00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:00
3 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
4 мин
Ежедневные новости
12:00
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:00
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:00
4 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:00
4 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Жазылуу
Кыргызстан менен Евразиялык экономикалык биримдикке мүчө мамлекеттердин ортосундагы сооданын көлөмү өсүүдө. Статкомдун маалыматы боюнча, 2024-жылдын январь-август айларына карата сооданын көлөмү 3,2 миллиард долларды түзгөн. Бул көрсөткүч өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 8,8 пайызга көп. Сооданын орчундуу үлүшү Россия менен, анда 71,2 пайызды түзөт, андай кийин эле Казакстан менен пайыздык көрсөткүч 26,9ду түзөт.
Балдарды интернеттеги терс маалыматтардан коргоого багытталган мыйзам долбоору сунушталды. Аны Санариптик өнүктүрүү министрлиги иштеп чыгып, коомдук талкууга жайгаштырды. Анда учурда ар бир бала телефон, компьютер, планшет сыяктуу гаджеттер аркылуу интернетке кире алары жана аларды терс маалыматтардан коргоо актуалдуулугу күч алганы жазылган. Ал эми байланыш операторлору кызмат көрсөтүүгө жоопкерчилик алат, бирок үчүнчү тарап тараткан маалыматтын мазмунун көзөмөлдөбөсү, мындан улам балдардын коопсуздугун камсыздоо үчүн кошумча каражаттарды колдонуу зарылдыгы белгиленүүдө. Ошондой эле байланыш сырдуулугу Конституция менен корголгонун эске алып, операторлор маалыматтардын мазмунуна кийлигишпей турганы кошумчаланган.
Ысык-Көлдүн Темировка айылындагы селден жабыркагандар үчүн турак үйлөрдүн курулушу башталды. Бул тууралуу облустук өкүлчүлүктөн билдиришти. Аким Жапарбек Ормоновдун айтымында, Ысык-Көл районунда селден 301 кожолук жабыркап, алардын 29у жараксыз деп табылган. Бул үй-бүлөлөргө 1 миллион сомдон жардам көрсөтүлгөн. Калган жабырлануучулар үйлөрүнүн бузулушуна жараша материалдык жардам алышат. Облус башчысы Уланбек Далиевдин белгилешинче, селдин кесепетин жоюу жана жабырлануучуларга компенсация төлөп берүү максатында мамлекет тарабынан 74 миллион сом бөлүнгөн. Мындан тышкары, мамлекеттик кызматкерлер бир күндүк айлыгын атайын эсепке которуп, демөөрчүлөр жардам көрсөтүүдө. Турак үйлөрдүн курулушу түрк компаниясы тарабынан жүргүзүлөрү кошумчаланды.
Эл аралык мамилелер түп-тамырынан бери өзгөрө турган доорго кирди. Бул тууралуу Россия президенти Владимир Путин Ашхабадда билдиргенин РИА Новости жазды. Белгилей кетсек, учурда Түркмөнстандын ордо калаасында түркмөн акыны жана философу Махтумкули Фрагинин 300 жылдыгына арналган "Мезгил менен цивилизациялардын өз ара байланышы — тынчтыктын жана өнүгүүнүн негизи" аттуу эл аралык форум өтүп жатат. "Дүйнөдөгү цивилизациялардын кагылышуусу, улуттар жана диний аралык чыр-чатактар болуп көрбөгөндөй чоң кооптуулуктарды жаратууда. Ошол эле учурда эл аралык мамилелер түп-тамырынан бери өзгөрүп, бүтүндөй планетанын көп түрдүүлүгүн чагылдырган жаңы дүйнө тартиби түзүлүп жатат", — деди РФ лидери. Путин бул табигый, өзгөртүүгө болбой турганы процесс экенин белгилеген. Улуу акын Махтумкули Фрагинин чыгармачылыгына токтолуп, президент ойчул аруулукка, адилеттүүлүккө жана мамлекеттер менен улуттар арасындагы тең укуктуу мамилеге чакырып келгенин, достукту жана ынак коңшулук алаканы даңазалаганын айтты. Россия лидери бул идеялар акыл токтоткон адамдардын баарына түшүнүктүү экенин, бүгүнкү оңой эмес кырдаалда актуалдуулугу артып жатканын белгилеген.
Жаңылыктар түрмөгү
0