00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
3 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
3 мин
Жаңылыктар
11:01
4 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Таберик
13:33
25 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
18:00
4 мин
Жаңылыктар
19:00
5 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
5 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:00
4 мин
Ежедневные новости
18:00
5 мин
Жаңылыктар
19:00
5 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
20:00
4 мин
Об экономике и не только
20:04
54 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Жазылуу
Өлкөдөгү мектептерде смартфон колдонууга тыюу салуу мерчемделүүдө. Билим берүү министрлиги билим берүү мекемелеринде телефонду пайдалануунун эрежелерин сунуштап, коомдук талкууга койду. Мекеме бул аракеттер окуучулардын ден соолугун, социалдык жана психологиялык бакубаттуулугун коргоо, мобилдик телефондор менен байланышкан кɵйгɵйлɵрдүн алдын алуу, коопсуз билим берүү үчүн жасалып жатканын билдирди.
Баткен облусунда ЕАЭБ аймагына транспорт каражаттарын мыйзамсыз ташып келүүгө бөгөт коюу боюнча иш-чаранын жүрүшүндө бажы мыйзамдарын бузуп алып келинген 31 унаа аныкталганын ЖКККББ маалымат кызматы кабарлады.Текшерүү учурунда транспорт каражатын каттоо тууралуу күбөлүк башка автоунааларга тиешелүү экени аныкталган. Мындан тышкары, кузовдун идентификациялык номерин текшерүүдө бул унаага берилген документ бажы кызматы тарабынан жол-жоболоштурулбаганы ачыкталган. Чет өлкөнүн номери тагылган автоунаанын көбү Toyota Alphard, Honda Jaz, Lexus, Kia, үлгүсүндөгү машиналар. Бардыгы тийиштүү чара көрүү үчүн айып короо жайына токтотулган.
Кыргызстандын бийик чокуларын таштандылардан тазалоого багытталган "Таза Ала-Тоо" долбоору ишке кирди. Бул тууралуу Альпинизм федерациясынын жетекчиси Эдуарт Кубатов маалымат жыйында билдирди. Анын айтымында, бул Ленин жана Хан-Теңири чокуларын таштандылардан жана эскирген аркандардан тазалоо боюнча масштабдуу экологиялык долбоор. "Долбоордун миссиясы эки маанилүү бөлүктөн турат: жаратылышты таштандыдан арылтуу, ошондой эле ата мекендик альпинисттерди чокуларды багындырууда колдоо",- деди ал. Ал белгилегендей, долбоордун биринчи этабында аталган чокулардан 7 тонна таштанды тазаланды.
АКШдагы президенттик шайлоодон Дональд Трамп жеңип чыккан соң, анын каршылаштары Ак үйдүн башчысынын алдыдагы кадамдарынан чочулай башташты. Мындай пикирин Россиянын Федерация кеңешинин маалыматтык саясат боюнча комиссия башчысы Алексей Пушков Telegram-каналында билдиргенин РИА Новости жазды. "АКШнын либералдык бөлүгүндө азыр биримдик жок, олку-солку. Мамлекеттик кызматкерлер же АКШда айтылгандай "федералдык бюрократтар" Трамптын учурунда көбүнүн жумушу маанисиз экендиги ачыкка чыгарынан, мындан улам саны кыскартыларынан же жашоолору биротоло өзгөрүп кетеринен чочулап турушат", — деп жазган Пушков. Анын айтымында, Трамптын үйүн тинтүүгө катышкан ФБР агенттери ушул тапта Жо Байденге иштеп жаткан жеринен кармалып калуудан коркуп АКШда көп жайылган депрессияга каршы каражат ичип отурушат.
Ушул жылдын январь-октябрь айларында Өзбекстанга акча которуулардын көлөмү 12,6 млрд долларды түздү, бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 34%га көп. Бул тууралуу Өзбекстандын Борбордук банкы билдирди. Бул көлөмдөн 9,8 млрд доллар, же 78% Россиядан которулуп, былтыркы жылга салыштырмалуу 35%га өскөн.Калган которуулар Казакстандан, АКШ, Түштүк Корея жана башка өлкөлөрдөн келген.
Жаңылыктар түрмөгү
0