https://sputnik.kg/20241130/1090523837.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандын бийик чокуларын таштандылардан тазалоого багытталган "Таза Ала-Тоо" долбоору ишке кирди. Бул тууралуу Альпинизм федерациясынын жетекчиси Эдуарт... 30.11.2024, Sputnik Кыргызстан
2024-11-30T15:00+0600
2024-11-30T15:00+0600
2024-11-30T15:10+0600
https://sputnik.kg/img/07e8/0b/1e/1090523705_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_56a50df118b29133427e0c697ce72105.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандын бийик чокуларын таштандылардан тазалоого багытталган "Таза Ала-Тоо" долбоору ишке кирди. Бул тууралуу Альпинизм федерациясынын жетекчиси Эдуарт Кубатов маалымат жыйында билдирди. Анын айтымында, бул Ленин жана Хан-Теңири чокуларын таштандылардан жана эскирген аркандардан тазалоо боюнча масштабдуу экологиялык долбоор. "Долбоордун миссиясы эки маанилүү бөлүктөн турат: жаратылышты таштандыдан арылтуу, ошондой эле ата мекендик альпинисттерди чокуларды багындырууда колдоо",- деди ал. Ал белгилегендей, долбоордун биринчи этабында аталган чокулардан 7 тонна таштанды тазаланды.
Өлкөдө 1-ноябрга карата ВИЧ инфекциясына кабылып, расмий каттоодон өткөндөрдүн саны 14 миң 159 адамга жетти. Бул тууралуу “Биринчи радионун” түз эфиринде кан аркылуу жугуучу вирустук гепатиттерди жана адамдын иммундук жетишсиздик вирусун көзөмөлдөө борборунун дарыгери Баккелди Жумабеков билдирди. Анын айтымында, анын ичинен 13 миң 331и кыргызстандык болсо, 828и чет элдик жарандар. "Анын ичинен Бишкекте – 3 миң 600, Ысык-Көл облусунда – 533, Чүй облусунда – 3 миң 357, Талас облусунда – 213, Жалал-Абад облусунда – 1 миң 513, Ош облусунда – 3 миң 398, Баткен облусунда – 251, Нарын облусунда – 295 учуру катталды", - деди дарыгер.Ал Мындай көрсөткүч өлкөдө оорунун жайылып баратканынан кабар берерин кошумчалады.
Кумтөр кенинин аймагын 140тан ашык аркар байырлайт. “Кумтөр Голд Компаниден” билдиришкендей, экологдор кендин төмөнкү зонасында аркарлардын санын аныктоо максатында мониторинг жүргүзүштү. Анда жалгыз жүргөн аркарлар жана 40 башка чейин биригип жүргөн аркарлардын топтору байкалган. Жыйынтыгында ноябрь айына карата Кумтөр кенинин аймагындагы аркарлардын жалпы саны 140тан ашары аныкталган.
Сот жактоочу Самат Матцаковду 30-декабрга чейин УКМКнын СИЗОсуна камакка алды. Бул тууралуу жактоочулар билдилди. Бөгөт чарасын Бишкектин Биринчи май райондук сотунун судьясы Миран Шерматов карады. Самат Матцаковдун иишин сот карап,камакта калтыруу чечимин кабыл алды. Сот процесси кече түнү башталып, бүгүн саат 8:00 чейин созулду. Сотко тилектештигин билдирип 50-дөн ашык адвокаттар түнү менен сотто болуп, Матцаковко колдоосун көрсөтүштү. Матцаковго Кылмыш жаза кодексинин Алдамчылык жана Документтердин жасалмасын жасоо беренеси менен иш козголгону сотто маалым болду.
Украина Куралдуу күчтөрүнүн Курск облусуна жасаган чабуулу анын Донбасстагы позициясын бир топ алсыратты, ал эми Россия ишенимдүү алдыга бара жатат. Бул тууралуу немец басылмасы жазганын РИА Новости кабарлады. Басылманын жазганы боюнча украин аскер күчүнүн Курскиге кирип барышы максатына жеткен жок, мындан тышкары, армиянын Донбасстагы позициясын кыйла начарлаткан. Ал эми Россия армиясы фронттун башка жактарындагы аракеттерин токтопой Киевдин чабуулунун мизин кайтара алганы белгиленген. Автор чарчаган аскер күчү жана начар коргонуусу менен Украина Куралдуу күчтөрү Россиянын кысымына туруштук бере албай турганын кошумчалаган.
