00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
5 мин
Жаңылыктар
09:00
5 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
3 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
Ачык кеп
Күз-кыш мезгилинде эмнеге өрт кырсыктары көбөйөт? – Бул мезгилде тилсиз жоодон кантип сактануу керек?
23:05
44 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Жазылуу
Жогорку Кеңеште ата-энесин кароосуз калтыргандарды жоопко тартууну сунуштаган мыйзам долбоору үчүнчү окууда кабыл алынды. Документ алименттик милдеттенмелерди аткарбагандарга жазаны күчөтүүгө жана каржылык жардамга муктаж ата-энелерин бакпаган балдарды жазалоого багытталган. Ага ылайык, эмгекке жарамсыз жана материалдык жардамга муктаж ата-энени балдары багууга милдеттендирилген. Ал эми бакпай койсо атайын органдар же ата-эне өзү сотко кайрыла алары айтылган. Ал эми алиментти төлөөдөн качып, бир жылдан ашык акча бербей койгон балдарга 20 миң сом айып салынып, ал тургай жасаган жоругуна жараша үч жылга чейин эркинен ажыратуу каралган. Ата-энелик милдеттен баш тарткандардын жана бул укуктан ажыратылгандардын балдары алимент төлөөдөн бошотулат.
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров "Манас" соода-логистикалык шаарынын" курулушуна капсула салуу аземине катышты. Бул тууралуу өкмөттөн кабарлашты.Иш-чарага Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэнь да катышкан. Соода-логистикалык шаар Чүй облусунун Аламүдүн районунда курулат. "Биз азыр соода-логистикалык борбор гана эмес, соода-логистикалык шаарынын курулушун баштап жатабыз. Бул ири долбоор экенин белгилеп кетейин. Анда 30 миң соода түйүнү болот. Калаа 700 гектар жерде жайгашып, аны курууга бардыгы 4,2 миллиард доллар сарпталат. Башкача айтканда, бул логистикалык борборду ири деңиз порту менен салыштырууга болот", — деди минкаб төрагасы. Жапаров "Манас" соода-логистикалык шаары заманбап логистикалык борбор гана эмес, инвестициялык ишмердүүлүк үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачкан уникалдуу долбоорго айланарын кошумчалады.
Ушул жылдын 9 айында Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Москвадагы өкүлчүлүгү 557 кыргызстандыкка 39 млн 300 миң рубль өлчөмүндө төлөнбөй калган эмгек акысын алууга жардам көрсөттү. Ведомстводон маалымдашкандай, өкүлчүлүк Кыргызстандын дагы 7 жаранына жумуштан алган жаракатынан улам ден соолугуна келтирилген зыян үчүн 2,6 млн рубль кенемте өндүрүүгө жардам берди. Өкүлчүлүктүн кызматкерлери Кыргызстандын жарандарынын укуктарын коргоо максатында 107 жарандын укуктарын коргоо боюнча 32 соттук отурумга катышты. Кыргызстандын 134 жаранынын сөөгүн мекенине жеткирүүгө байланыштуу 9 млн 500 миң рубль өлчөмүндө компенсация төлөндү. Россия Федерациясынын миграциялык мыйзамдарынын маселелери боюнча 7 миңден ашык кыргызстандыкка жеке жана телефон аркылуу консультация берилди.
Токаев Астанадагы аналитикалык борборлор форумунун пленардык жыйынында орус-украин чатагын жөнгө салуу маселеси боюнча сүйлөдү. Бул тууралуу Sputnik Казакстан жазды. "Мен канцлер Шольц менен сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө да Россияны аскердик жактан жеңүү мүмкүн эмес экенин айткам. Буга Россиянын аскердик кубаты, өлкө калкынын президент Путиндин саясатын колдогону жана тарыхтын өзү далил. Ошондуктан биз тынчтык жолу менен жөнгө салуунун жолдорун издөөнү жана бардык мамлекеттердин, анын ичинде Кытай менен Бразилиянын реалдуу пландарын колдоону зарыл деп эсептейбиз. Башка жол жок", — деди Токаев. Ал ошондой эле Казакстан орто державалардын үнүн эл аралык форумдарда, анын ичинде БУУнун Коопсуздук кеңешинде да коргой турганын белгиледи.
Жаңылыктар түрмөгү
0