00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
6 мин
Жаңылыктар
07:00
4 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:00
4 мин
Ачык кеп
Өлкөдө эмчек рагы жашарып баратат — өспүрүм кыздардан да аныкталып жатабы?
23:05
42 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Жазылуу
"Кыргыз темир жолуна" кант кызылчасын ташуу үчүн вагон менен үзгүлтүксүз камсыздоо тапшырмасы коюлду. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти.Маалыматка ылайык, чечим кызылча кабыл алуу пунктуларында кампалардын аянты чектелүү болгондон улам кабыл алынган."Быйыл кант кызылчасынын түшүмү эң жогорку көрсөткүчтө (рекорддук) экендигин эске алып, кабыл алуу пунктуларында вагондордун токтоп тургандыгы үчүн айып пулду жеңилдетүү тапшырылды. Ошону менен бирге кант кызылчасын кабыл алуу убактысын эки саатка узартуу боюнча чечим чыкты", — деп айтылат маалыматта.Министрлик 15-октябрга карата 350,6 миң тонна кант кызылчасы кабыл алынып, бул быйылкы түшүмдүн 40 пайызга жакыны экенин белгилешти."1-октябрдан тартып кант кызылчасы Кемин, Токмок, Ивановка, Кант, Сокулук, Беловодское жана Талас облусунда жайгашкан Маймак пунктунда кабыл алынууда. Алар күчөтүлгөн тартипте, эртең мененки саат 08.00дөн кечки 20.00гө чейин дем алышсыз иштешүүдө", — дешти министрликтен.
Бишкекте 22-октябрдан баштап жылуулук берүү пландалууда. Бул тууралуу энергетика министри Таалайбек Ибраев парламентте билдирди.Анын айтымында, эч качан жылуулук мынча эрте берилген эмес."Бишкек ЖЭБдин директору 4-блокту кое бергенин айтып чалды. 22-октябрдан баштап, буюрса, жылуулук бере баштайбыз. 300-350 мегаваттка чейин көтөрөм деп жатат. Быйыл эрте баштап жатабыз. Мынчалык эрте эч качан берген эмеспиз. Метеорологдор аба ырайы төмөндөй турганын айтышты", — деди Ибраев.Эске сала кетсек, адатта борбор калаада аба ырайы беш сутка катары менен 8 градустан төмөн болсо жылуулук берилет. Жылытуу алгач бала бакча, мектеп жана башка социалдык объектилерден башталат.
Россиянын Москва жана Санкт-Петербург шаарларында Кыргызстандын маданият күндөрү өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.Кабарга ылайык, иш-чара 18-22-октябрда болуп, Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы достук жана маданий алакаларды чыңдоого багытталган. Программасы: 18-октябрь — кино күндөрүнүн ачылышы, Москвадагы "Поклонка" кинотеатрында белгилүү кыргыз тасмалары көрсөтүлөт; 19-октябрь — Осмонакун Ибраимовдун китебинин бет ачары жана Кыргызстан менен Россиянын интеллигенциясынын форуму, кыргыз сүрөтчүлөрүнүн көргөзмөсү, "Кылымдар мурасы" көргөзмөсү болот; 20-октябрь — гала-концерт, мекендештер менен жолугушуу, "Саадат какты" спектакли көрсөтүлөт; 22-октябрь — Чыңгыз Айтматовго арналган спектакль, кыргыз искусство чеберлеринин концерти жана маданий концерт уюштурулат. Бул иш-чаралар Кыргызстандын маданиятын жана тарыхый мурасын Россиянын жашоочуларына таанытуу үчүн уникалдуу мүмкүнчүлүк түзөрү белгиленген.
Россияны күч менен элдешүүгө мажбурлоо демилгеси анчейин ишеним жаратпай турат. Бул тууралуу Евробиримдик дипломатиясынын башчысы Жозеп Боррель Люксембургда ЕБ ТИМ Кеңешинин жыйынынан соң айтканын РИА Новости жазды. РФ ТИМинин башчысы Сергей Лавров украин жаңжалын басуу жаатында сунуш түшпөгөнүн, анткен менен Батыш ЖМКларында бул боюнча байма-бай айтылып жатканын белгилеген. Июнда Россия президенти Владимир Путин абалды жөнгө салуу жолун айткан: Украина аскер күчтөрү Россиянын жаңы аймактарынан толугу менен чыгып кеткенден кийин Москва дароо ок атууну токтотуп, сүйлөшүүгө даярдыгын билдирет.
Жаңылыктар түрмөгү
0