00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:00
5 мин
Ежедневные новости
18:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
ИИ, экология и историческая память: Ольга Фролова о том, чем живут молодёжные проекты в КР
16:04
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
4 мин
Стимул
Кароосуз калган 150дөн ашык баланы багып чоңойткон эне
17:06
47 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Без суда и следствия: в Кыргызстане реформируют институт медиации
18:07
45 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
6 мин
Экономикалык панорама
Ормуз кризиси ЕАЭБ мамлекеттерине азык-түлүк жаатында кандай мүмкүнчүлүктөрдү ачат?
19:07
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Особый акцент
Мелкий шрифт большой аренды: что обязательно нужно прописать в договоре - советы юриста
20:06
48 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Биоартүрдүүлүктү сактоо жана браконьерликке каршы күрөш: кандай өзгөрүүлөр бар?
21:05
41 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Мугалимдин ишине кийлигишип, мазактагандардын айыбын 25 эсе көбөйтүү сунушталды

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевБишкектеги мектептердин биринде сабак учурунда мугалим. Архив
Бишкектеги мектептердин биринде сабак учурунда мугалим. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.12.2024
Жазылуу
БИШКЕК, 4-дек. — Sputnik. Мугалимдин ишине кийлигишип, милдеттин аткарып жаткан педагогду мазактагандарга чоң айып салуу сунушталды. Тиешелүү мыйзам долбоорун Билим берүү жана илим министрлиги коомдук талкууга чыгарды.
Ага ылайык Укук бузуулар жөнүндө кодекстин "Педагогикалык кызматкерге карата сыйлабагандыкты көрсөтүү" деп аталган 102-1-беренеси "Билим берүү уюмунун педагогикалык кызматкеринин кесиптик ишине тоскоолдук кылуу" болуп өзгөрүп, кошумча нормалар менен толукталууда.
Мугалимди кесиптик милдеттерине байланышпаган иштерге жана иш-чараларды өткөрүүгө тартуу, мыйзамда каралбаган отчетторду, маалыматтарды талап кылып, текшерүүлөрдү жүргүзүү, аларга товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу боюнча милдеттерди жүктөө анын ишине кийлигишүү болуп саналып, 20 миң сом айып салууга алып келет.
Ал эми мугалимди сөгүү, шылдыңдоо, кордоп тийишүү, адепсиз жаңсоолорду (белгилерди) же предметтерди көрсөтүү, анын ичинде ЖМК же телекоммуникация тармактары аркылуу билдирилген сыйлабагандыкты көрсөтүү үчүн 25 миң сом каралган.
Эгерде бул жосундар 16 жашка чейинки окуучу тарабынан жасалса, ата-энесине же мыйзамдуу өкүлүнө эскертүү берилет. Эгерде эскертүү берилгенден кийин жыл ичинде кайталанса 30 миң сом айып салынат.
Өлкөдө мугалимдерди кордоп, басынтып, мазактап, ал тургай кол көтөргөн учурлар көп каттала баштагандыктан жоопкерчилик сунушталган. Кийин парламентте айыптар кыскарып отуруп, 1000 сомго түшкөн. Жакында эле №57 мектепте окуучунун энеси окуучулардын көзүнчө мугалимди басмырлаган видео тараган. Буга билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева реакция кылып "мугалим жалдап алган кул же малай эмес" десе, президент Садыр Жапаров "мындай түркөйлүккө эч жерде жол берилбеши керек" деген болчу.
Мектептеги мугалим сабак берүү учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.12.2024
Билим берүү министрлиги жаш кадрларды ишке бөлүштүрүүнүн жобосун иштеп чыкты
Жаңылыктар түрмөгү
0