00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
6 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
6 мин
Максимальный репост
Налоговая реформа и дебюрократизация: что ждёт бизнес Кыргызстана?
12:07
47 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Быйыл 1-2-класска бара турган балдар үчүн республика боюнча жалпы 365 миң 906 орун камсыздалды
13:05
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Диабеттен жабыркаган бут эмнеси менен коркунучтуу жана кантип дарылоо керек
15:04
40 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
Как одна идея объединила молодёжь вокруг памяти о Великой Победе
16:04
43 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Жума жыйынтыгы
Апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:04
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Туяк
Фин согушунан баштап, Улуу Ата Мекендик, кийин япондорго каршы согушка катышып кайткан Какчеке Төлеев
19:06
47 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Об экономике и не только
Бинты и шприцы за свой счёт: почему бесплатной медицины в КР больше нет
20:06
45 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Диабеттен жабыркаган бут эмнеси менен коркунучтуу жана кантип дарылоо керек
21:04
40 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Жазылуу
Кыргызстанга Asman Airlines компаниясынын экинчи учагы келдиЛавров Батыштын Россияны обочолонтуу аракети өтөсүнө чыкпагандыгын айттыБишкекте советтик милициянын раритет унаалары көргөзмөгө коюлду. Алдыда кененирээкКыргыз милициясынын 100 жылдыгына карата "Ала-Тоо" аянтында тартип сакчыларынын сейрек кездешүүчү унаалары көргөзмөгө коюлду.1-ноябрда ички иштер органдарынын күнүнө карата аянтта парад өтөт. Көргөзмөгө "Москвич", "Волга", "РАФ", "Нива" жана башка машиналар коюлган. Алар советтик милициянын автолорунун түсүнө боёлгон. Кечээ Таласта жергиликтүү күч түзүмдөрүнүн биринчи "Москвичи" калыбына келтирилгени белгилүү болду. Район 1971-жылы кызматтык машина алган. Оңдоодон кийин ал парадга катышуу үчүн борборго жөнөтүлгөн.
Борбор калаадагы "Сельмаш" стадиону жана бассейни мамлекеттин балансына кайтарылды. Бул тууралуу УКМК билдирди. Маалыматка ылайык, объектилер учурунда мыйзамсыз менчиктештирилип кеткен."Стадион менен бассейн Фучик атындагы парктын аймагында жайгашып, социалдык объект болгон. Аларды Фрунзе заводунун жумушчулары пайдалангандыктан "Сельмаш" деп аталып калган. Менчиктештирүүнүн жүрүшүндө стадионго жана бассейнге жеке менчик укугун тастыктаган документ жасалган. Бул боюнча иш козголуп, комитеттин кызматкерлери сотко кайрылган. Соттун чечими менен 1,08 миллиард сомдук объектилер 3,6 гектар жери менен мамлекетке кайтарылды", — деп айтылат маалыматта. Мындан ары кайтарылган социалдык объектилер Бишкектин тургундарынын жана конокторунун кызыкчылыгына гана пайдаланылары белгиленди.
Кыргызстанга Asman Airlines компаниясынын экинчи учагы келди. Бул тууралуу "Манас" эл аралык аэропортунун маалымат кызматы кабарлады.Билдирмеге караганда, бул ички каттамдарды тейлөө үчүн "Манас" эл аралык аэропорту алган экинчи учак. Компания үчүнчүсү кийинки жылдын январында, төртүнчү самолет майда келерин билдирди. Жаңы конгон Dash 8 Q400 үлгүсүндөгү учак Канадада чыгарылган. Ал кыска аралыкка учуп, 80 жүргүнчүгө ылайыкташкан. Эске салсак, ушундай учактын биринчиси өлкөгө сентябрда келип, учурда ички каттамдарды аткарууда. "Манас" аэропорту Талас, Нарын, Каракол, Казарман, Кербендеги аэропорттор жакын арада иштеп баштаарын, учурда учак кабыл алууга толугу менен даяр экенин кошумчалады.
Казанда өткөн БРИКС саммитинин жыйынтыгы Батыштын Россияны эл аралык аренада обочолонтуу аракети максатына жетпегенин көрсөттү. Бул тууралуу РФ ТИМинин жетекчиси Сергей Лавров билдиргенин РИА Новости жазды. Министр Чет жакта жашаган россиялык мекендештердин дүйнөлүк конгрессинин ачылышында сүйлөгөн. Иш-чара быйыл сегизинчи ирет өтүп жатат. "Россияны эл аралык аренада обочолонтуу аракетинен майнап чыккан жок. Дүйнөлүк көпчүлүк Батыштын айтканы менен болбой, биз менен ар тармакта байланышын бекемдеп жатат. Буга Россиянын төрагалыгы менен Казанда өткөн БРИКС саммити далил", — деди Лавров. Дипломаттын айтымында, акыркы үч жыл ичинде абал кескин өзгөрүп кеткен жок. "АКШ башында турган жамааттык Батыш Россияга салган санкциясын он эселеп күчөтүп, бизге толук кандуу гибриддик агрессиясын баштады", — деди ал. Бирок министр бул аракеттин бири да өтөсүнө чыкпай турганын белгилеген.
Жаңылыктар түрмөгү
0