00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:00
4 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:00
5 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
7 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Михаил Булгаковдун чыгармачылыгы: маданий көргөзмөнүн мааниси жана максаты
11:08
25 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Почему растут цены на топливо и что будет дальше - мнение нефтетрейдеров
12:04
39 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Жаңы көмүр кендери ачылат — 2026–2027-жылдагы күз-кыш мезгилине даярдык башталды
13:04
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
Миллионы на алтарь империи: кто и зачем планировал геноцид китайского народа — беседы о Китае
14:04
51 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
2030-жылга чейин балдарды бала бакча менен камтуу 80%га жетет
15:04
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Көз мончок
Кыргызстанда демографиялык өзгөрүү: төрөлүү эмне үчүн азайып жатат?
17:04
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Стоп-кадр
Коомго чакырык! «Балам» тасмасы маанилүү суроолорду койду
19:06
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
10 мин
Будь в курсе
1 апреля стартует электронная запись в школы: как избежать проблем прошлого года?
20:11
51 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
2030-жылга чейин балдарды бала бакча менен камтуу 80%га жетет
21:05
45 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Жазылуу
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 19-21-октябрь күндөрү Россияга расмий сапар менен барарын өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады. Билдирмеге караганда, Жапаров бул күндөрү Кара кыргыз автономдуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына жана Кыргызстандын Россияда өтчү маданият күндөрүнө арналган иш-чараларга катышат. Ошондой эле Россиянын өкмөт башчысы Михаил Мишустин менен эки өлкө өкмөттөрүнүн биргелешкен жыйынын өткөрөт. Мындан тышкары, эки тараптуу жолугушуулар жана маданий программалар уюштурулары күтүлүүдө.
Билим берүү жана илим министрлигинде 414,5 миллион сомдук каржылык мыйзам бузуулар аныкталды. Бул тууралуу Эсеп палатасынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, сумма 2022-жылга карата аудиттин жыйынтыгы менен белгилүү болгон. "Министрликте жана анын ведомстволук уюмдарында аныкталган мыйзам бузуулардын суммасы 414,5 миллион сомду түздү. Анын ичине 154,1 миллион сом калыбына келтирилүүгө тийиш. Учурда 78 миң сом ордуна кайтарылган", — деп айтылат маалыматта. Аудиттин жыйынтыгы боюнча тиешелүү жазма буйруктар жана сунуштамалар жөнөтүлгөнү кошумчаланды.
Евразия экономикалык бирикмеси Кытай менен кызматташуу боюнча макулдашты. Бул тууралуу ЕАЭБдин иштиктүү кеңеши билдирди.Аталган кеңеш менен Кытайдын эл аралык сооданы илгерилетүү боюнча комитетинин ортосунда кол коюлган меморандум ЕАЭБ өлкөлөрү менен Кытайдын ортосундагы тоскоолдуктарды жоюуга жана бизнес байланыштарын мындан ары өнүктүрүүгө мүмкүндүк берет. "Кеп кызматташуунун шарттары боюнча маалымат алмашуу жөнүндө гана эмес, практикалык маселелерди биргелешип чечүү, чектөөлөрдү жоюуга көмөктөшүү, ар кандай форумдарды, ЭКСПОлорду уюштуруу жөнүндө болуп жатат", — деди иштиктүү кеңештин аткаруучу катчысы Сергей Михневич. Меморандумга Россиянын өнөр жайчылар жана ишкерлер союзунун президенти, ЕАЭБ иштиктүү кеңешинин президиумунун мүчөсү Александр Шохин жана Кытайдын эл аралык сооданы илгерилетүү боюнча комитетинин төрагасынын орун басары Чжан Шаоган кол коюшту.
БРИКСтин жаңы өнүктүрүү банкы өлкөлөрдүн алдыңкы каржылык механизмдерине альтернатива болуп саналат, анын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү улантылат. Бул туурасында Россиянын лидери Владимир Путин Москвада өткөн БРИКСтин иштиктүү форумунда айтканын РИА Новости жазды. "Каржылык кызматташууну бекемдөөдөгү өзгөчө вазийпа жаңы өнүктүрүү банкына туура келет. Бул жакшы, кубаттуу жана майнаптуу түзүм. Анын олуттуу капиталдык базасы жана тажрыйбалуу эксперттер жамааты бар. Өнүктүрүү банкы институт катары Батыштын бир топ каржы механизмдерине альтернатива болуп саналат. Биз, албетте, аны өнүктүрүп, эч кимге каршы келбей турган өз алдынча түзүм катары түптөп жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтебиз", — деди Путин БРИКСтин иштиктүү форумунун пленардык жыйынында сүйлөп жатып. БРИКС саммити 2024-жылдын 22-24-октябрында Казань шаарында болот.
Жаңылыктар түрмөгү
0