https://sputnik.kg/20241129/krimtbl-zhengo-20-zhylga-erkinen-azhyratyldy-1090513641.html
Кримтөбөл Женго 20 жылга эркинен ажыратылды
Кримтөбөл Женго 20 жылга эркинен ажыратылды
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 29-ноя. — Sputnik. Кримтөбөл Кадырбек Досонов (Женго) 20 жылга эркинен ажыратылганын Sputnik Кыргызстан агенттигине укук коргоо органдарындагы жеке... 29.11.2024, Sputnik Кыргызстан
2024-11-29T21:52+0600
2024-11-29T21:52+0600
2024-12-01T18:14+0600
кыргызстан
кадыр досонов
женго
кылмыш
сот
өкүм
кесүү
https://sputnik.kg/img/07e7/01/0d/1071999579_0:485:1081:1093_1920x0_80_0_0_0cffa849253a385554b6eeeeface7a49.jpg
БИШКЕК, 29-ноя. — Sputnik. Кримтөбөл Кадырбек Досонов (Женго) 20 жылга эркинен ажыратылганын Sputnik Кыргызстан агенттигине укук коргоо органдарындагы жеке маалымат булактар билдиришти.Чечимди Бишкектин Биринчи май райондук соту чыгарган. Женго адам өлтүрүү, өмүргө кол салуу, кылмыштуу топ түзүү боюнча күнөөлүү деп табылган.Өткөн жылдын 12-январында Бишкектин Курманжан датка көчөсүндөгү аялдаманын артында кылмыштуу топтун мүчөлөрү мыкаачылык менен сабалып, мунун кесепетинен алардын бири көз жумган. Экинчиси арматура менен сабалып, абалы оор болуп жаткан. Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси ("Адам өлтүрүү") менен иш козголгон. Эртеси адам өлүмүнө шектелип Досонов кармалган. Досонов кылмыш чөйрөсүнөн "баш тарткан" уюшкан кылмыштуу топтун лидерлеринин бири болчу.
https://sputnik.kg/20241129/kyrgyzstan-kara-suu-kylmysh-sot-zhaza-1090503903.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2024
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e7/01/0d/1071999579_0:384:1081:1194_1920x0_80_0_0_8a2346c033636483a515932ea9c55890.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, кадыр досонов, женго, кылмыш, сот, өкүм, кесүү
кыргызстан, кадыр досонов, женго, кылмыш, сот, өкүм, кесүү
БИШКЕК, 29-ноя. — Sputnik. Кримтөбөл Кадырбек Досонов (Женго) 20 жылга эркинен ажыратылганын Sputnik Кыргызстан агенттигине укук коргоо органдарындагы жеке маалымат булактар билдиришти.
Чечимди Бишкектин Биринчи май райондук соту чыгарган. Женго адам өлтүрүү, өмүргө кол салуу, кылмыштуу топ түзүү боюнча күнөөлүү деп табылган.
Өткөн жылдын 12-январында Бишкектин Курманжан датка көчөсүндөгү аялдаманын артында кылмыштуу топтун мүчөлөрү мыкаачылык менен сабалып, мунун кесепетинен алардын бири
көз жумган. Экинчиси арматура менен сабалып, абалы оор болуп жаткан. Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси ("Адам өлтүрүү") менен иш козголгон. Эртеси адам өлүмүнө шектелип
Досонов кармалган.
Досонов кылмыш чөйрөсүнөн "баш тарткан" уюшкан кылмыштуу топтун лидерлеринин бири болчу.
29 Жетинин айы 2024, 16:17