00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
4 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:00
5 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:00
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Спички и Транспортир
Климт, Кокошка и Шиле – великое трио мирового искусства
14:05
45 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Көз мончок
Кыз бала үчүн... Спортто да гендердик стереотиптер барбы?
15:04
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
5 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Өлкөдө аялдар акысыз медициналык кароодон өттү — алардан кандай оорулар аныкталды?
17:31
27 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
ОГО! Люди и события, которые не оставили нас равнодушными
Великие утраты: Мамбет Мамакеев и Эрнст Акрамов, снос "хрущёвок" и Как защитить медиков и навести порядок с электросамокатами?
18:14
48 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Беш облустагы кээ бир айылдардын аталышы өзгөрмөкчү. Тизме

© Sputnik / Эмиль СадыровБишкектин жака-бели. Архив
Бишкектин жака-бели. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.11.2024
Жазылуу
БИШКЕК, 19-ноя. — Sputnik. Жогорку Кеңештин конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелер комитети биринчи окууда Жалал-Абад, Нарын, Талас, Чүй жана Ысык-Көл облустарынын айрым айыл аймактарын жана айылдарын кайра атоо боюнча мыйзам долбоорун карап, биринчи окууда колдоду.
"КРдин географиялык объектилерин атоо, алардын аталышын өзгөртүү, географиялык аталыштарды эсепке алуу жана каттоодон өткөрүү тартиби жөнүндө" жобого ылайык, элге кеңири тараган атын кайра берүүгө болот. Мындан сырткары, аталган мыйзам долбоору улуттук идеологияны тереңдетүү маселелерин эске алат.
Өкмөт төмөнкү тогуз айылдын аталышын өзгөртүүнү сунуштайт:
1. Аксы районунун Ак-Жол айыл аймагынын Таштак айылына Малкалды тарыхый атын ыйгаруу. Жергиликтүү элдин айтымында, мурда башка жерлерде жут болуп мал кырылганда, аталган аймактагылардыкы тирүү калгандан улам Малкалды деп атап коюшкан. Тарыхый аталышын ыйгаруу демилгесин айылдагылар көтөрүп чыккан дешти;
2. Ноокен районунун Параканда айылын Баракелде деп өзгөртүү;
3. Нарын облусунун Кочкор районунун Ормон хан айыл аймагынын Большевик айылын Баялы Исакеев деп өзгөртүү. Негиздеме документте анын себептери жазылган. "Баялы Исакеев — Кыргызстандын өнүгүшүнө өзүнүн салымын кошкон мамлекеттик ишмер. 1926-1927-жылдары Кыргыз АССРинин округдук бөлүмүн, 1928–1929-жылдары Кыргыз ВКП(б)нын облустук комитетин жетектеген. 1933–1936-жылдары Кыргыз АССРинин Эл комиссарлар советинин төрагасы болгон. 1938-жылы репрессияга кабылат. 1994-жылга чейин айыл Баялы Исакеев атындагы совхоздун курамында болгон жана архивдик документтерде Баялы Исакеев деп аталган", — деп айтылган анда.
4. Талас облусунун Бакай-Ата районунун Ынтымак айылын Шадыкан айылы деп кайра атоо сунушталат. Негиздеме документте мунун да себебин түшүндүрүп беришкен.
"Шадыкан Сагындыков 1893-жылы Бакай-Ата айылында төрөлгөн. 1922-1930-жылдары Талас кантондук аткаруу комитетинин төрагасы, 1933-жылы Талас райондук аткаруу комитетинин төрагасынын орун басары, 1934-1939-жылдары колхоздун башкармасы, айылдык кеңештин төрагасы, 1939-жылы Кыргызстан РККП (б) Ленинполь райкомунун инспектору, 1940-1943-жылдары колхоздордун төрагасы болгон. Жергиликтүү элдин билим алуусуна, туруктуу отурукташуусуна шарт түзүп, социалдык-экономикалык абалын жакшыртууга салым кошкон", — деп айтылган.
5. Талас облусунун Манас районундагы Новодонецкини Айтматов айылы деп кайра атоо сунушталат.
6. Талас районундагы Козучак айылын Жанкороз олуя айылы деп кайра атоо сунушталат. Документте буга да түшүндүрмө берилген.
"Бердикожо уулу Жанкороз 1830-1910-жылдары жашаган. Өз доорунун коомдук-саясий ишмери катары "Жанкороз" тарыхый романында кеңири жазылган. Ал калыс, карапайым элдин таламын талашкан, бай-манаптардын туура эмес жүргүзгөн иштерине каршы чыккан олуя болгон".
7. Талас районундагы Балбал айылын Жаныбек баатыр айылы деп кайра атоо сунушталат.
Документте бул аталышка негиздеме берилген. "Жаныбек баатыр 1731-1795-жж. жашаган, элин-жерин коргогон баатыр болгон. Эр Солтоной, Бердике баатыр, Атаке баатырлар менен Талас, Сары-Өзөн жана Ысык-Көлдүн аймактарында калмактарга каршы согушка катышкан. Жергиликтүү жашоочулардын айтымында, азыркы Балбал айылы XVIII кылымда эле Жаныбек баатыр айылы деп аталган. Катаал заманда баатырлар үчүн коюлган балбал таштар көп болгондуктан, кийинчерээк айыл "Балбал" деп аталып калган", — деп айтылган анда.
8. Чүй облусунун Москва районундагы Чоң-Арык айылын Сыйдалы айылы деп кайра атоо сунушталат. Документте буга түшүндүрмө берилген.
"Сыйдалы Ибраимов – Чоң-Арык айылынын түптөлүшүнө, айыл чарбасынын өнүгүүсүнө салым кошкон мамлекеттик жана саясий ишмер. Колхоздун, Ак-Суу айылдык советинин төрагасы болуп иштеген. Жогорку Советтин III чакырылышынын депутаты болгон. Чоң Чүй каналын курууга салым кошуп, сай болгон жерлерди өздөштүрүп, 500 гектарды айдоо жерге айландырган. Айылдын жаштарына билим берүү жагына көп көңүл бурган", — деп айтылган документте.
9. Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Теплоключенка айылын Ак-Суу айылы деп кайра атоо сунушталат.
Жергиликтүү тургундар мурдагы жана азыркы учурдагы кеңири белгилүү болгон аталышты кайтаруу максатында мамлекеттик, тарыхый жана улуттук кызыкчылыктарды эске алуу менен кайра атоону суранышкан.
Аталган мыйзам долбоору кабыл алынса айыл аймактарды жана айылдарды кайра атоого байланыштуу чыгымдар демилгечилер тарабынан каржыланары айтылган.
Айыл. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.10.2024
Баткен, Нарын, Талас жана Чүйдө айрым айылдардын аталышын өзгөртүү сунушталды
Жаңылыктар түрмөгү
0