00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
4 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:00
5 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
7 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Спички и Транспортир
Климт, Кокошка и Шиле – великое трио мирового искусства
14:05
45 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Көз мончок
Кыз бала үчүн... Спортто да гендердик стереотиптер барбы?
15:04
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
5 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Өлкөдө аялдар акысыз медициналык кароодон өттү — алардан кандай оорулар аныкталды?
17:31
27 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
ОГО! Люди и события, которые не оставили нас равнодушными
Великие утраты: Мамбет Мамакеев и Эрнст Акрамов, снос "хрущёвок" и Как защитить медиков и навести порядок с электросамокатами?
18:14
48 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Жазылуу
Климаттын өзгөрүшү мөңгүлөргө, суу ресурстарына, айыл чарбага жана жалпы элдин жашоосуна өзгөчө терс таасирин тийгизүүдө. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Бакудагы Тоолор жана климаттын өзгөрүшү боюнча жогорку деңгээлдеги диалогдо айтты. Өлкө башчынын маалымат кызматы иш-чара Кыргызстан тарабынан Азербайжан жана Монголия менен биргеликте уюштурулганын кабарлады. Президент тоолуу аймактарда жашаган эл катаал табигый шарттар, табигый кырсыктар, айыл чарба жерлеринин начар түшүмдүүлүгү, изоляция жана социалдык-экономикалык кызматтарга жеткиликтүүлүк чектелген кыйынчылыктарга туш болорун, мунун баары алардын өнүгүүсүнө тоскоолдук кылып, жакырчылыктын өсүшүнө алып келерин айтты. Ал климаттын өзгөрүү көйгөйүн бир да өлкө өз алдынча чече албай тургандыгын баса белгилеп, климаттын өзгөрүшүнө тоолуу, бирок ошол эле мезгилде андан көбүрөөк жапа чеге турган мамлекеттерге эл аралык коомчулуктун колдоосун күчөтүүгө чакырды.
Кыргызстанда биринчи жолу Тоо жаштарынын дүйнөлүк фестивалын өткөрүү демилгесин көтөрүлүп жатат. Бул туурасында биринчи айым Айгүл Жапарова Азербайжанда жаштардын экологиялык билимине арналган иш-чарада айтты. Ал бүгүнкү күндө жаш кезден тарта коомдо жаратылышка жоопкерчиликтүү мамиле жасоо деген маанилүү милдет турарын, ар бир адам климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүүдө өз салымын кошушу керектигин белгиледи. Анын айтымында, жаштар өзүнүн инновацияга умтулуусу, кайраттуулугу жана байланыш көндүмдөрү менен бул процесстерге олуттуу таасир тийгизе алган чоң күч. Жапарова сөзүнүн соңунда бардык мамлекеттерди жана эл аралык уюмдарды жаштар менен кызматташууга, аларга экологиялык саясатты иштеп чыгуу иштерине катышууга мүмкүнчүлүк берүүгө чакырды.
Кыргызстандын жетекчилигине кол салууга даярданып, Азербайжандан келген улуттар аралык уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү менен байланышы бар деп шектелип тергөө абагында кармалып турган Райым Матраимов эч жакка чыкпоо боюнча тил каттын негизинде бошотулганын Биринчи май райондук соту билдирди. Маалыматта сот УКМК Башкы тергөө башкармалыгынын тергөөчүсүнүн сунушун канааттандырып, камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы эч жакка чыкпоо боюнча тил катка өзгөртүлгөнү айтылат. Матраимовго жазында издөө жарыяланып, кийин колго түшүрүлгөн. Андан кийин абактагы мөөнөтү улам узартылып келген.
Израилдин согуштук учактары Ливандын борбор шаары Бейруттун түштүк четиндеги райондоруна үч жолу кубаттуу сокку урду. Бул тууралуу кабарчысы кабарлаганын билдирип, РИА Новости жазды. Маалыматка ылайык, Ливандын борбор шаары Бейруттун Гхбейри районуна эки жана Харет Хрейк районуна бир сокку урулган. Мунун алдында Израилдин армиясы Бейруттун түштүк четиндеги алты бутага сокку уруу ниети тууралуу билдирүү тараткан. /// ЭМИ ВАЛЮТА КУРСУ МЕНЕН ТААНЫШЫП АЛЫНЫЗДАР: Улуттук банктын билдирүүсү боюнча ушул тапта: 1 АКШ доллары 86 сом 20 тыйынга евро 91 сом 64 тыйынга рубль 89 тыйынга Казак тенгеси 17 тыйынга барабар МУНАЙ БААСЫ Бишкекте орточо эсеп менен алганда Аи 92 үлгүсүндөгү бензин 66 сом 90 тыйындан баштап, 67 сом 40 тыйынга чейин, Аи 95 үлгүсүндөгү күйүүчү май 74 сом 40 тыйындан 75 сом 40 тыйынга чейин, дизель майы 74 сом 80 тыйындан, 75 сом 30 тыйынга дейре, ал эми унаа газынын литри 37 сомдон сатылууда. АБА ЫРАЙЫ 14-ноябрга караган түнү жамгыр жаап карга айланат. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Бейшембиде жаан-чачын күтүлбөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди. Абанын температурасы Чүй жана Талас аймагында +0...+5, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +4...+9, Ысык-Көл өрөөнүндө +2...+7, Нарын дубанында +0...+5 градус жылуу болот. Күндүн табы борбор калаа Бишкекте +1...+3, Ош шаарында +6...+8 градуска көтөрүлөт.
Жаңылыктар түрмөгү
0