https://sputnik.kg/20241129/zhunushaliev-transport-avtobus-ajdoochu-zhumush-sogush-1090513843.html
Бишкектин мэри автобустун 24 айдоочусун иштен алууну тапшырды
Бишкектин мэри автобустун 24 айдоочусун иштен алууну тапшырды
Sputnik Кыргызстан
Борбор калаанын башчысы "Бишкек шаардык транспорт" ишканасынын жана департаментинин бир нече кызматкерине сөгүш берген. 29.11.2024, Sputnik Кыргызстан
2024-11-29T23:09+0600
2024-11-29T23:09+0600
2024-12-01T18:25+0600
кыргызстан
бишкек
автобус
айдоочу
мэр
айбек жунушалиев
сөгүш
жыйын
автокырсык
https://sputnik.kg/img/07e8/0b/1d/1090513977_0:67:1278:786_1920x0_80_0_0_dbe4b1fcf76aabd645eac8ecf3c870da.jpg
БИШКЕК, 29-ноя. — Sputnik. Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев жол эрежесин бир нече жолу одоно бузган коомдук транспорттун — автобустардын 24 айдоочусун иштен алууну тапшырды. Бул тууралуу мэрия маалымдады.Бүгүн мэр "Бишкек шаардык транспорт" муниципалдык ишканасында мекеменин кызматкерлери менен жолуккан. Ага Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы инспекциясынын башчысы Жеңишбек Жоробеков, ИИМдин тиешелүү бөлүмдөрүнүн өкүлдөрү жана муниципалитеттин Транспорт департаментинин кызматкерлери катышкан.Жолугушууда шаар башчысына муниципалдык автобустар кабылган автокырсыктар боюнча маалымат берилген. Ушул жылдын 10 айында 329 жол кырсыгы катталса, анын 169у муниципалдык автобустун айдоочуларынын күнөөсүнөн болгон.Жунушалиев бир катар жетекчилерге, бардык бригадир, механик, мастерлерге сөгүш берген. Өзгөчө катуу сөгүштү кыймылдуу курамды эксплуатациялоо бөлүмүнүн башчысы алган. Ошондой эле Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын, Бешинчи автоколонанын башчысын кызматтан алды.Мэр муниципалдык автобустарды санариптештирүү жана жол эрежесин бузууну алдын алуу боюнча иштерди күчөтүүнү айткан.Калаа башчысы айдоочуларды убак-убагы менен тесттик текшерүүдөн өткөрүп турууну, эгерде айдоочу биринчи жолкусунда тапшыра албай калса жумуштан алууну тапшырды.
https://sputnik.kg/20241119/bishkek-meriya-kadrdyk-ozgoruu-1090283698.html
бишкек
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2024
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e8/0b/1d/1090513977_71:0:1207:852_1920x0_80_0_0_638137b95df547f71dbb74045a896708.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, бишкек, автобус, айдоочу, мэр, айбек жунушалиев, сөгүш, жыйын, автокырсык
кыргызстан, бишкек, автобус, айдоочу, мэр, айбек жунушалиев, сөгүш, жыйын, автокырсык
Бишкектин мэри автобустун 24 айдоочусун иштен алууну тапшырды
23:09 29.11.2024 (Жаңыртылды: 18:25 01.12.2024) Борбор калаанын башчысы "Бишкек шаардык транспорт" ишканасынын жана департаментинин бир нече кызматкерине сөгүш берген.
БИШКЕК, 29-ноя. — Sputnik. Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев жол эрежесин бир нече жолу одоно бузган коомдук транспорттун — автобустардын 24 айдоочусун иштен алууну тапшырды. Бул тууралуу мэрия маалымдады.
Бүгүн мэр "Бишкек шаардык транспорт" муниципалдык ишканасында мекеменин кызматкерлери менен жолуккан. Ага Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы инспекциясынын башчысы Жеңишбек Жоробеков, ИИМдин тиешелүү бөлүмдөрүнүн өкүлдөрү жана муниципалитеттин Транспорт департаментинин кызматкерлери катышкан.
Жолугушууда шаар башчысына муниципалдык автобустар кабылган автокырсыктар боюнча маалымат берилген. Ушул жылдын 10 айында 329 жол кырсыгы катталса, анын 169у муниципалдык автобустун айдоочуларынын күнөөсүнөн болгон.
Жунушалиев бир катар жетекчилерге, бардык бригадир, механик, мастерлерге сөгүш берген. Өзгөчө катуу сөгүштү кыймылдуу курамды эксплуатациялоо бөлүмүнүн башчысы алган. Ошондой эле Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын, Бешинчи автоколонанын башчысын кызматтан алды.
Мэр муниципалдык автобустарды санариптештирүү жана жол эрежесин бузууну алдын алуу боюнча иштерди күчөтүүнү айткан.
"Керек болсо ай сайын чогулуп, иштерине баа берип, чараларды көрөбүз. Анткени бүгүнкү күндө бузулган автобустар эмес, адамдардын өмүрү маанилүү", — деген мэр.
Калаа башчысы айдоочуларды убак-убагы менен тесттик текшерүүдөн өткөрүп турууну, эгерде айдоочу биринчи жолкусунда тапшыра албай калса жумуштан алууну тапшырды.