00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
5 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:00
4 мин
Жаңылыктар
19:00
5 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
7 мин
Итоги недели
Информационно-аналитическая программа
14:08
53 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Стоп-кадр
“Чоочун киши” сериалынын 2-сезону көрүүчүлөрдү эмнеси менен таң калдырат?
15:08
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
5 мин
Жума жыйынтыгы
апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:06
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Между строк
Холден Колфилд: герой нашего времени или бунтарь без причины?
18:06
49 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Россияда мыйзамсыз миграцияны уюштургандарга жаза күчөтүлдү

© Sputnik / Евгений Паулин / Медиабанкка өтүүРоссиянын президенти Владимир Путин.Архивдик сүрөт
Россиянын президенти Владимир Путин.Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.11.2024
Жазылуу
Эми РФ аймагында мыйзамсыз миграцияны уюштургандар сегиз жылдан 15 жылга чейин эркинен ажыратылат.
БИШКЕК, 10-ноя. — Sputnik. Россиянын президенти Владимир Путин мыйзамсыз миграция уюштургандарды 15 жылга эркинен ажыратуу боюнча мыйзамга кол койду. Документ укуктук актылардын расмий басылмасынын сайтында жайгаштырылганын РИА Новости жазды.
Аталган мыйзам 322.1 беренени (“Мыйзамсыз миграция уюштуруу”) жаңы 3-бөлүм менен толуктайт. Ага ылайык, Россиянын аймагында уюшулган топ аркылуу оор же өтө оор кылмыштуулук максатында мыйзамсыз миграция уюштурулган убакта ал өтө оор кылмыштарга кирет. Мындай кылмышка баргандар сегиз жылдан 15 жылга чейин эркинен ажыратылып, үч миллион рублден беш миллион рублга чейин айыпка жыгылат же болбосо соттолгон адамдын үч жылдан беш жылга чейинки айлык акысы же башка кирешеси алынып, 10 жылга чейин белгилүү кызматтарды ээлөө укугунан ажыратылат.
Мыйзамга ошондой эле мыйзамсыз миграцияны уюштурууга карата жаңы квалификациялык жаңыртуулар киргизилди: буга кылмыш аркылуу башка кылмышты жашыруу же аны жасоого көмөктөшүү максатында жасалма документтерди пайдалануу менен инсандыгын күбөлөндүргөн документтерди алып коюу, жашыруу же жок кылуу кирет.
Мындан тышкары, чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды жасалма каттоодон өткөрүү, каттоого коюу боюнча кылмыш жоопкерчилиги катаалданды. Ага ылайык, мындай ишке алдын ала сүйлөшүп алып барган адамдарга, уруксат берүүчү документтерди жасалмалап, даярдаган адамдарды эки жылдан алты жылга чейин эркинен ажыратуу каралган.
Москвадагы Шереметьево аэропортунун терминалында жүргүнчүлөр. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.11.2024
КР ТИМи жарандарга Россиянын аймагына кирүү эрежелерин эскертти
Жаңылыктар түрмөгү
0