00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
3 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
3 мин
Жаңылыктар
11:01
4 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Таберик
13:33
25 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
18:00
4 мин
Жаңылыктар
19:00
5 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
5 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:00
4 мин
Ежедневные новости
18:00
5 мин
Жаңылыктар
19:00
5 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
20:00
4 мин
Об экономике и не только
20:04
54 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Жазылуу
Экономика жана коммерция министрлиги Мамлекеттик бажы кызматы менен биргеликте "Кызыл-Кыя автожол" өткөрүү пунктунда жүк ташуучу унаалар үчүн электрондук кезек башкаруу системасын ишке киргизүү боюнча пилоттук долбоорду баштоодо. Экономика министрлигинен билдиришкендей, бул долбоор бугун, 30-ноябрда старт алат жана логистиканы жакшыртууга, чек арадан өтүү процедураларын тездетүүгө жана процесстин ачык-айкындуулугун жогорулатууга багытталган. Электрондук система айдоочуларга чек арадан өтүү убактысын алдын ала сайт аркылуу брондоого жана күтүү зонасына белгиленген убакытта келүүгө мүмкүнчүлүк берет. Бул чечим күтүү убактысын кыскартат, чек арадагы тыгындарды азайтуу менен жүк ташуу ишинин натыйжалуулугун жогорулатып, соода операцияларын жөнөкөйлөтөт.
УКМК кызматкерлери өзгөчө ири өлчөмдө салык төлөөдөн качуу фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында "Яндекс Такси" компаниясынын жана өнөктөштөрүнүн кеңселерине тинтүү жүргүзгөнүн атайын кызматтан кабарлашты. Билдирмеге караганда, буга чейин аталган компания менен анын өнөктөштөрүнө Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы бир катар чараларды көргөн."Бирок компания ага карабай такси айдаган айдоочуларга пайыздык чендерди негизсиз жогорулаткан. Мындан улам такси кызматынын баасы да жасалма көтөрүлгөн", — деп жазылат кабарда. Учурда аталган мыйзамсыз аракеттерге катыштыгы бар адамдарды аныктоо боюнча иштер жүрүп жатканы кошумчаланды.
Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев жол эрежесин бир нече жолу одоно бузган коомдук транспорттун — автобустардын 24 айдоочусун иштен алууну тапшырды. Бул тууралуу мэрия маалымдады. Маалыматка ылайык, мэр "Бишкек шаардык транспорт" муниципалдык ишканасында мекеменин кызматкерлери менен жолуккан. Жолугушууда шаар башчысына муниципалдык автобустар кабылган автокырсыктар боюнча маалымат берилген. Ушул жылдын 10 айында 329 жол кырсык катталса, анын 169у муниципалдык автобустун айдоочуларынын күнөөсүнөн болгон. Жунушалиев бир катар жетекчилерге, бардык бригадир, механик, мастерлерге сөгүш берген. Өзгөчө катуу сөгүштү кыймылдуу курамды эксплуатациялоо бөлүмүнүн башчысы алган. Ошондой эле Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын, Бешинчи автоколонанын башчысын кызматтан алды. Калаа башчысы айдоочуларды убак-убагы менен тесттик текшерүүдөн өткөрүп турууну, эгерде айдоочу биринчи жолкусунда тапшыра албай калса жумуштан алууну тапшырды.
Тблисиде оппозициянын нааразычылык акциясы кечээ да уланып, митингге чыккандар "Грузин кыялы" партиясынын кеңсесинин терезесин талкалалап, имаратка таш, жумуртка ыргытышканын РИА Новости жазды. Нааразычылык акция бейшемби түнү, премьер-министр Грузия 2028-жылга чейин Евробиримдикке кирүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзбөй, европалык гранттарды албай турганын айткандан кийин башталган. Нааразы тарап парламенттин алдына чогулуп, шаардык инфраструктураны, кафелерди талкалап, полиция кызматкерлерине кол салып, аларды фейерверк менен аткылашкан.Башаламандык түнү менен уланып, полиция аларды чекесинен кармап, кубалап жатып таңга маал Руставели проспектисинде чогулгандар калбай калганы кошумчаланды. Учурда абал тынч.
Жаңылыктар түрмөгү
0