БИШКЕК, 29-сен. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров Баткен облусунун Зардалы айылына барганын өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.Мамлекет жетекчиси жергиликтүү жашоочулар менен жолугуп, келерки жылдын жазында калктуу конушка бара турган жолдун курулушу башталарын, андан соң Зардалыны электр энергиясы менен камсыз кылуу боюнча иштер жүргүзүлөрүн айтты.Айыл тургундары президентке ыраазычылык айтып, бул мамлекет башчынын алардын конушуна болгон биринчи сапары экенин белгилешкен.Жашоочулар жолдун, электр энергиясынын жоктугу аймактагы негизги көйгөй экенин билдиришти. Мындан тышкары, уюлдук байланыш маселесин чечүү өтүнүчү менен кайрылышты.Жапаров президенттик администрацияга бул боюнча тиешелүү тапшырмаларды бергени маалымдалды.
Жашоочулар жолдун, электр энергиясынын жоктугу аймактагы негизги көйгөй экенин билдиришти.
БИШКЕК, 29-сен. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров Баткен облусунун Зардалы айылына барганын өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.
Мамлекет жетекчиси жергиликтүү жашоочулар менен жолугуп, келерки жылдын жазында калктуу конушка бара турган жолдун курулушу башталарын, андан соң Зардалыны электр энергиясы менен камсыз кылуу боюнча иштер жүргүзүлөрүн айтты.
Президент КР посетил отдаленное село Зардалы в Баткенской области. 29 сентября 2024 года
Айыл тургундары президентке ыраазычылык айтып, бул мамлекет башчынын алардын конушуна болгон биринчи сапары экенин белгилешкен.
Жашоочулар жолдун, электр энергиясынын жоктугу аймактагы негизги көйгөй экенин билдиришти. Мындан тышкары, уюлдук байланыш маселесин чечүү өтүнүчү менен кайрылышты.
Жапаров президенттик администрацияга бул боюнча тиешелүү тапшырмаларды бергени маалымдалды.