00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
2 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Визиты, союзы и Совбез ООН: глава МИД КР об итогах внешней политики 2025 года
08:04
52 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Венесуэла, Гренландия, Иран: дүйнөлүк геосаясаттын жаңы күн тартиби кандай өзгөрүүдө?
09:05
51 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
В 2025-м план перевыполнен — зампред РКФР о работе фонда за год
10:04
40 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Топуракты күзгү тоңдуруунун мааниси жана жазгы айдап себүүгө даярдык
11:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Башкы прокуратуранын юридикалык академиясында билим берүүнүн сапаты кандай?
13:05
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Караколдогу зоопарк реконструкцияга муктаж — зоопарк өзүн актайбы?
15:04
50 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Жума жыйынтыгы
Апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Жазылуу
Илим жана техника жаатындагы мамлекеттик сыйлыкка көрсөтүүгө илимий эмгектерди кабыл алуу жарыяланды. Бул тууралуу Президенттин администрациясынан кабарлашты. Илимий эмгектерди 2024-жылдын 11-ноябрынан 11-декабрына чейин кабыл алуу башталды. Конкурска 2021-жылдын 1-январынан 2024-жылдын 11-ноябрына чейинки мезгилде жарыяланган илим жана техника жаатындагы илимий иштер кабыл алынат. Мамлекеттик тилдеги филология жана адабият таануу боюнча илимий эмгектерден тышкары, автордун 3төн кем эмес макаласы Q3төн кем эмес квартилдеги же Россиянын илимий цитаталар индекси ядродогу Scopus жана Web of Science эл аралык маалыматтар базасында индексациялануучу таанылган эл аралык илимий басылмаларда жарыяланууга, ал эми техниканын жаңы түрлөрү, техника жаатындагы илимий иштердин материалдары жана технологиялары беш жылдан кем эмес, ал эми гуманитардык үч жылдан кем эмес өндүрүштө өздөштүрүлүүгө тийиш. Илимий изилдөөнү аткаруу же иштеп чыгуу процессинде административдик же уюштуруучулук функцияларды гана жүзөгө ашырган, соттуулугу бар адам сый акы алууга көрсөтүүгө жол берилбейт.
Мас болуп рулга отургандарды айдоочулук күбөлүктөн ажыратуунун ордуна айып салуу сунушталды. Мыйзам долбоорун депутат Эрнис Айдаралиев демилгелеп, коомдук талкууга чыгарды. Депутат айдоочулук күбөлүктөн ажыратууга караганда ири айып салуу жакшы натыйжа берерин белгилеген. "Былтыр 7 810 жаран мас абалында унаа айдап, айдоочулук күбөлүгүнөн ажыратылган. Алардын ичинен бир жылга айдоочулук укугунан ажыратылган 1 577 айдоочу рулга отуруп, укук бузганы аныкталган. Бул маалыматтар айдоочулардын өздөрүнүн жана жол кыймылынын катышуучуларынын өмүрү үчүн жоопкерчилигин сезбей турганын көрсөтөт", — деп айтылат мыйзам долбоордун негиздемесинде. Мындан улам мас абалда унаа айдаган жарандарга 100 миң сом, юридикалык жактарга 200 миң сом айып салуу сунушталууда.
Кыргызстан Кытайдан келе турган туристтик топтор үчүн визасыз режим киргизди. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов билдирди. Өкмөттүн маалымат кызматы Байсалов Кытайда өтүп жаткан "Кытай — Борбордук Азия" 11-кызматташтык форумунун алкагында өлкөнүн Элдик саясий консультациялык кеңешинин Бүткүл кытайлык комитетинин төрагасынын орун басары, Бүткүл кытайлык аялдар федерациясынын төрайымы Шэнь Юэюэ менен жолугушканын кабарлаган. Байсалов эки өлкөнүн лидерлеринин жетекчилиги астында Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүк жигердүү өнүгүп, эки тараптуу кызматташууну тереңдетүүнүн кезектеги этабы болуп саналарын белгилеген.
ДЭРдин Селидово шаары бошотулганын РИА Новости Россиянын Коргоо министрлигине шилтеме берүү менен билдирди. 24 миң калкы бар бул шаар курчоого алынган болчу. Орус аскерлери алгач түштүк жана чыгыш аймактарда бекем орун алып, Украинанын Куралдуу күчтөрүн борборду көздөй сүрүшкөн.Селидово орус аскерлери үчүн Покровскиге жол ачкан жерде жайгашкан. Мындан тышкары, РФ армиясы Украина Куралдуу күчтөрүнүн Кураховская тобунун тылына чабуул жасоого мүмкүнчүлүк алат.
Жаңылыктар түрмөгү
0