https://sputnik.kg/20241009/kyrgyzstan-batken-maarake-1089315662.html
Баткен облусуна 25 жыл. Мааракеге карата аймакта эмне иш-чара өтөт?
Баткен облусуна 25 жыл. Мааракеге карата аймакта эмне иш-чара өтөт?
Sputnik Кыргызстан
Маараке үч күнгө созулуп, бул убакытта ар кандай маданий, экономикалык жана илимий иш-чаралар болот. 09.10.2024, Sputnik Кыргызстан
2024-10-09T08:36+0600
2024-10-09T08:36+0600
2024-10-09T08:36+0600
кыргызстан
баткен
маараке
илим
маданият
концерт
https://sputnik.kg/img/07e6/05/0d/1064379661_251:673:2048:1684_1920x0_80_0_0_0bd1c9d38e120bd59f01d3974b373671.jpg
БИШКЕК, 9-окт. — Sputnik. Баткен облусунун түзүлгөндүгүнүн 25 жылдыгына карата эмне иш-чаралар пландалганын өкүлчүлүктөн билдиришти.Маалыматка ылайык, маараке үч күнгө созулуп, бул убакытта ар кандай маданий, экономикалык жана илимий иш-чаралар өтөт.Пландалган иш-чаралардын тизмеси:14-октябрда Баткен облусунун 25 жылдыгына карата жер-жерлерде 25 объектинин ачылуу аземи өтөт.
https://sputnik.kg/20241008/kyrgyzstan-batken-maarake-obyekt-1089314195.html
баткен
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2024
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e6/05/0d/1064379661_258:610:2006:1921_1920x0_80_0_0_fdb61ccd99575007b8f893d975dc1da4.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, баткен, маараке, илим, маданият, концерт
кыргызстан, баткен, маараке, илим, маданият, концерт
Баткен облусуна 25 жыл. Мааракеге карата аймакта эмне иш-чара өтөт?
Маараке үч күнгө созулуп, бул убакытта ар кандай маданий, экономикалык жана илимий иш-чаралар болот.
БИШКЕК, 9-окт. — Sputnik. Баткен облусунун түзүлгөндүгүнүн 25 жылдыгына карата эмне иш-чаралар пландалганын өкүлчүлүктөн билдиришти.
Маалыматка ылайык, маараке үч күнгө созулуп, бул убакытта ар кандай маданий, экономикалык жана илимий иш-чаралар өтөт.
Пландалган иш-чаралардын тизмеси:
12-октябрда саат 9:30да Апаз Жайнаков атындагы Баткен облустук музыкалык-драма театрынын алдында ишкерлердин жана бизнес-өнөктөштөрдүн көргөзмө-жарманкеси башталат;
саат 10:30да "Баткендин өнүгүүсү — өлкөнүн өнүгүүсү" аталышында эл аралык инвестициялык форум өтөт;
13-октябрда 9:30да Апаз Жайнаков атындагы музыкалык-драма театрынын алдында Баткен облусунун аймагындагы жогорку окуу жайларынын жетишкендиктери жөнүндө көргөзмө өтөт;
10:00дө Апаз Жайнаков атындагы музыкалык-драма театрында илимий-практикалык конференция болот;
10:00дө Баткен шаарындагы борбордук стадиондо улуттук классикалык кыргыз күрөшү боюнча мелдеш башталат. Баш байге — автоунаа;
15:00дө борбордук стадиондо боз үйлөрдүн, улуттук кол өнөрчүлүк жана улуттук тамак-аш көргөзмөсү уюштурулат;
17:00дө борбордук стадиондо майрамдын салтанаттуу бөлүгү башталат. Анын алкагында театрлаштырылган көрүнүш, жетекчилердин расмий куттуктоосу, эстрада жылдыздарынын катышуусундагы гала-концерт, майрамдык салют болот.
14-октябрда Баткен облусунун 25 жылдыгына карата жер-жерлерде 25 объектинин ачылуу аземи өтөт.

8 Тогуздун айы 2024, 16:05