https://sputnik.kg/20241202/kyrgyzstan-bishkek-manas-shaary-1090551000.html
"Манас" соода-логистикалык шаары 6 жылдын ичинде салынып бүтөт. Чоо-жайы
"Манас" соода-логистикалык шаары 6 жылдын ичинде салынып бүтөт. Чоо-жайы
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 2-дек. — Sputnik. "Манас" соода-логистикалык шаары алты жылдын ичинде салынып бүтөт. Бул тууралуу "Кыргыз-кытай инвестициялык холдингдин" директору... 02.12.2024, Sputnik Кыргызстан
2024-12-02T13:05+0600
2024-12-02T13:05+0600
2024-12-02T14:36+0600
кыргызстан
бишкек
шаар
курулуш
капсула
акылбек жапаров
https://sputnik.kg/img/07e8/0c/02/1090553006_0:0:3072:1728_1920x0_80_0_0_fa3338711e8cd77edbc8350d01b73e37.jpg
БИШКЕК, 2-дек. — Sputnik. "Манас" соода-логистикалык шаары алты жылдын ичинде салынып бүтөт. Бул тууралуу "Кыргыз-кытай инвестициялык холдингдин" директору Кайрат Керимбеков "Биринчи радиого" маек берип жатып билдирген.Анын айтымында, келишимге ылайык, шаар 700 гектар аянтка жайгашмакчы, учурда анын 450 гектары бөлүнүп, калганы трансформациялануу стадиясында. Учурда 100 гектар жер тегизделип, даярдалды.Керимбеков долбоордун аймагы "Дордой" базарынан беш чакырым алыстыкта жайгашканын белгиледи. Аймактын бир тарабы Достук айыл өкмөтүнө караштуу Алма-Ата көчөсүнө чыгат. Казакстандын чек арасына жана аэропортко чейинки аралык 14 чакырым. Курулуш иштери Ала-Арча 3 суу сактагычына жакын жерде жүргүзүлүп, бирок көлмөгө зыян келтирбөө максатында 200 метрлик коргоо зонасы сакталат.Керимбековдун айтымында, шаардын башкы планы үч бөлүктөн турат: сол тарабында турак жайлар жана микрорайондор, борбордо соода жана бизнес борборлору, ал эми оң тарабында кампалар жана логистикалык зона орун алат. Долбоор турак жайларды камтыган соода-логистикалык шаар болуп эсептелет.Эске салсак, "Манас" соода-логистикалык шаарынын" курулушуна 17-октябрда министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров капсула салган. Аны курууга жалпы 4,2 миллиард доллар сарпталары айтылган.
https://sputnik.kg/20241020/bishkektin-bashky-planyna-metro-kuruu-sunushtalyp-zhatat-1089600766.html
бишкек
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2024
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e8/0c/02/1090553006_0:0:2732:2048_1920x0_80_0_0_eed4543f3b880018d8806a845d189f7d.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, бишкек, шаар, курулуш, капсула, акылбек жапаров
кыргызстан, бишкек, шаар, курулуш, капсула, акылбек жапаров
БИШКЕК, 2-дек. — Sputnik. "Манас" соода-логистикалык шаары алты жылдын ичинде салынып бүтөт. Бул тууралуу "Кыргыз-кытай инвестициялык холдингдин" директору Кайрат Керимбеков "Биринчи радиого" маек берип жатып билдирген.
Анын айтымында, келишимге ылайык, шаар 700 гектар аянтка жайгашмакчы, учурда анын 450 гектары бөлүнүп, калганы трансформациялануу стадиясында. Учурда 100 гектар жер тегизделип, даярдалды.
"Март айынан баштап пайдубалы куюла баштайт. Долбоор алты этапка бөлүнүп, жылына бирден этапты бүткөрүү пландалууда. Бир этап 100-120 гектар жердеги курулушту камтыйт", — деди ал.
Керимбеков долбоордун аймагы "Дордой" базарынан беш чакырым алыстыкта жайгашканын белгиледи. Аймактын бир тарабы Достук айыл өкмөтүнө караштуу Алма-Ата көчөсүнө чыгат. Казакстандын чек арасына жана аэропортко чейинки аралык 14 чакырым. Курулуш иштери Ала-Арча 3 суу сактагычына жакын жерде жүргүзүлүп, бирок көлмөгө зыян келтирбөө максатында 200 метрлик коргоо зонасы сакталат.
Керимбековдун айтымында, шаардын башкы планы үч бөлүктөн турат: сол тарабында турак жайлар жана микрорайондор, борбордо соода жана бизнес борборлору, ал эми оң тарабында кампалар жана логистикалык зона орун алат. Долбоор турак жайларды камтыган соода-логистикалык шаар болуп эсептелет.
Эске салсак, "Манас" соода-логистикалык шаарынын" курулушуна 17-октябрда министрлер кабинетинин төрагасы
Акылбек Жапаров капсула салган. Аны курууга жалпы 4,2 миллиард доллар сарпталары айтылган.