00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:00
4 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:00
3 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
18:00
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Швейный хаб или «цех на выживание»? Как Бишкек становится столицей евразийского аутсорсинга
08:04
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Жакынкы Чыгыштагы абал: Трамп АКШ-Иран согушундагы максатына жетпей калдыбы?
09:04
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Разрыв ожиданий: почему выпускники и работодатели не могут договориться о зарплате
10:04
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Кыргызстанда 401 миң гектар жайыт калыбына келтирүү режимине өткөрүлдү. Кандай ыкмалар колдонулат?
11:04
39 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
ТЭЦ или машины? Компьютерная модель раскрыла настоящих виновников смога в Бишкеке
12:04
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Автоматтык станциялар жөнөтүлгөн: Кыргызстан кантип СССРдин космостук жеңишинин бир бөлүгү болду
13:04
52 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Кыргызстанда Дүйнөлүк акча жумалыгы - 2026 кампаниясы өттү. Кандай жыйынтыктарга жетишилди?
15:05
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
Не просто юрист: почему лучший педагог СНГ ставит добро выше кодексов
16:04
45 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Стимул
Исражидин Зарипов: «Адам баласынын жүрөгүнө көчөт отургузууга болгон сүйүүнү отургузушубуз керек»
17:05
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Hitec и работа с местными властями - как в КР предвидят чрезвычайные ситуации
18:07
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Экономикалык панорама
Жогорку окуу жайлар эми илимди өндүрүшкө чыгара алабы? Жарлыктын келечеги
19:06
39 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Кыргызстанда Дүйнөлүк акча жумалыгы - 2026 кампаниясы өттү. Кандай жыйынтыктарга жетишилди?
21:05
46 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Транспорт министрлиги Эсеп палатасынын мыйзам бузду дегенине жооп берди

© Sputnik / Табылды КадырбековТранспорт жана коммуникациялар министрлиги. Архив
Транспорт жана коммуникациялар министрлиги. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.12.2024
Жазылуу
БИШКЕК, 9-дек. — Sputnik. Транспорт жана коммуникациялар министрлиги Эсеп палатасынын 5,7 миллиард сом өлчөмүндө аныкталган каржылык мыйзам бузуу боюнча билдирүүсүнө жооп кайтарды.
Маалымат кызматы төмөнкүлөрдү билдирди:
Бишкекке автобустарды калаа мэриясы сатып алган. Финансы министрлиги менен муниципалитеттин кайрылуусунан кийин Транспорт министрлиги тарабынан 211,6 миллион сомдук бажы төлөмдөрү төлөнгөн. Бул сумма 2023-жылдын республикалык бюджетинде каралган;
министрлер кабинетинин буйругуна жана "Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасы менен "Кытай темир жол курулуш корпорациясынын биринчи долбоорлоо институтунун" ортосундагы келишимге ылайык, Транспорт министрлиги Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолунун курулушунун техникалык-экономикалык негиздемесин иштеп чыгышы үчүн республикалык бюджеттен 536,5 миллион сом бөлгөн. Документ 2023-жылдын аягында даярдалган. 2024-жылдын июль айында үч өлкөнүн ортосунда үч тараптуу келишимге кол коюлган;
асфальт-бетон төшөө жана министрликтин балансына кирбеген жергиликтүү маанидеги жолдорду каржылоо Финансы министрлиги бекиткен оңдоо-курулуш объектилеринин тизмесине ылайык ишке ашырылган;
Жол фондунун эсебинен үч жылдык лизинг шартында (бажы төлөмдөрүн кошкондо) 2,5 миллиард сомго 265 даана жол курулуш техникасы жана жабдуулар сатып алынган. Анын ичинен 1,2 миллиард сом төлөнгөн;
машиналарды жана жабдууларды сатып алуу эрежелерге ылайык жүзөгө ашырылган. Мында уставдык капиталдагы үлүштүн 50 жана андан ашык пайызы мамлекетке, анын ичинде туунду компанияларга таандык. Бардык техника жана жабдуулар бажылык тариздөөдөн өтүп, "Унаа" мамлекеттик ишканасы каттаган. Ошондой эле техникалык паспорттор алынып, "Кыргызавтожол" мамлекеттик ишканасынын балансына коюлган;
Бишкек — Ош унаа жолунун 660-чакырымындагы жол тилкеге асфальт-бетон төшөө үчүн жарыяланган сынакта "Вега-Строй ЛТД" ишканасы жеңүүчү деп табылган. Баштапкы бюджет катары 46 миллион 626,3 миң сом белгиленип, бирок чыгымды эсептөөдө техникалык ката кеткендиктен сынак токтотулган. Кайра өткөн сынактын жүрүшүндө бюджет 47 миллион 757,1 миң сом өлчөмүндө аныкталган. Натыйжада ишти 46,5 миллион сомго бүтүрүп берүүнү сунуштаган "Вега-Строй ЛТД" компаниясы жеңүүчү деп табылган. Бул баштапкы суммадан төмөн. Ошентсе да Эсеп палатасы так сумманы эмес, биринчи жана экинчи сынактын ортосундагы бюджеттин айырмасын көрсөтүүдө. Аткарылбаган иш үчүн компанияга эч кандай акы төлөнгөн эмес;
Жол фондунда 969,7 миллион сом пайдаланылбаганы көрсөтүлгөн. Бюджеттик кодекске ылайык, фонддун каражаттары республикалык бюджетте топтолот жана ошол жактан каржыланат. Бул сумма иш жүзүндө түшкөн акча менен каржылоонун ортосундагы айырма болуп саналат. 29,1 миллион сом "Жол фонду жөнүндө" мыйзамга ылайык пайдаланылган.
Кишенчен аткаминер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.12.2024
Эсеп палатасынын үлкөн аткаминери эки инспектору менен кармалды. Чоо-жайы
Жаңылыктар түрмөгү
0