00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:00
4 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Экономикалык панорама
17:04
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Модернизация КПП и зарплаты пограничников — интервью с директором пограничной службы ГКНБ
18:06
51 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
3 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Жазылуу
Бишкек шаардык мэриясы коомдук транспортто накталай төлөнгөн жол кирени көтөрүүнү сунуштоодо. Муниципалитет автобустар менен троллейбустарда жол кире акысы накталай эмес түрдө 17 сом, накталай 20 сом экенин эске салды. Ортодогу айырма болгону үч сомду түзөт. Калкты электрондук жол кире төлөм системасын колдонууга кызыктыруу максатында накталай жол кире акысын көбөйтүү сунушталууда. Бирок канчага жогорулатуу керектиги көрсөтүлгөн эмес. Мэриянын маалыматы боюнча, бул муниципалдык автотранспорт ишканаларынын экономикалык абалын жакшыртып, түшкөн каражаттын ачыктыгын камсыз кылат. Мындан тышкары, бир жолу төлөп, белгилүү мөөнөткө чейин коомдук транспортто жүрүүгө уруксат берген тарифти киргизүү каралууда.
Ошто курулушта иштеп жаткан 16 жаштагы бала 10-кабаттан кулап кетип, каза болду. Бул тууралуу Ош ОИИБден билдиришти. Маалыматка ылайык, кырсык тууралуу маалымат милицияга 5-октябрь күнү саат 12:00дөр чамасында келип түшкөн. "Ош шаарынын Шамшиев, 1 дарегинде курулуп жаткан көп кабаттуу үйдөн бир адам кулап кеткени кабарланган. Жерине барган тергөөчүлөр каза болгон адам Өзгөндүн 16 жаштагы тургуну, ОшМУнун колледжинин студенти экенин аныкташкан. Алар келишим менен таштандыны тазалоо үчүн убактылуу ишке алынганы белгилүү болду", — деди облустук милициядан. Ошондой эле тергөө жүрүп, бардык тараптарга юридикалык баа берилери кошумчаланды.
«Кыргызстандын улуттук электр тармагы» ишканасынын жетекчисинин орун басары кармалганын Ички иштер министрлигинен кабарлашты. Маалыматка караганда, калкка электр энергиясын керектөө системалары үчүн тетиктерди сатып алууда «Кыргызстандын улуттук электр тармактары» ААК жетекчилигинин коррупциялык схемаларга аралашканы аныкталган. Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 245-беренеси менен кылмыш иши козголду. «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» мыйзам одно бузулуп, сатып алуучу товардын баасына алдын ала мониторинг жүргүзбөстөн тендер өткөрүлгөн. Бир тендер боюнча 25 млн сомдон ашык зыян келтирилгени аныкталды. Иш боюнча табылган далилдердин негизинде кылмышка шектүү катары «Кыргызстандын улуттук электр тармагы» ААКнын башкы директорунун орун басары, 1992-жылы туулган жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Соттун чечими менен эки айга камакка алынды, тергөө иштери уланууда.
Армения Көз карандысыз Мамлекеттердин шериктештигине мүчө өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлеринин Москвада өткөн жыйынынын жыйынтыгы менен кабыл алынган билдирүүлөрдүн экөөнө кошулган жок. Бул тууралуу өлкө ТИМинин маалымат катчысы Ани Бадалян билдиргенин РИА Новости жазды. "Армения "Евразиялык коопсуздукту камсыздоо принциптери тууралуу" жана "Эл аралык мамиледе бир тараптуу чектөөчү чараларды колдонууга жол берилбестиги тууралуу" билдирүүлөргө кошулган жок", — деген Бадалян. КМШ мамлекеттеринин тышкы иштер министрлер кеңешинин жыйыны Москвада дүйшөмбү күнү өттү. Ага утурлай бүгүн КМШ мамлекет башчылар кеңешинин жыйыны болот.
Жаңылыктар түрмөгү
0