мамлекеттик Думанын депутаты, “Евразия” уюмунун Кеңешинин төрайымы Алена Аршинова белгилегендей, уюм Россиянын континент өлкөлөрү менен кызматташтыгын кеңейтүүгө жана билим берүү программаларын өнүктүрүүгө багытталган долбоорлорду ишке ашырууга ар дайым даяр.
“Кыргызстанда Россиядан келген мугалимдерге суроо-талап чоң. Балдар жана мугалимдер алардын келишин чыдамсыздык менен күтүп жатышат. Кыргызстандын жаштары келечегин, өнүгүүсүн Россия менен байланыштыргандыктан аларды колдоо биз үчүн маанилүү”, - деди Мамдуманын депутаты, “Евразия” уюмунун Кеңешинин төрайымы Алена Аршинова.
Евразия" автономиялуу бейөкмөт уюму — улуттар аралык мамилени илгерилетүүгө багытталган гуманитардык долбоорлорду ишке ашыруучу коммерциялык эмес уюм. Максаты — элдердин улуттук иденттүүлүгүн сактоо менен постсоветтик аймактагы интеграциялык процесстерди бекемдөө. Уюмдун башкы багыттарынын бири окуучуларды, студенттерди жана жаш адистерди колдоо болуп саналат. Долбоорлорунун арасында билим берүү программалары, тажрыйба алмашуу, ири мамлекеттик жана жеке компанияларда стажировкадан өтүү, медиамектеп бар. Муну менен бирге "Евразия" — бул мектеп жана ЖОЖ окутуучулары үчүн кесиптик платформалар, журналист жана блогерлер үчүн гранттар, ишкерлер үчүн өнөктөш издөө жана продукцияны сатуу боюнча бизнес-миссиялар, тарыхты сактоо жана мадатият багытындагы долбоорлор.
26 Жетинин айы 2024, 15:31