00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:00
6 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
08:43
3 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Какие задачи стоят перед Кыргызстаном во время председательства в ШОС
10:04
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
ЕАЭБдин Кыргызстанга 15 миң электромобил ташып келүүгө тарифтик жеңилдиги кандай шартта ишке ашат?
11:04
24 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Санарип сом деген эмне жана анын артыкчылыгы эмнеде?
11:31
26 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Детский паспорт по-новому: что изменилось для родителей
12:04
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Жасалма интеллект Кыргызстанда чыгармачылыкты өзгөртө алабы?
13:04
47 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Жума жыйынтыгы
Апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Жазылуу
Садыр Жапаров жергиликтүү кеңештерге шайлоо алдында социалдык тармак аркылуу элге кайрылды. Президент өз сөзүндө азыр шайлоолор таза өтүп жатканына токтолду. Мурда "карусель" колдонулуп, бюллетендерди таңгактап урнага таштаган учурлар болгонун, азыр бардыгы автоматташтырылып анын бири жоктугун айтты. “Бардык шайлоо тилкелеринде видеобайкоо салган камералар коюлган. Алар БШКнын башкы имаратынан түздөн-түз көрүнүп турат. Кыскасы, добуштар уурдалат, шайлоонун жыйынтыгы бурмаланат дегенге кыпындай да негиз жок”, - деди Жапаров. Ошондой эле элди шайлоого активдүү катышууга чакырды. “жергиликтүү эле кеңештердики деп жерибеңиздер. 17-ноябрда шайланып келген депутаттар биринчилерден болуп эле жер-жерлерден Элдик курултайдын делегаттарын шайлашат”, - деди мамлекет башчы. Эске салсак, 17-ноябрда 33 шаардык жана 231 айылдык болуп, жалпысы 264 жергиликтүү кеңешке шайлоо өтөт.
ЕАЭБде өндүрүш көлөмү өстү, ичинде Кыргызстан да бар. Бул туурасында Евразиялык экономикалык комиссиянын басма сөз кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, 2024-жылдын январь-сентябрында ЕАЭБдеги өндүрүш көлөмү былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 4,4 пайызга өстү. Өндүрүш көлөмүнүн жогорулашы январь-сентябрда беш өлкөдө тең байкалган: Арменияда – 12,6 пайызга; Беларуста – 6,4 пайызга; Россияда – 4,4 пайызга; Кыргызстанда– 4,2 пайызга; Казакстанда – 3,1 пайызга өскөн.
Жумгалда мал кайтарууга кетип дайынсыз болуп жаткан ата-баланы активдүү издөө иштери токтотулду. Бул тууралуу ӨКМ кабарлады. Маалыматка караганда, куткаруучулар эми бир жумада эки жолу издөөгө чыгып турат. Мындай чара 26 күндөн бери издөө иштеринен натыйжа чыкпагандыгынан улам кабыл алынган. Эске салсак, 45 жаштагы атасы менен 9 жашар баласы 16-октябрда мал кайтарууга жайлоого кеткен бойдон дайынсыз болууда.
Миллиардер Илон Маск менен бизнесмен Вивек Рамасвами мамлекеттик кызматты майнаптуу кылуу боюнча жаңы депарматентти жетектейт. Бул туурасында жакында өткөн президенттик шайлоодо жеңген Дональд Трамп билдиргенин РИА Новости жазды. "Улуу Маск америкалык мекенчил Вивек Рамасвами менен биргеликте иштеп, мамлекеттик кызматты майнаптуу кыла турган жаңы депарматентти жетектейт", — деген ал. Трамптын айтымына караганда, "бул эки мыкты америкалык" "өкмөттүк бюрократияны бузуу", "ашыкча эрежелерди", "ысырапкорчулукту" кыскартуу жаатында иштешет. Андан сырткары, федералдык агенттиктерди реструктуризациялоо боюнча иш алып барышат. Жаңы департамент Маск жактырып колдоп келген криптовалютага байланыштуу. Трамп, мындан сырткары, Пентагонду башкара турган талапкерди да атап жатат. Ал Гарвард жана Принстон университеттерин бүткөн майор чининдеги Пит Хегсет. Трамп буга чейин ЦРУнун башчылыгына Жон Рэтклиффти, улуттук коопсуздук боюнча кеңешчи кызматына конгрессчи Майк Уолцту сунуштаган. Конгрессчи Украинадагы чатакты дипломатия менен жөнгө салууну айтып келет. Эскерте кетсек, АКШда президенттик шайлоо 5-ноябрда өткөн. Натыйжада Дональд Трамп XIX кылымдан бери Ак үйгө кайтып келген биринчи саясатчы болуп калды.
Жаңылыктар түрмөгү
0