00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
4 мин
Ежедневные новости
14:00
4 мин
Итоги недели
Информационно-аналитическая программа
14:04
55 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
7 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
5 мин
ОГО! Люди и события, которые не оставили нас равнодушными
Журналистская премия, прорыв в медицине и долгие праздники — неделя в Кыргызстане
14:06
48 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Стимул
Баткен күрүчү менен ЕАЭБди багындырууну көздөгөн ишкер кыз
15:04
53 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
15 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Канча адам активдерди ыктыярдуу легалдаштыруу өнөктүгүнө катышты?
17:31
25 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
6 мин
Киноблог
Советские кинотеатры Бишкека: золотая эпоха киномехаников
18:07
47 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Билим берүү министрлиги жаш кадрларды ишке бөлүштүрүүнүн жобосун иштеп чыкты

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевМектептеги мугалим сабак берүү учурунда. Архив
Мектептеги мугалим сабак берүү учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.12.2024
Жазылуу
БИШКЕК, 3-дек. — Sputnik. Билим берүү министрлиги бюджеттик негизде окуган жаш кадрларды жумушка бөлүштүрүү жобосун коомдук талкууга чыгарды.
Ага ылайык, экзамен тапшырып диплом жактаган бүтүрүүчүлөр кадр тартыш аймактарга атайын комиссиянын чечими менен жөнөтүлөт. Алар үч жылга чейин жаш кадр катары эсептелип, жумуш менен камсыздалары белгиленген.
"Өлкөдөгү 93 миңден ашык мугалимдин орточо жашы 45-60 жаш. Жаштар мектепте иштөөнү каалабай жатат. 15-ноябрдагы ыкчам маалыматтарга ылайык, республика боюнча 907 мугалим жетишсиз, эң чоң тартыштык Бишкек шаарында (377) жана Чүй облусунда (189). Негизинен орус тилдүү мектептерде, ошондой эле математика, физика, орус, англис тилдери, информатика, музыка жана дене тарбия сабактары боюнча мугалимдер жетишсиз", — деп айтылат маалыматта.
Ошол эле учурда жыл сайын окуу жайды аяктаган 5 000ден ашык педагогдун 2 000ге жакыны бюджеттик жана гранттык негизде билим алары белгиленген. Ушуга байланыштуу гранттык жана бюджеттик негизде окуган жаш адистерди бөлүштүрүүнү жөнгө салган жобо иштелип чыкты. Ага ылайык:
бүтүрүүчүлөр окууну аяктагандан кийин атайын комиссиянын чечими менен ишке бөлүштүрүлөт;
медициналык жана педагогикалык багыттарда окугандар бир-эки жыл милдеттүү түрдө иштөөгө тийиш;
ден соолугунан жабыкрагандар, жетимдик же башка өзгөчө шарттары барлар бөлүштүрүүдөн бошотулат;
комиссия бүтүрүүчүлөрдүн жөндөмү, каалоосу жана талаптарына жараша жумуш ордун белгилейт;
милдеттүү иштөө мөөнөтүн бүтүрбөгөндөр дипломдорун ала алышпайт.
Ошондой эле жаш кадрлардын иштеп берүүсүн милдеттендирген 1993-жылдын 8-июлунда кабыл алынган өкмөттүн токтому эскиргенине байланыштуу күчүн жоготту деп табылып жатканы кошумчаланган.
Бишкек шаарындагы мектептердин биринде Смартфонсуз сабак долбоору. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.11.2024
Министрлик окуучулардын телефон колдонуусунун эрежелерин сунуштады
Жаңылыктар түрмөгү
0