00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
11:56
4 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Максимальный репост
Договор, сроки и земля - юрист о том как проверить новостройку до подписания документов
10:04
51 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Жаштардын демилгелерин мамлекет колдоого алат. Республикалык конкурс башталды
11:04
48 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Кыргызстан адаптируется к климату: как работает стратегия до 2030 года
12:05
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
Страна, которую принято не понимать - старт большого цикла бесед о России
14:04
53 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
Туризм тармагындагы заманбап санариптик чечимдер: ЕАЭБ өлкөлөрүнүн тажрыйбасы
15:04
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
Лето без кондиционера: эксперт по энергоэффективности о простых решениях
16:04
46 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Көз мончок
Бырыштар менен күрөшүүдө сак болуңуз — косметологиянын курмандыгы болуп калбоо үчүн эмнелерге көңүл буруу керек?
17:04
47 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Стоп-кадр
Нурбек Иманов, Бишкек эл аралык кинофестивалынын PR-директору
19:06
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Будь в курсе
Зачем успешные руководители снова садятся за парту - рассказывает профессор РАНХиГС
20:06
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Туризм тармагындагы заманбап санариптик чечимдер: ЕАЭБ өлкөлөрүнүн тажрыйбасы
21:05
46 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1
Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

"Росатомдун" көмөгү менен молекулярдуу борбор ачылат

© Sputnik / Кенжебай СатканалиевУлуттук онкология борборунун өзөктүк медицина бөлүмүнүн дарыгери Дүйшөнбек Нурдинов
Улуттук онкология борборунун өзөктүк медицина бөлүмүнүн дарыгери Дүйшөнбек Нурдинов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.10.2024
Жазылуу
Улуттук онкология борборунун өзөктүк медицина бөлүмүнүн дарыгери Дүйшөнбек Нурдинов "Росатомдун" көмөгү менен өлкөдө кайрадан жанданып жаткан өзөктүк медицинанын абалы тууралуу айтты.
Кыргызстанда өзөктүк медицинаны жандантуу үчүн Кыргызстан "Росатом" мамлекеттик корпорациясы жана МАГАТЭ эл аралык агенттиги менен үч тараптуу меморандум түзгөн. Бул тууралуу Дүйшөнбек Нурдинов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
"Росатомдун" көмөгү менен молекулярдуу борбор ачылат
Анын айтымында, учурда Улуттук онкология борборунун өзөктүк медицина бөлүмүндө сөөктүн залалдуу шишиктерин изилдөө жүргүзүлүп жатат.

"Өзөктүк медицина — негизи радиоактивдүү изотопторду колдонуу менен диагностиканын жана дарылоонун заманбап багыттарынын бири. Биздин Улуттук онкология жана гематология борборунун өзөктүк медицина бөлүмүндө радионуклиддик изилдөө жүргүзүлөт. Ал бизге залалдуу шишик ооруларын эртерээк аныктоого жардам берет. 2011-жылы эле өзөктүк медицинага көңүл буруу башталып, МАГАТЭ (өзөктүк энергия жаатындагы эл аралык агенттик) тарабынан бир фотондуу эмиссиондук компьютердик томография коюлган. Кичинеден иш башталып келе жатканда, тилекке каршы, коронавирус пандемиясы болуп калды. Ошону менен токтоп, кайра башталып жатып иш ойдогудай жүргөн эмес. Эми "Росатом", МАГАТЭ жана Кыргызстандын ортосундагы үч тараптуу меморандумдун алкагында бир фотондуу эмиссиондук компьютердик томографиянын иштешин көргөзүп, үйрөткөн адистер келип бузулган тетиктерин жаңыртып, жабдыкты ишке киргизди. Быйыл июль айында өзөктүк медицина бөлүмү ачылып, учурда бейтаптарга алгачкы изилдөөлөрдү өткөрдүк. Азырынча сөөктүн залалдуу шишиктерин гана изилдей алабыз. Анткени бизге радиоизотоп жана генератор керек. Меморандумдун биринчи этабында өзөктүк медицина бөлүмүн ачуу каралса, экинчи этабында "Росатомдун" көмөгү менен бөлүмдүн базасында чоң молекулярдуу борбор ачылат. Ошондо бизде радиоизотоп жана генератор чыгаруу мүмкүнчүлүгү жаралат", — деди Нурдинов.

Ал радиоизотоп жана генератор чыгарыла баштаса залалдуу шишиктердин түрүн дарылоого жол ачылмактыгын кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0