https://sputnik.kg/20241130/germaniyada-ukrainanyn-kurskige-zhasagan-chabuulu-synga-alyndy-1090517729.html
Чоң ката болгон. Германияда Украинанын Курскиге жасалган чабуулу сынга алынды
Чоң ката болгон. Германияда Украинанын Курскиге жасалган чабуулу сынга алынды
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 30-ноя. — Sputnik. Украина Куралдуу күчтөрүнүн Курск облусуна жасаган чабуулу анын Донбасстагы позициясын бир топ алсыратты, ал эми Россия ишенимдүү... 30.11.2024, Sputnik Кыргызстан
2024-11-30T12:45+0600
2024-11-30T12:45+0600
2024-12-01T18:17+0600
россиянын донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
дүйнөдө
россия
украина
атайын операция
курск
чабуул
ката
донбасс
https://sputnik.kg/img/07e8/04/01/1083887610_0:47:1277:765_1920x0_80_0_0_fc54e779e744c0546957b13dc73d2fc2.jpg
БИШКЕК, 30-ноя. — Sputnik. Украина Куралдуу күчтөрүнүн Курск облусуна жасаган чабуулу анын Донбасстагы позициясын бир топ алсыратты, ал эми Россия ишенимдүү алдыга бара жатат. Бул тууралуу немец басылмасы жазганын РИА Новости кабарлады. Басылманын жазганы боюнча, украин аскер күчүнүн Курскиге кирип барышы максатына жеткен жок, мындан тышкары, армиянын Донбасстагы позициясын кыйла начарлаткан. Ал эми РФ армиясы фронттун башка жактарындагы аракеттерин токтотпой, Киевдин чабуулунун мизин кайтара алганы белгиленген."Курскиге чабуул башынан эле тобокелчиликтүү иш болчу. Азыр чоң ката кеткени айкын болуп калды", — деген бундесвердин отставкадагы генералы Гельмут Гансер.Автор чарчаган аскер күчү жана начар коргонуусу менен Украина Куралдуу күчтөрү Россиянын кысымына туруштук бере албай турганын кошумчалаган.Донецк башчысынын кеңешчиси Ян Гагин буга чейин россиялык аскерлер Кураховонун борбордук бөлүгүнө кирип барганын кабарлаган.Эскерте кетсек, Украина Куралдуу күчтөрү Курск облусуна 6-август күнү чабуул коюп, бирок максатына жетүүгө жол берилген эмес.
https://sputnik.kg/20241129/ukrainanyn-4ko-bolup-ketishteri-mumkun-1090497790.html
украина
курск
донбасс
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2024
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e8/04/01/1083887610_56:0:1277:916_1920x0_80_0_0_8042df2c13d736b9bfb33ce473e72a11.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дүйнөдө, россия, украина, атайын операция, курск, чабуул, ката, донбасс
дүйнөдө, россия, украина, атайын операция, курск, чабуул, ката, донбасс
БИШКЕК, 30-ноя. — Sputnik. Украина Куралдуу күчтөрүнүн Курск облусуна жасаган чабуулу анын Донбасстагы позициясын бир топ алсыратты, ал эми Россия ишенимдүү алдыга бара жатат. Бул тууралуу немец басылмасы жазганын
РИА Новости кабарлады.
"Украин армиясынын абалы оорлошуп баратканы өзгөчө Донбасстын түштүгүндө даана байкалууда. Бир нече күнү мурун россиялык аскерлер тоскоолдуксуз жакындап барган Курахово шаарындагы кырдаал да курч", — деп айтылат маалыматта.
Басылманын жазганы боюнча, украин аскер күчүнүн Курскиге кирип барышы максатына жеткен жок, мындан тышкары, армиянын Донбасстагы позициясын кыйла начарлаткан. Ал эми РФ армиясы фронттун башка жактарындагы аракеттерин токтотпой, Киевдин чабуулунун мизин кайтара алганы белгиленген.
"Курскиге чабуул башынан эле тобокелчиликтүү иш болчу. Азыр чоң ката кеткени айкын болуп калды", — деген бундесвердин отставкадагы генералы Гельмут Гансер.
Автор чарчаган аскер күчү жана начар коргонуусу менен Украина Куралдуу күчтөрү Россиянын кысымына туруштук бере албай турганын кошумчалаган.
"Эгер Москва чабуулун күчөтө берсе Киевдин абалы оорлой берет, демек, Россиянын ээлей турчу аймактары да кеңее бермекчи", — деп жыйынтыкталган макала.
Донецк башчысынын кеңешчиси Ян Гагин буга чейин россиялык аскерлер Кураховонун борбордук бөлүгүнө кирип барганын кабарлаган.
Эскерте кетсек, Украина Куралдуу күчтөрү Курск облусуна 6-август күнү чабуул коюп, бирок максатына жетүүгө жол берилген эмес.
29 Жетинин айы 2024, 14:50