https://sputnik.kg/20241127/buu-akshnyn-kievge-mina-ber-chechimin-synga-aldy-1090436509.html
БУУ АКШнын Киевге жөө аскерлерге каршы мина берүү чечимин айыптады
БУУ АКШнын Киевге жөө аскерлерге каршы мина берүү чечимин айыптады
Sputnik Кыргызстан
Минанын бул түрү жай жарандар үчүн кооптуу экени айтылууда. 27.11.2024, Sputnik Кыргызстан
2024-11-27T10:07+0600
2024-11-27T10:07+0600
2024-11-27T10:08+0600
россиянын донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
дүйнөдө
акш
украина
мина
буу
сын
айыптоо
атайын операция
конвенция
https://sputnik.kg/img/07e8/0b/1b/1090435960_0:0:3072:1728_1920x0_80_0_0_f2cce84fc259ac836975d2c4323afceb.jpg
БИШКЕК, 27-ноя. — Sputnik. АКШнын Украинага жөө аскерлерге каршы мина берүү менен бул маселедеги 30 жыл бою өкүм сүрүп келген саясатынан оолактап кетти. Бул тууралуу Оттава конвенциясынын катчылыгы тараткан билдирүүдө айтылганын РИА Новости жазды.Буга чейин Пентагондун башчысы Ллойд Остин АКШ Украинага жөө аскерлерге каршы мина бере баштаганын айтып, мындай кадам жөө аскерлер бөлүгүн көбүрөөк пайдалана баштаган Россиянын тактикасына жооп катары жасалып жатканын билдирген. Украина 2005-жылы жөө аскерлерге каршы колдонулуучу миналарды чыгарууга, топтоого жана пайдаланууга тыюу салган Оттава конвенциясын ратификациялаган болчу.Эскерте кетсек, аталган Конвенцияга 1997-жылы 3-декабрда Канаданын Оттава шаарында кол коюлуп, 1999-жылдын 1-мартынан тарта иштей баштаган. Ага 163 мамлекет кошулган болчу.БУУнун Адам укуктары боюнча жогорку комиссардык башкармалыгынын расмий өкүлү Элизабет Троссел Оттава конвенциясына кол койгон өлкөлөр минанын бул түрүн кандай кырдаал болсо да колдоно албай турганын белгилеген. Анын айтымында, БУУнун аталган башкармалыгы миналар жай жарандар үчүн кооптуу болгондуктан пайдаланылбашы керек деген позицияда.
https://sputnik.kg/20241126/ak-uj-kievge-rossiyaga-sokku-uruuga-uruksat-bergenin-tastyktady-1090415444.html
акш
украина
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2024
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e8/0b/1b/1090435960_0:0:2732:2048_1920x0_80_0_0_6a63fce7b034bd0110da8bd7deb695ea.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дүйнөдө, акш, украина, мина, буу, сын, айыптоо, атайын операция, конвенция, билдирүү
дүйнөдө, акш, украина, мина, буу, сын, айыптоо, атайын операция, конвенция, билдирүү
БУУ АКШнын Киевге жөө аскерлерге каршы мина берүү чечимин айыптады
10:07 27.11.2024 (Жаңыртылды: 10:08 27.11.2024) Минанын бул түрү жай жарандар үчүн кооптуу экени айтылууда.
БИШКЕК, 27-ноя. — Sputnik. АКШнын Украинага жөө аскерлерге каршы мина берүү менен бул маселедеги 30 жыл бою өкүм сүрүп келген саясатынан оолактап кетти. Бул тууралуу Оттава конвенциясынын катчылыгы тараткан билдирүүдө айтылганын
РИА Новости жазды.
Буга чейин Пентагондун башчысы Ллойд Остин АКШ Украинага жөө аскерлерге каршы
мина бере баштаганын айтып, мындай кадам жөө аскерлер бөлүгүн көбүрөөк пайдалана баштаган Россиянын тактикасына жооп катары жасалып жатканын билдирген. Украина 2005-жылы жөө аскерлерге каршы колдонулуучу миналарды чыгарууга, топтоого жана пайдаланууга тыюу салган Оттава конвенциясын ратификациялаган болчу.
"Конвенция күчүнө кирген 25 жылдан бери бул тарыхый келишимге мынчалык олуттуу кооптуулук жаралган эмес. Аталган документке тиешеси жок АКШнын Украинага жөө аскерлерге каршы колдонулуучу миналарды бериши Вашингтондун 30 жылдан берки "жөө аскерлерге колдонулуучу минага" каршы жүргүзгөн саясатынан четтеп кеткенин билдирет", — деп айтылат катчылыктын документинде.
Эскерте кетсек, аталган Конвенцияга 1997-жылы 3-декабрда Канаданын Оттава шаарында кол коюлуп, 1999-жылдын 1-мартынан тарта иштей баштаган. Ага 163 мамлекет кошулган болчу.
БУУнун Адам укуктары боюнча жогорку комиссардык башкармалыгынын расмий өкүлү Элизабет Троссел Оттава конвенциясына кол койгон өлкөлөр минанын бул түрүн кандай кырдаал болсо да колдоно албай турганын белгилеген. Анын айтымында, БУУнун аталган башкармалыгы миналар жай жарандар үчүн кооптуу болгондуктан пайдаланылбашы керек деген позицияда.
26 Жетинин айы 2024, 10:28