Кыргызстандын бийик чокуларын таштандылардан тазалоого багытталган "Таза Ала-Тоо" долбоору ишке кирди. Бул тууралуу Альпинизм федерациясынын жетекчиси Эдуарт Кубатов маалымат жыйында билдирди. Анын айтымында, бул Ленин жана Хан-Теңири чокуларын таштандылардан жана эскирген аркандардан тазалоо боюнча масштабдуу экологиялык долбоор. "Долбоордун миссиясы эки маанилүү бөлүктөн турат: жаратылышты таштандыдан арылтуу, ошондой эле ата мекендик альпинисттерди чокуларды багындырууда колдоо",- деди ал. Ал белгилегендей, долбоордун биринчи этабында аталган чокулардан 7 тонна таштанды тазаланды.Өлкөдө 1-ноябрга карата ВИЧ инфекциясына кабылып, расмий каттоодон өткөндөрдүн саны 14 миң 159 адамга жетти. Бул тууралуу “Биринчи радионун” түз эфиринде кан аркылуу жугуучу вирустук гепатиттерди жана адамдын иммундук жетишсиздик вирусун көзөмөлдөө борборунун дарыгери Баккелди Жумабеков билдирди. Анын айтымында, анын ичинен 13 миң 331и кыргызстандык болсо, 828и чет элдик жарандар. "Анын ичинен Бишкекте – 3 миң 600, Ысык-Көл облусунда – 533, Чүй облусунда – 3 миң 357, Талас облусунда – 213, Жалал-Абад облусунда – 1 миң 513, Ош облусунда – 3 миң 398, Баткен облусунда – 251, Нарын облусунда – 295 учуру катталды", - деди дарыгер.Ал Мындай көрсөткүч өлкөдө оорунун жайылып баратканынан кабар берерин кошумчалады.Кумтөр кенинин аймагын 140тан ашык аркар байырлайт. “Кумтөр Голд Компаниден” билдиришкендей, экологдор кендин төмөнкү зонасында аркарлардын санын аныктоо максатында мониторинг жүргүзүштү. Анда жалгыз жүргөн аркарлар жана 40 башка чейин биригип жүргөн аркарлардын топтору байкалган. Жыйынтыгында ноябрь айына карата Кумтөр кенинин аймагындагы аркарлардын жалпы саны 140тан ашары аныкталган.Сот жактоочу Самат Матцаковду 30-декабрга чейин УКМКнын СИЗОсуна камакка алды. Бул тууралуу жактоочулар билдилди. Бөгөт чарасын Бишкектин Биринчи май райондук сотунун судьясы Миран Шерматов карады. Самат Матцаковдун иишин сот карап,камакта калтыруу чечимин кабыл алды. Сот процесси кече түнү башталып, бүгүн саат 8:00 чейин созулду. Сотко тилектештигин билдирип 50-дөн ашык адвокаттар түнү менен сотто болуп, Матцаковко колдоосун көрсөтүштү. Матцаковго Кылмыш жаза кодексинин Алдамчылык жана Документтердин жасалмасын жасоо беренеси менен иш козголгону сотто маалым болду. Украина Куралдуу күчтөрүнүн Курск облусуна жасаган чабуулу анын Донбасстагы позициясын бир топ алсыратты, ал эми Россия ишенимдүү алдыга бара жатат. Бул тууралуу немец басылмасы жазганын РИА Новости кабарлады. Басылманын жазганы боюнча украин аскер күчүнүн Курскиге кирип барышы максатына жеткен жок, мындан тышкары, армиянын Донбасстагы позициясын кыйла начарлаткан. Ал эми Россия армиясы фронттун башка жактарындагы аракеттерин токтопой Киевдин чабуулунун мизин кайтара алганы белгиленген. Автор чарчаган аскер күчү жана начар коргонуусу менен Украина Куралдуу күчтөрү Россиянын кысымына туруштук бере албай турганын кошумчалаган.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2024
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e8/0b/1e/1090523705_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_266df8dba87863f15dbb3a39454b8980.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио